«АК КЕМЕ» ТАСМАСЫ «ШАМБАЛА» БОЛУП ЖАҢЫЛАНДЫ. ЭКИНЧИ “ОСКАР” АТАЛГАН “НИКА” СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛДУ!
“Аз акчага кыргыздар укмуштай кино тартып коюшту” деп "Курманжан даткага" казак президенти Касым Жомарт Токаев суктанганын уксаңыз керек. “Кыргыз керемети” аталган бренд бүгүнкү күндө өз баасын жоготпой келет. Даңазалуу “Ак кеме” тасмасынын жаңы вариантын атактуу режиссёр, Кыргыз Эл артисти Артыкпай Сүйүндүков тартты. Кыргыз киносунун тарыхында бул тасма менен экинчи жолу “Ника” сыйлыгын алдык. Ырчы Анжелика бир пост жазса, 100 сайт жазып чыгат, кино тармагындагы чоң окуяны өткөрүп жибердик. Режиссёр менен “Ника” сыйлыгы, тасманын жаралышы тууралуу сүйлөштүк.
– Саламатсызбы, Артык агай? “Ника” сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз!
– Саламатсыңар, рахмат! Тасманын бет ачары боло элек. Тартылып бүтөрү менен эл аралык фестивалдарга жибергенбиз. “Шанхай” кинофестивалында биринчи жолу көрсөтүлдү. Анапада өткөн “Киношок” кинофестивалында баланын образын мыкты ачып бергени үчүн актёр Артур Иманалиев, тасманын музыкасын жазган Мурзали Жээнбаев экөөнө сыйлык ыйгарылды. Кийин Индияда болуп өткөн “Калькутта” кинофестивалында “Мыкты режиссура” наамын жеңдик. Орусиянын эки кинофестивалында Момун чалдын ролун аткарган Насрет Дубашев, баланын ролун аткарган Артур Иманалиев сыйлыктарга ээ болушту. “Никага” жибергенде жеңебиз деген деле үмүт жок болчу. Баш байгени жеңип алдык. Бул сыйлыкты экинчи “Оскар” деп түшүнсөк болот. Быйылкы жылы кадимки “Оскар” сыйлыгына жиберебиз деп турабыз.
– Ылайым “Оскарды” алган тасма болсун! Бул тасманы тартуу идеясы качан пайда болду?
– 1972-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жомоктон кийин” (“Ак кеменин” алгачкы аталышы) повести чыкканда Москвада ВГИКте 3-курста окуп жүргөм. Ошондо эле повестти тасма кылып тартсам деген ой пайда болгон. Эки айдан кийин “Болот Шамшиев тартканы жатыптыр, мурда эле Айтматов менен сүйлөшүп коюптур” деп угуп калдым. 1975-жылы “Ак кеме” тартылып, Союзга “дүң” деди. “Тартам” деген ой ичимде калды, анткени ал учурда кайталап тартуу мүмкүн эмес эле. Эгемендикти алгандан кийин Чыңгыз Айтматов менен сүйлөштүм, батасын алдым, өзүмдүн оюмду айттым. “Повесттин да, “Ак кеменин” да көчүрмөсү кылбайм” деп өзүмдүн идеямды айтып берсем “макул” деди. 1992-жылы “Кошокчу” тасмасын тарткам. Ал эл аралык фестивалдарда көрсөтүлүп жатканда түрк продюсери Мехмет Танрысеверге жагып калып сатып алган. Тасма түрк тилинде көрсөтүлдү. “Кызматташалы, дагы долбоор барбы?” дегенде “Шамбаланы” айткам. Келишим түзүлүп, тасма Түркияда тартылмай болду. Эгер ошол вариантта тартылса Кара деңиздин жээгинде, түрк элинин менталитети менен тартылмак. Экономикалык кризиске байланыштуу тартылбай калды. Сценарийди жазып, оңдоп жүрдүм, “баары бир тартам” дечү элем. Министрликтен “Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир чыгармасын кино кылып тарталы” деген чечим чыгып, менин сценарийим бекилди. Ошентип азыркы тасма жаралды.
– Каражат жетиштүү эле болдубу?
– Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча киного дайым жетишсиз, ошол үчүн казак ажосуна чейин “кыргыздар аз акчага эле мыкты тасмаларды тартып жатышат” деп жатпайбы. Биз аз акчага кыйналып тартабыз. Ага карабай кыргыз режиссёрлорунун дүйнө жүзүндө беделдүү аты бар. Акча кеч бөлүнүп калып былтыр күзүндө тартып баштадык. Бизди бурчка такап, “быйыл берген акчаны колдонуп каласыңар же куру каласыңар” дешти. Кар жааганча тартып үлгүрбөсөк акчаны албай кала тургандайбыз. Ошентип көздү жумуп тартып баштадык. Өйдө жактын чыгармачылык менен да, жаз, күз мезгили менен да башы оорубайт (күлүп).
– Сюжеттик линия “Ак кемедей” элеби же өзгөртүлдүбү?
– Ак кеменин” өзөгү, идеясы, философиясы, каармандары эле калды. Калган 90 пайыз башкача тартылды. “Ак кеме” менен салыштырганга негиз жок, стили, окуясы башка. Өзүмдүн башымдан өткөн окуяларды, өзүмдүн дүйнө таанымым менен тарттым. Фильмде учурдагы баланын тагдыры баяндалат. Тасма Чоң-Кеминде тартылды.
– “Ак кемеде” тартылган Нургазынын көздөрү эсте калган. Режиссёрдук көз караш менен баланын ролундагы Артурдан кандай өзгөчөлүктү көрүп тандадыңыз?
– Баланын тагдыры да тартылып жаткан балага жакын. Турмушта оорчулукту көрүп чоңойгон бала башкача болот. Артурдун өзгөчө ички дүйнөсү бар экенин көрдүм. Ал аябай жакшы ойноп берди.
– Тасманы көрүүгө ашыгып калдым. Кинону качан театрлардан көрө алабыз?
– 30-апрелде бет ачары болот деп пландап жатканбыз. Коронавирус күчөп кетип токтоп калды. Июнь айынын аягында же күзүндө деп пландап жатабыз.
– Мүйүздүү Бугу эне тартылдыбы?
– Кеч баштап калдык, көрсө, бугулардын мүйүздөрү май айында түшүп калат экен. Башка жактан алып келгенге шарт, убакыт болбоду. Бугусуз, жайсыз калдык, эптеп ошол бөлүнгөн акчаны үнөмдөп отуруп абалдан чыктык (күлүп). Бирок тасмада уламыш бар.
– Студенттик күндөрдөн бери кыялданып келе жаткан идеяңызды 100 пайызга ишке ашыра алдыңызбы?
– Кинону каалап, жүрөгүң менен тартпасаң ал ишти кылыштын кереги жок. Көп долбоордон сунуш түштү, баш тарта бердим. “Шамбаланы” тартмайынча тынчый албаарымды билдим. Кино – бул өндүрүш, идеяң укмуш болуп турса деле тартып баштаганда түрдүү нерселер чыгат. Акча көбүрөөк бөлүнгөндө менин идеям 100 пайыз ишке ашмак. Каражатка, шартка, мезгилге карап жатып 40 пайыздын тегерегинде гана оюмду ишке ашырдым окшойт.
– Кыргыз киносунун абалы тууралуу сурасам жараңызга тием го, ээ?
– Өтө оор. Кесипкөйлөрдүн көбү башка өлкөгө кетип калышты, айрымдары каза болду. “Минтип тиричилик кыла албайт экенбиз” деп кээ бири башка тармакты тандап кетишти. Анткени тасма бекилгенден кийин бир жылда 3-4 ай эле иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Күчкө толуп турган учурда минтип иштей алышпайт. Техникалык база жок. Мурдагы муун эле калдык. Балдарды тарбиялап жатабыз. Бирок иш менен камсыздай албай алардан кол жууп калганыбыз өкүнүчтүү.
Кино – идеологиялык чоң күч, кыргыздын тарыхы, өңү, жашоосу биз кеткенден кийин тасмаларда калат. Муну эч ким ойлонбой жатат. Мурунку муун колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Бирок аз кишинин колунан эмне келет? Бүгүнкү күн менен алек болбой, мамлекет эртеңки күндү да ойлош керек. Коңшу эле Казакстан, Өзбекстандын киноиндустриясы өнүгүп баратат. Мамлекети бул тармакты көтөргөнгө акча бөлүп адистерин чет өлкөгө жиберип окутуп жатышат. Бизде эч нерсе жок, ошого карабай өжөрлөнүп биз биринчиликти бербей келатабыз. Бирок бул канчага созулат билбейм.
– Кайра эле сюжетке кызыгып жатам. Тасмада Орозкул барбы?
– Орозкулдун ролун Талант Апыев деген мыкты актёр аткарды. Момун чалды Насрет Дубашев, таежени Жамиля Сыдыкбаева, Бекейдин образын Таалайкан Абазова жаратты. Баары мыкты аткарып беришти.
– Эмнеге аты “Шамбала”?
– Жарык чачкан бала деген мааниде. Караңгыда шам күйүп турат эмеспи. Ошол сымал бала да жанындагыларга жарык чачып турат.
– Маегиңизге рахмат! Эми “Оскар” кыргыз элиники болсун деп тилек кылалы!
Нуржамал Жийдебаева
Кыстарылган видео
Чынгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган "Шамбала" тасмасы "Ника" сыйлыгын жеңип алды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.