Дөөлөт Сыдыков, манасчы: «МАНАСТЫН УРПАГЫ ЭЧ КАЧАН ЧӨГӨЛӨБӨЙТ»

Манас – улутубуздун өзөгү. Элибиздин башына кыйын күн түшүп турганда биз түбүбүзгө кайрылып, кыргыз деген уюткулуу журт экенин дагы бир жолу эске салалы дедик. Маектешим манасчы Дөөлөт Сыдыков “азыр тажиктер жашаган жердин баары мурун кыргызга тиешелүү жер болгон” дейт.

– Арыбаңыз, Дөөлөт мырза! Баткен окуясы көкүрөгүбүздү эңшерип кетти. Окуя тууралуу маектешели деп чакырып калдык.

– Арыбаңыздар! Бул окуя жүрөктү тилип кетти, шейит кеткен боорлорубуздун жаткан жерлери жайлуу болсун! Капыстан келип кол салышты, коңшулук сыйды бузушту. Керек болсо “Манас” эпосунда тажиктер жердеген жердин баары кыргыздыкы болгону айтылат. Тажикстанда Медиян деген чөл бар, Манас атанын Кумайык деген ити ошол жерден табылган.

“Медияндын чөлүндө,

Кең балбандын төрүндө,

Кайыбынан кабылган,

Кумайык жок жеринен табылган”,- деп жатпайбы. 1924-жылга чейин ал жерлер биздики болгон, кийин Союз учурунда аларга бөлүнүп калган. Алардын бизден жер талаша турган, курал менен кирип элди атканга жөнү жок эле. Биздин көп жерлерибиз, Кытайга, Тажикстанга, Казакстанга орустар жер бөлүштүргөндө кошулуп кеткен. Буга тарыхый далилдер бар. Байыртадан кыргыз элинин бирөөгө тийишпеген айкөл мүнөзү бар, бирок катылгандын катыгын берет. Биздин эл эмнени гана көргөн эмес, согушту, ачарчылыкты, жокчулуктун баарын көргөн. Бирок башка кыйын күн түшкөндө бир муштум болуп бириге калган касиетибиз жоголбоптур, ошого сүйүндүм.

– Манас атабыз көп элдин башын кошкону айтылып келет эмеспи...

“Кулаалы таптап куш кылдым,

Курама жыйнап журт кылдым.

Үзүлгөндү уладым,

Чачылганды жыйнадым”,- деп “Манаста” айтылат. Билесизби, бардык куш тапка келет, бирок кулаалы тапка келбейт. Ошону да таптадым деп жатат Манас. 40 чоро кырк улуттан чогулган. Түрк, түркмөн, казак, өзбек, мурун жакуттар деп аталчу, азыркы якуттар ушунун баары тектеш эл. Ар улуттан жыйнап журт кылып, Кыргыз каганаты деп аталып турган учурда Уралдан берки жерлер биздики болгон.

“Оролдун белин жайлаган,

Оодарып малын айдаган.

Сырдын боюн жайлаган,

Сыдырып бээ байлаган”,- деп айтылат улуу дастаныбызда. Орол деген жер кийин Урал болуп кеткен. Ошончо эл бир туунун алдында Манас атабызга баш койгон. Биз бул жолу да ок атканга ок атып жооп бергенге каруубуз, дымагыбыз да келмек, улуу эл экенибизди билдирип айкөлдүк кылдык. “Түгөнгөн сайын түтөгөн, чабылган сайын күчөгөн” жоокер, көчмөн элбиз. Ошол үчүн тажиктер кыргыз элине катылганга чейин жети өлчөп, бир кесиши керек эле.

– “Манас атабыздын жубайы Каныкей тажик кызы болчу”, “жок андай эмес” деп социалдык тармакта бир топ талаш-тартыш болду, ушуну тактап берсеңиз.

– Каныкей Темиркандын эрке кызы болгон. Кайсы бир варианттарда кайыптан келген кыз дешет. Азыркы тажик жеринде көчмөн эл отурукташкан, тажиктер кийин келген. Андыктан тажик кызы болгон дегенге негиз жок. Кээ бири кыпчак кызы болгон дешет. Атасы Темиркан деп жатабыз, бул ысым кыргызда эле бар.

– Түптүү эл экенибиз чындык. Бирок ошол улуулук азыр калдыбы же жөн эле “кыргызбыз” деп төш кага беребизби?

– Туура айтасыз, майдаланып кетип баратканыбызды моюнга алыш керек. Ошентсе да ичибизде тытыша берген менен, сырттан бирөө келсе бир муштум боло калган биримдик каныбызда дагы деле бар. Муну эл өткөн жылдагы коронавирустун кесепетинде, Баткен окуясында далилдеди. “Курал бербесеңер да Баткенге барам” деп чыккандар болду, үйдө отура албай көбү ошол жакка кетти. Бул каныбыздагы баатырлык. Куралыбыз жок болсо да каныбыз кайнаганда өзүбүздү токтото албай калабыз. Бул окуяда чагымчылдар да болбой койгон жок, бул да илгертеден бар.

“Кара-Суунун үстүндө бедел бар да, бедел жок,

Калың кыргыз ичинде нелер бар да, нелер жок?”- дегендей, эл ичинде коркогу, чоркогу, эрени, эси жогу да бар. Буга эч нерсе кыла албайбыз. Күйгөн унаалардын үстүнө чыгып алып, сүрөткө түшүп, ушундай мүшкүлдөн да өзүнө пиар жасагандарды көрүп ушул саптар эсиме түштү. “Бир колуң менен бергенди экинчи колуң көрбөш керек” деген кеп бар. Жардам берсе да аны даршан кылыштын кереги жок.

– Эл өкүлдөрүнүн түштөн кийин барып, формаларды кийип алып сүрөткө түшкөнү элдин кыжырын келтирди. Сиздин оюңуз?

“Келбей тургула, жарандык кийим менен жүрсөңөр ким кыргыз, ким тажик билинбей калат, тынч бүтүрөлү” дешкен үчүн барбай жатышты го деп ойлодум алгач. Кийин барып бир сом берип, миң сом бергендей кыйкырып, сиз айткандай, форма менен сүрөткө түшүп жүргөнү осол болду, менимче. Мурда эле чечип коюшпайт беле ушуга жеткирбей? Мурдагы окуялар сабак болгон жокпу? Маселе бар экенин баары билет, аны чечмейинче бирөө келип чечип бербейт же маселе өзүнөн-өзү учуп кетпейт. Түштөн кийин барып алышып өздөрүнө упай топтогон жакшы эмес, уят. Чече алышпаса чече тургандарга мүмкүндүк бериш керек. 30 жылдан бери эле шайлангыча укмуш убадаларды берип, өткөндөн кийин эле дымы чыкпай калып жатышпайбы. Дагы кыргыз кыйын экен, ушуларга түткөн, айрылып, жыртылып жоголуп кетпеген. Маселени жок дегенде азыр чечиши зарыл. Былтыр пандемияда чогулткан акчалардын эсебин беришкен жок. Мигранттар чогулткан, карапайым эл чогулткан, чет өлкөдөн жардам катары келген акчалардын биринин эсеби жок. Жок дегенде ошол катаны кайталабай, Баткенге келген жардамды жакшы көзөмөлдөө керек.

– Окуядан бир аз четтеп, кайра “Манаска” кайтсак. Сиз Монголияда Чыңгызхандын эстелигинин жанында манас айтканыңыз эске түштү. Тилибизди билбеген эл манасты кандай кабыл алат?

– Чет жерде көп жолу манас айткам. Тилди түшүнбөгөн менен, эмоциядан, баяндап жаткан үндүн обонунан билишет. Манастын энергиясы бар. Түшүнбөсө да сезиле турган руху бар. Кээде тилди билбесе да “сен ушул тууралуу айттың окшойт” деп таап койгон учурлар болгон. Башка элдин “Манасы” болгондо дүйнөгө дүңгүрөтүп салышмак, биз мындан алыстап кеттик. Өзөгүбүзгө кайтышыбыз керек. “Өсө турган эл өзүн сыйлайт, өспөй турган эл жатты сыйлайт” дейт. Өзүбүздүн тегибизди, кебибизди, тарыхыбызды аздектесек өнүгөбүз. Аякты-биякты ээрчип элеңдей берсек кантип өсмөк элек?

– Сизди "Гиннесстин рекорддор китебине" каттатуу иштери кайсы этапта бара жатат?

– Мен деле эл катары күтүп жатам. Ал жакта пандемия болуп иштер токтоп турат. Буюрса, оюбуз ишке ашат деп ойлойм.

– Маек соңунда сизге эркин микрофон...

– Биз улуу элдин урпактарыбыз, муну унутпайлы. Кудай ак калпак кыргыз элибизден, Ала-Тоодой жерибизден, Манас деген демибизден айрыбасын! Манас атанын тукуму эч качан жеңилбейт, чөгөлөбөйт! Элибизге сабыр, кайрат тилейм.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
"Манастын урпактары жылаңач кол менен деле жерин коргоого даяр" дейт манасчы Дөөлөт Сыдыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nursul
2021-05-11 12:27:28
Бар болуңуз, адамдын ички сезимин өжөрдүлгүн ар намысын патриоттулугун ойгото турган сөз айтыпсыз.
+2
Erlan_95
2021-05-12 17:54:30
Манасчылар сонун адам, оздорунун дуйносу, энергиясы башкача
+1
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан