ӨЗДӨРҮН “АЙДЫН БАЛДАРЫ” АТАШКАН ЯНОМАМА ЭЛИ

Яномама эли климаты ысык жана нымдуу келген Венесуэланын түштүгүндө, Бразилиянын түндүгүндө жашаган индей эли. Элинин саны – 35 000 адам. Ориноко дарыясынын жээгин байырлашат. Өздөрүн “Айдын балдары” аташат.

Мурун бир айылда 40-250гө жакын адам болуп, жашай турган турактарын чогуу, тегерек кылып салып, аны “шабоно” деп аташчу. Башкача айтканда, шабоно – коллективдүү түрдө салган турак жай. Маалыматтарга караганда, 1990-жылдардан кийин алар шабоно тургузууну таштап, ар үй-бүлө өзүнчө жашай башташкан. Шабонону жыгачтардан тургузуп, үстүн пальма жалбырактары менен жабышкандыктан, ал жамгыр, шамал жана курт-кумурскалардын айынан 4-5 жылдан кийин бузулуп, кайра жаңысын тургузууга туура келген.

Мурун жана азыр да банан, кант камышын, манго, батат, папайя, жүгөрү жана башкаларды өстүрүшөт, жапайы жемиштерди чогултушат, жаныбар, канаттууларга аңчылык кылышат, балык уулашат. Мурунку кездерде айдоо жерлери арыктап кеткенде ал аймакты таштап, башка жакка көчүп кетишкен. Коңуздун личинкаларын, крабды да жешет. Жатуу үчүн гамак жасашат. Маниок өсүмдүгүнүн тамырын казып алып, кургатып, жанчып, талкалап ун жасап, андан нан бышырып жешет.

Өстүргөндөрү мол түшүм берген учурда коңшу айылдын элин да чакырып белгилешет. Бирок дасторкондоруна банан менен атып келген канаттуулардын этин коюшпайт. Шамандары уулуу козу карынды жешип, өлгөндөрдүн арбагы менен байланышка чыгышат.

Өлгөн адамдын денесин канаттуулардын канаттары менен кооздоп, оозуна тамеки салып коюшат. Ырдап, өлгөн адамдын жанын кайра денеге кирүүсүн суранышат. Албетте, андай нерсе күтүлбөгөн соң ыйлашат, анан маркумду өрттөп жиберишет.

Венесуэла өлкөсү гүлдөп турган кезинде яномамаларга турак жай, мектеп, медпункт салып беришкен. Генератор да колдонула баштаган. Бирок экономикалык кризистен улам турак жай куруу, мектеп салуу деген унутта калып, жашоолору артка кете баштаган. Учурда колдо болгон нерселерден турак жай салып баш калкалашат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 960, 29-апрель-5-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан