27-апрелде Испаниянын Гвадалахара шаарында токтоп турган машинадан бир аял чуркап чыгып, кыйкырып элди жардамга чакырган. Машинанын ичинде бир эркек болгон. Кыйкырыкты уккан адамдар полицияны чакырышкан. Полиция келгенде машинадагы эркек колуна балта кармап чыгып, полициянын машинасын балта менен уруп баштаган. Тартип сакчылары асманга бир нече ок чыгарган соң ал эркек качып кетүүгө аракет кылып, бирок көп узабай кармалган. Анын бул ишке эмне үчүн барганы азырынча белгисиз.
Канымжан Усупбекова