Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “АКТЁР КАТАРЫ ПОПУЛЯРДУУ БОЛГУМ КЕЛЧҮ”

Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов маек төрүбүздө болду. Баарлаша элегибизге 10 жылдай болуптур. Куудул жаңы имиджи, жаңы тасмасы, чыгармачылыкта басып өткөн жолу тууралуу кызыктардан кеп салып берди.

– Күмөндөр агай, саламатсызбы? Алгач эле жаңы имиджиңиз тууралуу сурагым келди...

– Сакалды молдо болгонум үчүн же, мода болгону үчүн койгон жокмун. Жаңы тасмага тартылмакмын, ошол ролума байланыштуу сакал коюуга туура келди.

– Жашыруун болбосо, тасмаңар кандай аталат? Эмне жөнүндө? Кимдер ойнойт? Кененирээк айтып берсеңиз.

– Тасманын атын “One день түн” деп англисче, орусча, кыргызча сөздөрдөн алып койдук. Кыргызча мааниси – “Бир күн түн”. Бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелерин камтыган тасма болот деп турабыз. Жанры боюнча – социалдык комедия. Бул тасмага баш-аягы 30дан ашуун актёр-актрисалар тартылып жатат. Мен башкы ролдомун.

Азыр турмушту чагылдырган, күлкүлүү окуяларды камтыган комедия жанрындагы кинолор көп тартылып жатат. Биздики да ошол сыяктуу. Бир айырмачылыгы – КВНдерде ойногон куудул жигиттер менен мурдагы “Мыскыл жана тамашадагы” биздин өкүл, тагыраак айтканда, улуу муун менен кичүү муун биргелешип тартып жатканында. Мурда бирибиз “Тамашонун балдары майдаланып баратат” десек, бирибиз “биз айта турган ойду жарым саат эзилип айтышат” деген сыяктуу көз карашта элек. Биз тарс этмелерди ойношот деп сындаган балдар, калп айткан менен болобу, азыр элге таанымал болушту. Алардын ичинен биздин тасмага Эмил Эсеналиев, Самат Эркинбеков, Жеңиш Майрамбек уулу жана башка таланттуу жигиттер тартылып жатышат. Фильмдин режиссёру Бакыт Мукул. Сценарийин экөөбүз биргелешип жаздык.

Бакыт менин бир тууган иним. Мактанып кетейин, ал режиссёрлук кылган “Атанын керээзи” тасмасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп “А” класстагы Монреаль эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип алды. 40тан ашык эл аралык кино сыйлык утуп, жалаң баш байгелердин ээси болду. Андан кийинки “Акыркы көч” аталышындагы экинчи тасмасы да Таллин шаарында өткөн “А” класстагы кинофестивалга катышты. Индиядан эл аралык фестивалдын баш байгесин утуп келип, ийгиликтерди жаратып жатат. Ал эми азыркы комедия жанрындагы жаңы тасмабызды да бир чети элибизге күлкү тартуулоо, ошол эле учурда фестивалдарга катышуу максатында тартып жатабыз.

– Ийгиликтүү тасма болсун!

– Рахмат!

– Сизди эл куудул, актёр катары таанышат. Жакында “Айылга саякат” аттуу китебиңиз жарык көрдү. Акындык өнөрүңүз бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек?

– Азыркыга чейин өзүмдү акын деп деле эсептебейм. Анча-мынча талант бардыр, бирок акындыкка ниет коюп, баш-отум менен шугулданган эмесмин. Музыкант, актёр, сүрөтчү болгум келчү. Китеп тууралуу айтсам, адам жашы өткөн сайын туулган жерине көбүрөөк тартылып, сагына баштайт экен. Нарынга, айылыма азыр деле көчүп барып алгым келет. Бирок мага ал жактын абасы бийик. 1994-жылы жүрөгүм ооруп калгандыктан Бишкекке көчүп келгем. Бир жолу туулган жериме арнап ыр жаратайын деп обондуу ырга текст жазып жатсам, обондуу ыр эмес эле, окуялар камтылып башкача болуп баратат. “Мынча болду поэма кылып 20 куплеттен ашырып коёюн” десем, дагы окуялар эске түшүп, 5-6 ай ошол ыр менен алек болуп калдым.

Бир жылдары айылыбызга марафон уюштурганбыз. Чортон деген аксакал бар эле. Куйкум сүйлөгөн, кыраакы киши болчу. “Айыл жерин көтөрүү дегениңер мага жакпай турат. Көтөрбөй эле койсоңор кантет? Жөн жаткан айылды көтөрүп, көтөрүп келип, бир маалда колуңар талып кетип, таштап жиберсеңер оңбой калабыз го?” деди эле (күлүп). Аксакалдын ою туура туюлду. Айылга шаардагы цивилизация, диний агымдар, көз карандысыз уюмдар, ыктыярчылар барбаса деген ойду жаздым. Анткени азыр да кыргыздын каада-салты баш болгон асыл өзгөчөлүктөр айылда гана таза сакталып турат. Айылды өнүктүрөбүз деп жатып айылды бузуп алсак, анда кыргызды жоготтук деген кеп. Айылды карайлы, өнүксүн. Бирок өзүнө тиешелүү баалуулуктарды жоготпой өнүксүн деген гана ой.

– Куудулдар союзу түзүлүп, сизди ага директор болот деп жатышат. Бул маалыматтын чын-бышыгын өзүңүздөн уксак.

– 1-апрелде маданият министри Кайрат Иманалиев куудулдар менен жолугушуу өткөрдү. Биздин ой-максаттарыбызды укту. Куудулдук өнөрдү колдогон демөөрчүлөр болсо же өкмөт колдосо өсөт эле. Азыр куудулдар өздөрү жазган чыгармаларды гана аткарып жүрүшөт. Сатирик жазуучулар менен эч ким иштеше элек. Андыктан жазуучуларга сынак уюштуруп, байгесин коюп, гонорарын берип, куудулдар менен сатирик жазуучулардын баштарын бириктириш керек. Ошондо гана эл арасындагы көмүскөдө жаткан сатириктер “мына муну аткарып көрчү” деп жактырган куудулуна сатираларын бере башташат. Ошондо “Кыргыз сатирасы”, “Кыргыз күлкүсү” атыгып, башка элдерге да аты чыгып, өз ордун табат. Болбосо бул тармактагы искусство адамдары такыр эле көңүл сыртында калды. “Эстрада театрын ачалы” деген идея сунуштадык. Министр колдоду. Ошондо кээ бирөө “Күмөндөр директор болот” деген ойдо калды окшойт. Ким болот, билбейм. Ким директор болсо да ишти алып кетсе болду.

– Маектериңиздин биринде сахнанын тили таанылбай баратат деп да айткан экенсиз?...

– Ооба. Тилекке каршы, азыр кээ бир куудулдардын чыкканы пикетке чыккан тажаал аялдар сымал, ошолордун тили менен баратат. Бирөөнү шылдыңдоо, беделине шек келтирүү, үнүн тууроо, маскаралоо сахнанын тили эмес. Сахнадагы сатира, интермедия, пародия болобу тамсилдин тилинде, экинчи линия менен какшык, каймана мааниде, маданияттуу аткарылышы керек. Башка бир окуяны айтымыш болуп жеткириш керек. Эшмат менен Ташматтын урушканын өзүндөй туурап берсем, анын эмнеси чыгарма?

– Атактуулуктун жолу кандай болду?

– Атактуу болом деп тырышып, план түзүп алып киришкен жокмун. “Кантип атактуу болот?” деп, ар кимден сураштырган жокмун. Бирок ошентип сурап, атактуу болууга далалат кылган кишини көрдүм. 1987-жылы Нарын театры Москванын кичи театрына 7-8 спектакль менен барып, 10 күндүк декада өткөрдү. Ошондо Москвадагы Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайда окуп жаткан кыргыз тайпасынын улан-кыздары да биз ойногон спектаклдердин көпчүлүк сахналарында биз менен бирге катышып беришкен эле. Бир күнү ошол Щепкинде окуган бир жигит тамеки чегип турсам деле, сахнада турсам деле жанымдан кетпей, мени кечке карай берди. Бир маалда “иним, эмне карап жатасың, дем ала албай тумчугуп кеттим” десем, “байке, суктанып эле карап жатам. Сизге бир суроо берсем болобу?” дейт. “Бер” десем, “канткенде популярдуу болсо болот?” дейт. Көрсө, анын максаты популярдуу болуу экен. “Кантип болорун билбейм. Балким, жакшы иштеп, жакшы аткарган чыгармын. Бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн” деген элем. Ошол бала кийин актёр болуп иштеген да жок. Ырчы болуп деле кыйраткан жок. Бирок популярдуу болду. Ырчы кызга үйлөндү. Чыгармачылыгы жакшыбы, жаманбы, аны эл билет, анткен менен максатына жетти.

Мен актёрлук кесибим аркылуу популярдуу болгум келген эле. Анткени театрдын сахнасын чоң сахна деп ойлойм. Актёрлугум деле Кудайга шүгүр. Мактанып жаткандык эмес. Азыркыга чейин элдин эсинде калган ролдорум бар. Башкы ролдордун көбүн аткардым. 1993-жылы Кыргыз театр коомунун “Жылдын мыкты актёру” сыйлыгын Токтоболот Абдумомуновдун өз колунан алгам. Анын спектаклинде Мамырдын ролун аткарганым үчүн.

– Кезинде 8 ай гастролдо жүргөн учуруңуз болуптур. Гастроль сизге эмне берди?

– Театрга эртең менен келип, кечинде кетип жүргөндө баары тең маданияттуу, адептүү, сылык боло алышат. Ал эми гастролго чыкканда кимдин ким экени даана билинет. Адам такай өзүн кармап чыңалуу менен жүрө албайт. Сөзсүз жаңылышат, пендечилик кылышат, аялы менен урушат, иши кылып картасын ачып салышат. Ачка-ток болосуң. Достошконго да, алыс жүргөнгө да шарт түзүлөт. Жаман деп жүргөн кишинин жакшы жактары ачылат. “Патриот, ак көңүл турбайбы, ичинде кири жок экен. А бул жеткен арамза экен” деп ар кимдин чыныгы жүзүн көрөсүң. Гастролдо Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Сейитказы Андабеков, Сагыйпа Чечейбаева, Тамара Жумакаева сыяктуу залкар эже-агайларыбыз менен бирге жүрүп, алардын акыл-насааттарына сугарылдым.

– Агай, маегиңизге рахмат! Ден соолукта жүрүңүз.

Динара Абдыкадырова

 Кыстарылган видео 
Күмөндөр Абылов: “Чыгармачыл адамдын бизнесмен болуп кеткенин көрө элекмин”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nur85
2021-05-04 09:00:33
Абдымалик Шерматовду айткан окшойт, популярдуу болгусу келген адам жөнүндө айтканда
+2
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан