БИР БҮРКҮМ. 20 МИҢ АДАМ ЭМДӨӨДӨН ӨТТҮ...

  • Өлкөгө май айында 400 миң доза AstraZeneca вакцинасы алынып келинери айтылды.
  • Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүү үчүн арыз жазды.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Бакчиев мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырды.
  • 28-апрелде Бишкекте Башкы прокуратуранын алдында чакан бизнестеги бут тосууларды жоюу талабы менен ондогон жарандар митингге чыгышты.
  • 28-апрелге карата Кыргызстанда 20 458 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
  • Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Усеин Касмалиев коронавирустан каза тапты.
  • Жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.
  • Медетбек Жумаев “Ош электр” ишканасынын башчысы болуп дайындалды.
  • 1-майдан тарта Жалал-Абад облусунда орто мектептер онлайн форматта иштөөгө өткөрүлөт, 9-11-класстын окуучулары гана кадимки режимде окушат.
  • Мамасадык Бакиров Жогорку Кеңешке депутат болуп бекитилди.
  • 28-апрелде Бишкекте 11-апрелде өткөн шаардык кеңештин шайлоосунан четтетилген КЭДП партиясынын тарапташтары митингге чыгышты.
  • Кыргыз мамлекети алдамчылыкка шектелген Кытай жаранын өз өлкөсүнө өткөрүп берди.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан