АЗ УБАКЫТТА КӨП МАЯНАЛУУ КЕСИПТИН ЭЭСИ БОЛУҢУЗ

Окуу жылы аяктаарына саналуу гана күндөр калды. Мектепти аяктап жаткан ар бир окуучу “кайсы окуу жайга тапшырсам, кайсы кесипти тандасам?” деп ойлонуп жаткан учур. Кесиптин ээси болуу үчүн жылдарды жана каражатты бекерге коротуунун кажети жок. Технология күндөн-күнгө өнүгүп жатат. IT-адистерине дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да суроо-талап жогору. Айрым кесип ээлери жумушсуз отурса, IT-тармагындагы айрым орундар адистерди айлап таппай келет. Биз сиздерге IT-тармагы тууралуу маалымат берели дедик.

IT-АДИСИ БУЛ КИМ?

Маалыматтык технология жашообуздун бардык тармагын ээлеп, санариптештирүү доорунда жашап жаткандыгыбызга байланыштуу IT-адистерине суроо-талап жогору. Бүгүнкү күндө медицина, билим берүү, өнөр жай, банк, соода түйүндөр, айтор, мобилдик электрондук түзүмдөр, технологиялар менен жабдылган мекемелердин баары, биздин гаджеттер да атайын программалардын негизинде иштейт. Булардын иши IT-адистерисиз токтоп калат. Сиз дагы IT-жаатында өзүңүзгө ылайыктуу багытты тандап, кадыр-барктуу, жогорку маяналуу кесиптин ээси болсоңуз болот. IT десе эле код же программа жазууну түшүнбөш керек. Бул ичине көптөгөн багытты камтыйт. Ар кандай IT продуктту иштеп чыгуу долбоор жана продукт менеджерлигинен башталат. Алар кардарлар менен сүйлөшөт, техникалык тапшырмаларды түзүшөт, бардык процессти көзөмөлдөйт. Мыкты жасалга болушу үчүн даярдалып жаткан өнүмдү UX/UI дизайнерлерге тапшырат. Дизайны даяр болгон соң разработчиктер код жазышат. Продукт иштөөгө даяр болгондо тестировщиктер продукттун кодундагы каталарды текшеришет. Деги эле маалыматтык технология жаатында иш алып барган кызматкерлердин баары IT-адистери болуп саналат.

ЧОҢДОР ҮЧҮН НАТЫЙЖАЛУУ КУРСТАР (16 жаштан жогору)

Мектептин бүтүрүүчүлөрү жана 10-11-класстын окуучулары үчүн Codify IT академиясы атайын интенсивдүү курстарын сунуштайт:

Үч ай бою 5 күн, 8 сааттан окуган студенттер HTML/CSS сайттарынын түзүмүн, JavaScript программалоо тилин жана React программалык платформасын үйрөнөт. 1 жарым, 2 айдан кийин студенттер чыныгы долбоорлордо иштеп өздөрүн сынашат. Бул курс сизге төмөнкүчө кошумча пайда бере алат:

- IT англис тили курсу

- IT карьераны өнүктүрүү курсу

- IT чөйрөсүндөгү башка адистер менен таанышуу

- Codify`дын өнүктүрүү студияларынан практика өтүү

- 1-2 долбоор менен портфолио түзүү

- Ар түрдүү IT иш-чараларына катышуу

3 айда бир компанияда же үйдө жатып аралыктан иштей турган адис болууга толук мүмкүн. Codify академиясынын программасында кызмат менен камсыздоо жааты да каралган.

БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ КУРСТАР (6-16 жаш)

Балдарды эрте жашында программалоо боюнча курстарга берүү – бул замандын талабы. Анимация түзүү менен балаңыздын чыгармачылык жөндөмү, өзү түзгөн программалардын каталарын издөө менен интеллекти, ой жүгүртүүсү өсөт. Келечекте өзүнө ылайыктуу кесипти аныктай алат. IT чөйрөсүндө аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Балаңыздын IT-жаатында сапаттуу билим алышын кааласаңыз, анда сиздер үчүн Codify академиясы жайкы каникулга карата “2 курс 1 курстун баасында” боло турган арзандатуу киргизди:

Сайттарды түзүү + графикалык дизайн

Оюндарды иштеп чыгуу + Scratch (программалоо тили)

Санариптик живопись + графикалык дизайн

Бонус үчүн: IT англис тили курсу

CodifyLab академиясына байланышуу үчүн:

0550 431 430

0500 431 430

0770 431 430

Инстаграм:

codifylab.kg

codify.teens

codify.lms

Сайт: www.codifylab.com

Дареги:

Исанов көчөсү, 105/3, 1-кабат

Асанбай, 27/1, Ololo Ormonkhan

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан