«АТАНЫН ТАГДЫРЫН» ЖАРАТКАН АЛП БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ КАЗА БОЛДУ. АРТЫНАН БАЙБИЧЕСИ ДА КЕТТИ...

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» орденинин жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиев 25-апрелде 85 жаш курагында дүйнө салды. 2 күндөн кийин байбичеси Сабира Турсункулова ооруканада көз жумду. Жубайлар 65 жыл чогуу өмүр сүрүп, эки уул, бир кызды тарбиялашкан. Алп инсанды жана жубайын санаалаштары эскеришет.

АДАБИЯТТЫН АЛПЫ ТУУРАЛУУ

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган. Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштап, кийин Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кинематография комитетинде, Кыргызстан театр ишмерлер союзунда жетекчилик кызматтарда иштеген. 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, 1994-жылдан тартып Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болгон. Жакиев «Атанын тагдыры», «Саадак какты», «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Күттүргөн жаз да келер», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалардын, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору.

“СҮЙЛӨШЧҮ ЭЧ КИМИМ КАЛГАН ЖОК”

Мар Байжиев, жазуучу, драматург:

– Кетип калды (ыйлап). Байбичеси да кетип калды. Биз Бексултан менен студент кезден чогуу өстүк. Экөөбүз тең Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окудук. Сабира болсо экономика факультетинде окучу. Кийин экөө баш кошуп калышты. Бексултан чоң жазуучу. Мен “Атанын тагдырын” көргөн сайын көл болуп ыйлачумун. Анткени биз согушту көрүп калдык да, башыбыздан өткөн. Бул гениалдуу чыгарма.

Үй-бүлөбүз менен катышып жүрдүк. 8-мартта Сабиранын туулган күнү болчу. Жыл сайын бул күнү Төлөмүш Океев, Бексултан болуп чогулчубуз. Төлөмүш ачык-айкын, бакылдап-шакылдаган киши болсо, Бексултандын кичине кылтыймасы бар эле. Эл “дос болгондон кийин бири-бирин мактап-жактайт да” деп айтышы мүмкүн. Андай эмес. Төлөмүш болобу, мен боломбу, Бексултан болобу, чыгармаларыбызды окуп чыккандан кийин майын чыгара иликтеп, айтчубузду айтып, начар жерлерин тилдеп, ушундай ачык болчубуз. Кийинкилер кыйтың-куйтуң болуп кетишпедиби. Бизде андай жок эле. Ошондуктан 1960-жылдары кинобуз, драматургиябыз өнүгүп-өскөн.

Бексултан менен акыйлашып, какшыкташып калчу элек. Өзүбүздүн атмосферабыз бар болчу, азыр эч кимим калган жок. Сүйлөшөйүн десең, эч ким түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт.

Сабира ага сонун жубай болду. Ал таластык кыз да, ошондуктан аны Каныкей деп койчубуз. Ал чыгармачылыгына жакшы кийлигишип, ар бир драмасын көрүп, айтчусун айтып турчу.

8-мартта Сабирага чалгам. Ошондо ал “Бексултан жүрөгү ооруп ооруканага жатып калды” деди. Жүрөгү ооручу, врачтар аппарат байлап беришкен. Аны улам алмаштырып турчу. Коронавирустан кетти деп жатышат. Мен антип ойлобойм, ал оору менен балдары ооруган экен. Бексултан жүрөгү ооруп кетти го. Жаткан жерлери жайлуу, топурагы торко болсун!

“КАН БАСЫМЫМ КӨТӨРҮЛҮП, 5-6 КҮН БАШ КӨТӨРӨ АЛБАЙ ЖАТТЫМ ДЕГЕН”

Жаныш Кулмамбетов, драматург, театр таануучу, Театр ишмерлери союзунун президенти:

– Бексултан Жакиев кыргыз драматургиясына биринчи эле чыгармасы менен кирген калемгер. Мен мектеп курагымдан эле кыргыз драматургдарынын чыгармаларын кызыгып окучумун. 1973-жылы уюшулганына 1 жыл болгон Ош улуттук драма театры Фрунзе шаарына чыгармачылык отчёт менен келди. Спектаклдерди көргөндөн кийин Кыргызстан театрлар коомунда талкуу болгон. Ошондо талкууга катышкандардын ичинен тили, ою курч Жакиев мага өзгөчө таасир калтырган. Анда жаш эле, чачы тармал болчу. Театр чөйрөсүнө активдүү аралашкандан кийин жакындан тааныштым. Бир учурларда бул киши иштеп кеткен Маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору болуп калдым. Ошондо түздөн-түз драматургдар менен иштештим. Кийин театр ишмерлери союзунда чогуу иштештик.

Жакиевди кыргыз турмушунун эки олуттуу учурун жазып калтырган мыкты драматург деп ойлойм. Согуштан кийин үмүтүн үзбөй өмүр бою балдарын күткөн ата-энелерди баяндаган. Трагедияны, үзүлбөгөн үмүттү жашоодогу көрүнүштүн өзүндөй кылып реалисттик маанайда чагылдырып берген. “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” чыгармасында ошондой атанын 30 жылдан кийинки турмушун баяндаган. Чыгармада ата кайрымсыз келин-уулунун кайдыгер мамилесин көрүп, карылар үйүнө кетүүгө мажбур болот. Улуттун башына келген көйгөйдү, бир коомдук түшүнүктөн экинчи коомдук түшүнүккө өтүүнү чагылдырган. Бексултан Жакиев тили образдуу, диалог куруусу кынтыксыз драматургдардын катарына кирет, артык баш эч нерсе таба албайсың.

Акыркы жолу 8-апрелде сүйлөшүптүрмүн. Анда актриса Искра Раимкулова тууралуу жакшы пикирин айткан. “Жаш театр таануучуларды, сынчыларды тарбиялап алсак жакшы болот эле” деди. Мен Искусство университетинде быйыл театр таануучулардын, сынчылардын бөлүмү ачылганын, студенттер окуп баштаганын айттым. Ал сыркоолоп жатканын айтты. “Кан басымым көтөрүлүп жатат, өмүрүмдө мындай ооруган эмесмин. 5-6 күн баш көтөрө албай жаттым. Врачтар “магниттик толкундар жүрүп жатат, ошонун таасири болсо керек” дешти. 2 күндөн бери башымды көтөрүп калдым” деген эле. Коронавирус менен ооруптур. Узатуу зыйнатында Абдыганы Эркебаев “коронавирустун кесепетинен каза болду” деп айтпадыбы. Сабира эже да коронавирус менен ооруп реанимацияда жаткан. 26-апрелде “эсине келди” дешкен. 27-апрелде өтүп кетти. Сабира эже да маданият тармагында иштеди. Бирок кесиби экономист.

Кыргызда “аял жакшы – эр жакшы” деген сөз бар. Эженин мыктылыгы, чыгармачылыгын түшүнө билгендиги Бексултан агабыздын ушундай чыгармаларды жаратуусуна өбөлгө болсо керек. Бексултан ага кыялы чукул, оюндагысын бетке айткан, эч нерседен тайманбаган, көк жал мүнөздүү адам эле. Ушул мүнөздү көтөрүп 65 жыл өмүр сүрүүнүн өзү аялдын мыктылыгын айтып турат. Жаткан жерлери жайлуу болсун!

“ЖАКИЕВ КЫРГЫЗ ДРАМАТУРГИЯСЫН ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ КӨТӨРДҮ”

Советбек Байгазиев, публицист-жазуучу, сынчы, адабият таануучу:

– Бексултан Жакиев Кыргыз драматургиясын өнүктүргөн инсандардын бири. “Кыргыз кино керемети” дегендей эле, Союз учурунда “драматургия керемети” деген термин пайда болгон. Бул термин Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Токтоболот Абдумомунов, Чыңгыз Айтматовдун драмаларына байланыштуу чыккан. Жакиев кыргыз драматургиясын жаңы деңгээлге көтөргөн инсан. Ал Кыргыз драматургиясына психологизмди алып келген. Психологизмди прозага Айтматов, ал эми драматургияга Жакиев алып келген. Адамдын жан дүйнөсүн, ички санаркоолорун, толгонууларын көрсөтүү жагынан “Атанын тагдыры” алдына чыгарбайт. Жакиев кенен ойлонгон, адамгерчиликтүү, чыгармачылык досторуна кең пейил мамиле жасаган киши болчу. Жаштарга колдоо көрсөтүп, коомдук иштерге активдүү катышчу. Маданиятка күйүп дайыма маданияттын маселелери боюнча позициясын билдирип турчу. "Манас" боюнча да эмгеги чоң. “Манастын” чакан жыйнагын чыгарган.

Жакиевдин драматургиясынын чокусу – “Атанын тагдыры”. Бул чыгарма кыргыз адабиятында эң бийик чыгармалардын бири. Мен урматтаган чыгармачыл инсан, адабий авторитет катары сыйлачумун. “ХХ кылымдагы Кыргыз драматургиясынын тарыхы” китебимде Жакиевдин кыргыз драматургиясына сиңирген эмгегин мүмкүн болушунча көрсөтүүгө аракет кылгам. Анын чыгармаларын басма сөзгө сындап жазчумун. Бирок ал мамилебизге таасирин тийгизген жок. Сынды кандай кабыл аларын да билдирген жок. Дайым жаркылдап учурашчу. Жакиев залкар инсан. Жаткан жери жайлуу болсун.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Бексултан Жакиевдин жана жубайы Сабира Турсункулованын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Эл жазуучусу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыйнаты өттү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-05-05 09:04:26
Бейиштик болсун.Жакиев"Атанын тагдырын"24 жашында жазган экен.Мектепте окуп жүргөндө бир аз окудук эле,кайрадан окуп чыгышым керек экен.
+2
Datka7777
2021-05-09 20:17:46
Кайран Залкар жазуучу кетти ааламдан! Билбеген маркуртка кары бир чал кетти. Жаткан жериниз жайлуу болсун
0
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан