БАЛМУЗДАК ЖАНА АНЫН ДЕСЕРТТЕРИ

Классикалык – каймак май, сүт, крем-брюле, пломбир балмуздагы. Башкы курамы жаныбар майынан (каймак, каймак май жана башка) же өсүмдүк майынан (зайтун, жер жаңгак, жаңгак, күн карама, авокадо жана башка) турат.

Мелорин – негизги курамын өсүмдүк майы түзөт.

Шербет: жумшак балмуздак, негизин жемиш, мөмө, ширелер түзөт.

Жемиш музу (фруктовый лёд) – таякчадагы катуу балмуздак, негизги курамын шире түзөт, адатта сүт кошулбайт.

Муз (строганый) балмуздагы – музга жемиштердин майда кесимдери, жемиш пюреси, сироптору кошулат.

Италия музу – сироптуу жемиш пюресинин тоңдурулганы.

Гранита – кант кошулуп тоңдурулган жемиш музунун же шоколаддын кесектери (колотый).

Желато – жаңгак, шоколад жана жаңы үзүлгөн мөмө-жемиштер кошулган жумшак балмуздак.

Сандей – жемиш, мөмө, шоколад кошулуп жасалган жумшак балмуздак.

Спагетти-айс – көрүнүшү макаронду элестетет.

Dippin` Dots – түркүн түстүү катуу кичинекей шарик-балмуздактар.

Банан сплити – жемиштердин майда кесимдери, сироп, жаңгак, мөмөлөр кошулат.

Жемиш фостери – куурулган жемиштерге май, кант жана башкалар кошулуп жасалат.

Семифредо – мусс сымал пирожный-балмуздак.

Америка парфеси – йогурт, желе, каймактын бир нече катмарынан жасалат.

Фалуде – тамак-аш крахмалынын тоңдурулган жипчелерине шире, кээде мисте кошулуп жасалган балмуздак.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан