ТАЖИК АСКЕРЛЕРИ УУРДАП КЕТКЕН 2 ЖИГИТ:“УКТАП ЖАТСАК БЕТ КАПЧАН 5 АДАМ КЕЛИП САБАП КИРИШТИ”

23-апрель күнү түндө Лейлек районуна караштуу Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жарандары түн ичинде ур-токмокко алып, Тажикстандын аймагына алып кирип кетишкен. Жергиликтүү эл чуу түшүп, эртеси кечке жуук гана балдарды коё беришти. Туткун болгон 2 жигитти таап байланыштык, алар окуя кандай болгонун, кармап кеткендер кандай талаптарды коюшканын айтып беришти.

ТАЖИКСТАНГА НОТА ТАПШЫРЫЛДЫ

26-апрелде Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргыз жериндеги элчиси Назирмад Ализода менен жолугуп, ага нааразычылык нотасын тапшырды.

"Ушул жылдын 24-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстандын эки жаранын уурдоого байланыштуу жасалган укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерге Кыргыз тарап тынчсызданууда. Чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл. Учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нукта диалог аркылуу чечилиши керек",- деди Ниязалиев Тажик элчисине.

“ТЕРГӨӨ ИШТЕРИ УЛАНУУДА”

Баткен ОИИББи бул окуя тергелип жатканын билдирди:

– Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылынын тургундары 2002-жылы туулган Дастанбек Ашрапов жана 2000-жылы туулган Кубатбек Каныбек уулу чек арага жакын жердеги цехтин курулушунда иштеп жүргөн. 23-апрель түнү курулуш материалдарын уурдап кетишпесин деп кайтарып жатышкан. 24-апрель күнү эртең мененки тамактанууга үйлөрүнө барган эмес. Дастанбек Ашраповдун апасынын "балдарыбызды тапканга жардам бергиле" деген видеосу ошол күнү элге тарады.

Бул факт Лейлек РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси (киши уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Соттук өндүрүш ишинин алкагында Лейлек РИИБи тарабынан ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ыкчам иликтөө иштери жүрүп баштаган.

Кыргыз-Тажик бийлик органдарынын сүйлөшүүсүнүн негизинде уурдалган Дастанбек Ашрапов менен Кубатбек Каныбек уулун Тажикстандын чек ара кызматы Кыргыз чек арачыларына өткөрүп берген.

Лейлек РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Дастанбек Ашрапов менен Кубатбек Каныбек уулунун алган жаракаттарынын канчалык оордугун аныктоо боюнча экспертизалар дайындалып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

“ТАЖИК ТАРАП КАНДЫН ИЗИН КӨРГӨНДӨ ГАНА МОЮНГА АЛДЫ”

Бул окуя тууралуу Дастанбек Ашраповдун апасы Махабат Ашрапова "интернетке жар салбаганда балдарымдын кайтып келиши күмөн эле" дейт:

–Уурдалган балдардын бири менин уулум, экинчиси эжемдин баласы. Эски-Оочу айылынын түштүк тарабына тигүү цехин куруп жатканбыз. Бул аймак Тажикстандын Гафуров районуна жакын жайгашкан. Түн ичинде Тажик жарандары келип эки баланы алып кетишиптир. Эртең менен барып карасам балдар ордунда жок экен, кийим-кечектери жана телефондору ордуларында калыптыр. Тегерек-четти карасам баары-жогу кан. Ызылдап, айылдаштарды жардамга чакырдым. Балдарды канжалатып сүйрөп кетишиптир. Кандын изи менен Тажикстандын чек арасына чейин бардык. Алгач чек арачылар “билбейбиз, көргөн жокпуз” дешти. Бирок кандын изин көрүшкөндөн кийин моюнга алышты. Алардын чек арасын аскерлер курал-жарактары менен кайтарып турушат. Биздин чек аранын ушул бөлүгүн эч ким кайтарбайт. Лейлектин чоңдору, милиция кызматкерлери тажиктерден коркушабы билбейм, бир нерсе болсо эле шылтоо айтып, ишти жаап коюшат. Мен ушуну билгендиктен видео тартып интернетке тараттым. Элге жарыялабасам балдарды табууга көзүм жетпей турган. Жок дегенде бир чек арачы коюп бергиле, бизди коргоп берсин деп жалынып жүрөбүз.

2010-жылдан бери жерибизди четинен Тажик жарандары ээлеп келе жатышат. Балдардын уурдалышы, физикалык жана моралдык зомбулукка учурашы боюнча арыз жазалы десек, “бул мамлекеттик иш болуп жатат, өзүбүз териштиребиз” дешти. Эми биздин үнүбүздү ким угат? Же ушинтип жабыркап кала беребизби, билбейм.

“САБАГАНЫБЫЗ ТУУРАЛУУ ООЗ АЧПАГЫЛА ДЕП ТАЛАП КОЮШТУ”

Тажик жарандары алып кеткен балдардын бири Дастанбек Ашрапов катуу сабап, кыйнашты дейт:

–23-апрелден 24-апрелге караган түнү саат бир жарым чамасында чатырдын ичинде уктап жатсак 5 тажик жараны кирип келип, ур-токмокко ала баштады. Баары бет кап тагынып алышкан экен. Оозу-мурдубуздан кан кетти. Футболкаларыбызды чечип көзүбүздү байлады да, кийимсиз эле сүйрөп жөнөштү. Тажикстандын чек ара постуна жеткенде көзүбүздү чечишти да, андан ары унаа менен өздөрүнүн аскердик бөлүгүнө алып барышты. Ал жерден “силер эмне себептен биздин жерге үй салып жатасыңар?” деп 2-3 саат тынымсыз тепкилешти. Өздөрү тажик тилинде сүйлөшкөнү менен, бизге орус тилинде кайрылып жатышты. Таң атып калганда колу-бетибизди жуудуруп, андан соң ооруканага алып барып текшертишти. Ал жерден деле уруп-согуп сурак алып жатышты. Цех ким тарабынан курулуп жатканына чейин сурап, өздөрүнө жазып алышты. Анан кайрадан чек арага алып келип, түндө жылаңач алып кеткендиктен бизге башка кийимдерди берип, чыгарып жиберишти. “Уруп-сокконубуз тууралуу ооз ачпагыла” деген талап коюшту.

“ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН БУЛ ЖОРУГУ ЖАЗАСЫЗ КАЛБАШЫ КЕРЕК”

Кубатбек Каныбек уулу катуу соккудан улам эсин жоготуп койгонун айтат:

–Мен уктап жатсам бирөө келип бутумду кармады. Чочуп кетип карасам бирөөсү көзгө сокту. Эсимди жоготуп коюпмун, бир кезде өзүмө келсем бир жакка сүйрөп бара жатышкан экен. Жардам сурап кыйкырсам бирөөсү башка тепти. Чек арага жеткенден кийин колу-бутубузду байлап, Тажикстанга алып кирип кетишти. Өздөрүнүн аскердик бөлүгүнө алып барышкандан кийин темир менен башка чаап, белге тээп, болушунча сабашты. Суракка алып Кыргызстандын жерин биздин жер деп жатышты. Бир маалда чоңдору бизге жакшы сүйлөп, өздөрүнө видео отчёт жасап алышты. Тажик аскерлеринин бул жоругу жазасыз калбашы керек.

Бизди биздин чек арадан өткөргөндөн кийин көп өтпөй ооруканага алып кетишти.

“ООРУКАНАДА 10 КҮН ДАРЫЛАНЫШАТ”

Эки жигит дарыланып жаткан Кулунду айылындагы Жалпы дарыгердик-практикалык борбордун башкы врачы Пулат Абдымановдон балдардын абалы боюнча 26-апрелде маалымат алдык:

– Жигиттер ар кандай соккудан улам жаман абалда ооруканага түшүшкөн. Учурда алардын абалы туруктуу, эч кандай коркунуч жок. Бирөө башынан катуу жаракат алган. Анын башын компьютердик томографиядан тарттыруу үчүн Баткен шаарына жөнөтүп жатабыз. Дары-дармектер, тамак-аш берилип жатат. Алар ооруканада 10 күн дарыланышат.

Мындай окуялар Кыргыз-Тажик чек ара маселесин тезирээк чечүү зарыл экенин көрсөтүүдө. Тынч, бейкапар жашоону тилеген элдин деле аргасы түгөнүп баратат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
serche
2021-05-03 12:53:10
Кудай баарын коруп турат, фашисттер.
+3
Luna7
2021-05-03 13:37:45
Айтайн десең сөз таппайсың,жакшылык көрбөй калгыр жөөттөр,сабаган тепкилеген колу бутуңар шал болуп калса экен
+3
bond0202
2021-05-03 15:46:14
Оз элин коргой албаган бийдиктин эмне кереги бар.дагы уялбай илгертеден дос элбиз.достугубуз бузулбасын сабыр кылайлы деп олтурушат бети жоктор.
+1
Yahoo
2021-05-06 20:02:37
Менимче орустар да ушинтип сынап королучу эмне кыла алат экен деп суйлошсо керек..Кандай болгон учурда да Рахмон менен Путин 30 жылдан бери уурдаса да жесе да окмот башында келе жатышат.Улам эле президеннтерин алмаштыршат кыйындарды королучу деген окшойт.Ортодон карапайм калк жабыркады.Аманчылык болсун!
+1
sunai87
2021-05-07 12:10:33
алла жазалап жери оодарылып астына кирип кетсин жер жуткур тажиктер убал урсун уругунар курусун кутурган иттер
бийликтегилер чек араны тез арада так чечип чымын киргыс кылып тоспосо улам кол сала берет бул нахалдар ойлон бийлик ойлон кыргыз
+2
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан