Апитерапия аарыга чактыруу ыкмасы жана аарылар иштеп чыгарган дары заттарды колдонуу менен адамдын организмин чыңдоо максатын көздөйт. Апитерапевт Зухра Идинова бизге аарыга чактырып дарылоонун сырларын ачып берет.
ЭМНЕЛЕР КОЛДОНУЛАТ?
– Апитерапияда аары уусу менен балчылыктан алынган заттар: аары “сүтү” (эне аарыны азыктандыруу үчүн аарылар тарабынан иштелип чыгарылган зат, мом же прополис (аарылардын кайың, терек, байтерек сыяктуу дарактардын бүчүрлөрүнүн дарылык чайырларын соруп, анан желим сымал кылып иштеп чыгарганы), гүл чаңчалары колдонулат.
ААРЫ КАЙДАН АЛЫНАТ?
– Аарыны балчылык менен алектенгендерден сатып келебиз. Ачка калбашы үчүн убак-убагы менен бал менен тамактандырабыз. Ал эми балчылыктан алынчу заттар фирмалар чыгаруучу драже, крем-мазь, жыттуу шам, бальзамдардын курамына кошулат. Андай дары каражаттарды биз да колдонобуз. Тактап айтсак, аарыга чактыруу менен кошо айтылгандарды да колдонууга болот.
Аарынын уусунун башкы касиети эмнеде? Уу уйкудагы нервдерди ойготуп, ошондон улам организм өзүндөгү ооруну жок кылууга киришкендигинде.
ЧАКТЫРУУ КАНДАЙЧА ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?
– Кардар алдын ала самын же шампунь колдонбой жөн гана жуунуп, атыр, крем да колдонбой келет. Анткени аары адамдын табигый жытынан башка жыттарды жактырбайт. Булардан тышкары ичимдик же кымыз ичип, жылкынын этин жеп келүүгө да болбойт.
Чактыруучу жер спирт менен тазаланбайт. Анткени аарылар дээрлик оорушпайт. Андыктан оору жукпайт. Анын үстүнө аары бир гана жолу чагат да, өлөт. Демек, анын ийнеси экинчи ирет колдонулбайт. Бул жагынан бир жолку колдонулуучу шприцке окшош.
Дарылоо курсун баштоодон мурун кардардын аары уусуна аллергиясы бар же жок экенин текшерип көрөбүз. Ал үчүн сол билегиндеги биологиялык активдүү чекитке аарыны коюп чактырабыз. Жыйынтык 10-15 мүнөттө билинет. Эгер аллергия болсо, денеге кычыштырган кызыл бүдүрчөлөр чыгып, көздүн ичи да кызарып, муунуу келип чыгат. Мындай учурда аны кетирүүчү дары-дармек беребиз. Аллергия жок болсо, анда апитерапия колдонулат.
Көбүнчө балга аллергия болгондордун апитерапияга да аллергиясы бар болот.
Аарыга кандайча чактырылат? Кыпчуур менен аарыны көкүрөгүнөн кыпчып кармап, биологиялык активдүү чекитке (организмде 365 чекит бар) коёбуз. Аарынын ийнеси кардардын көтөрүмдүүлүгүнө карап, 2-20 мүнөт ичинде алынып салынат. Ордуна “Тенториум” креми сыйпалат.
Чакканда алгачкы 40 секунд ичинде анча катуу эмес оорутуу сезилет. Андан кийин ал жер кызарып, бир аз шишип чыгат. Бирок экинчи ирет чактырганда айтылган белгилер анчалык билине бербейт.
Бизде дарылоо жыл бою үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Бал колдонуп дарылык массаж да жасайбыз.
КАНЧА ААРЫ КОЛДОНУЛАТ?
– Биринчи күнү 3 аарыны 3 чекитке коюп чактырабыз. Эгер оору курчуп кетсе, анда кардар убактылуу эс алат. Андан кийин аарылардын саны көбөйүп отурат. Акырында 21-30 же 40 аарыга чейин жетет. Бул кардардын аарынын уусун канчалык көтөрө алгандыгына жараша болот. Дарылануу курсу 15-28 күн. Кызмат көрсөтүү баасы бир күнгө 150 сом.
Жаш балдар аары уусун көтөрө албайт, андыктан апитерапияны 15 жаштан өйдөгүлөргө колдонобуз.
Өнөкөт оорулар козголбой, жана жаңы оорулар жаралбасын деген адам жылына апитерапия курстарынан өтүп турушу керек.
КАЙСЫ ООРУЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?
Апитерапия жана нерв системасы
– Маанайды көтөрүп, эс-тутумду жана уйкуну бекемдейт. Мээдеги шишикти (ракты эмес!) таратып, кан айланууну жакшыртат. Остеохондроз, неврит, омуртка аралык грыжа, депрессия, коркуу, кекечтенүү, инсульттан кийинки абалда, Паркинсон оорусунда, шалда, полиомиелитте таасири чоң.
Дем алуу системасы
Бронхторду кеңейтип, какырыкты чыгарат. Андыктан бронхитти, бронхиалдык астманы, плевритти айыктырууда колдонулат.
Тамак сиңирүү системасы
Ашказан жана ичегинин, боордун иштөөсүн жакшыртат. Андыктан ашказан маңызы жана өт нормада бөлүнүп чыгып, тамак-аш жакшы сиңет. Өттүн таш оорусунда жана геморройдо да жардамы чоң.
Кыймылдаткыч-таяныч системасы
Остеоартроз, жугуштуу жана аллергиялык артрит, омуртка аралык грыжа, остеохондроз, ревматоиддүү артритти айыктырууда пайдаланылат.
Эндокриндик система
Бөйрөк үстүндөгү безди, жыныстык жана калкан сымал бездин иштөөсүн калыптандырат. Кандагы канттын деңгээлин азайтат. Богокту жана кант диабетин (2-типтегисин) айыктырууда колдонулат.
Дерматология
Псориаз, экзема, нейродермит, теринин кычышуусун, дерматитти кетирүүдө жардам берет.
Көз оорулары
Жакындан же алыстан көрбөөнү, глаукоманы дарылоодо пайдаланылат.
Эркектердин жана аялдардын оорулары
Өнөкөт аднексит, урук чыктагыч бездин оорулары (простатит жана урук чыктагыч бездин аденомасы) жана климакс, мастопатия, залалсыз шишик ооруларында, этек кир циклинин бузулушунда колдонсо жакшы.
Кан тамыр оорусу
Варикоздо колдонсо, көөп кеткен вена кан тамыры калыпка келип, буттагы жылдызчалар жоголот.
КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУЛБАЙТ?
“ВРАЧТЫК ТАЖРЫЙБАМДАН...”
КЫЗЫКТУУ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg