Жамбыл Камчиев, куудул: “ҮЙҮМДҮ 37 СОМГО АЛГАМ”

Куудул, киноактёр Жамбыл Камчиев Ош шаарында жайгашкан кеңсеси жана 37 сомго сатып алган 3 бөлмөлүү үйү менен тааныштырат. Бул үйдө ал уул-келини менен жашайт.

“КҮНДӨ ТҮШҮМДӨ ГАСТРОЛДОП ЖҮРӨМ”

– Жамбыл мырза, үйдү качан, канчага алгансыз?

– Союз маалында шаардык маданият үйүндө иштедим. Үй алуу үчүн кезекке тургам. Бул мурда аскер кызматкерлеринин үйү болгон. Союз тарап, бул үйлөр мэрияга өткөндө мага беришкен. Кийин 1994-жылы приватизация болду. Ошондо 37 сом төлөп, биротоло өзүмө жаздырып алдым. Үйдү алганга чейин 9 жыл батирде жашадым, 17 жолу батир алмаштырдым.

– Азыр эмне менен алек болуп жатасыз?

– Ошто жашайм, Жалал-Абаддагы филармонияда иштейм. Бир жумада бир жолу жумушка барып турам. Анан “Атилла” деген кино тартуучу продюсердик борбор ачканбыз. 7-8 адам болуп иштеп жатабыз. Тарыхый тасмаларды тартууга белсенип турабыз. Убакыт аз. Адам өмүрү кыска да, тез тартышыбыз керек. “Кино тартканга каражат бериңиздер” деп министрликке кат жаздык. Алар сценарийди карап, анан беришет экен. Биз ага макул болбой, кыскасы, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

– Гастролду сагындыңызбы?

– Ооба. Пандемия болуп концерттер токтоп калды. Күндө түшүмдө гастролдоп жүрөм. Кечээ түшүмдө Тогуз-Торого барып келдим (күлүп).

– Жамбыл мырза, бар болуңуз! Үйүңүздө жакшылыктар гана болсун!

– Бул “Куудул-Аралаш” коомдук фондунун кеңсеси. Аппаратура, костюмдар, реквизиттер ушул кеңседе сакталат. Кеч болуп үйүнө кете албай калган куудулдар ушул жерде түнөп калышат. Байкаганыңардай, кеңсе үйүмдүн жанында жайгашкан. Көп убактым ушул кабинетте өтөт.

– Кабинетте китептер көп. Китеп окубаса болбойт да. Жакшы сатира жаратыш үчүн көптү билүү зарыл.

– Эшиктин алды ушундай чакан. Бул үйдө азыр кичүү уулум, келиним, неберелерим менен турам. Байбичем 2 жыл мурун өтүп кетпедиби.

– Бул менин бөлмөм. “Диванный эксперттер" бар го, мен да ошондоймун (күлүп). Телефонумду кармап, ушул диванга жатып алып, социалдык тармактарга ар кандай постторду жаза берем.

– Бул уулум менен келинимдин бөлмөсү.

– Бул чай ичүүчү бөлмөбүз. Аз конок келсе, ушул жакка отургузуп чай беребиз. Көп конок келсе менин бөлмөмө отургузабыз.

– Ушундай чакан огородум бар. Помидор, болгар калемпирин, баклажан сыяктуу жашылчаларды эгип койдум. Жайында кыбырап ушул огород менен алек болом.

– 7 коюм бар эле, анын 3өөсүн кошунанын иттери тиштеп өлтүрүп коюшуптур. Калган 4өөсүн багып жатам.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Жамбыл Камчиев: “Сыйлыгым жок болсо деле эл мени тааныйт”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jaskaaa
2021-05-11 11:39:33
Мына чыныгы жашоо . Бар болунуз.
+10
aikaademi
2021-05-11 12:13:58
Иштериңизге ийгилик, Дөөлөттүү карылык каалайм
+7
Erlan_95
2021-05-12 17:19:32
Уйун аябай жакшы алып алган экен убагында. Чистый, уютный дом))
+4
Asmat84
2021-05-15 08:08:07
Мына чыныгы жүз чыныгы кирсиз таза жашоо. Бар болуңуз Жамбыл Камчиев сиз чыныгы элдик талантсыз. Бактылуу карылыкты каалайбыз
+2
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан