5-майда президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн жаңы кабыл алынган Конституциясына кол койду. Иш-чара мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп, ага экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, өлкөнүн учурдагы жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты. Ошентип, Кыргызстан мындан 11 жыл мурун тандап алган парламенттик башкаруу системинен баш тартып, президенттик башкарууга өттү. Президент Кыргыз элине кайрылуу жасады, анын сөзүнүн урунттуу жерлерин сунуштайбыз.
– Азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес. Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Өткөндү жамандап, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет.
– Эгемендүүлүккө жетишкен жылдары оңго-солго урунуп, изденүүнүн жолунда болдук. Бирок тарых тарабынан бизге изденүү үчүн чегерилген убакыт аяктады. Буюрса, бул кыйынчылыктан да жолун таап чыгып кетебиз.
– Жакында шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Бул жолку шайлоону таза өткөрүү милдети турат. Биз добуш сатып алуу менен шайлануу мүмкүн эместигин элге да, саясатчыларга да далилдешибиз керек.
– Эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес. Биз “табигый башкаруу” улутубуздун табиятына жараша башкаруу концепциясын киргизебиз. Анын негизги жобосу – ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын ала макулдашып алуу.
– 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз.
– Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей турганын реалдуулук ырастады. Биздин милдет – мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек.
– Салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулугубузду сактап калуубуз керек. Ааламдашуу доорунда өз жүзүбүздү сактап калуу эң маанилүү милдеттерибиздин бири.
– Кыргыз дүйнөсүн сактап калууда кыргыз тилинин орду өзгөчө. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болот.
– Биз үстүбүздөгү жылы коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесинде бир бүтүмгө келебиз деген максатты койдук.
– Куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл. Алардын бири – “элдик кошуундарды“ түзүүгө өтөбүз. Бул систем чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
– Кен байлыктарды иштетүү боюнча инвестициялык саясатта өлкө кызыкчылыгын коргоого басым жасалат, ал эми эл аралык капиталды тартуу үчүн Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт, ал компания мамлекеттин активдерин башкарат.
– Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз – энергетика жана тоо-кен тармактары жабыркады. Айыл чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай, өнүмдүүлүгү төмөн.
– "Бир алкак – бир жол“ долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашырууну тездетебиз.
– Экономиканын муктаждыктары үчүн иштеген, жаңы мезгилдин талаптарына ылайык болгон билим берүү системасын түзүүнү тапшырам. Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына ылайык заманбап билимге жана жөндөмгө ээ болушу шарт.
Жолдубек Качкынбаев