Мекени – Индия океанындагы Мадагаскар аралы (Мадагаскар Республикасы)
Денесинин узундугу – 40-45, ал эми куйругунун узундугу – 50-55 сантиметр
Салмагы – 3,5-4,3 килограмм
Азыгы –жалбырак, мөмө-жемиш, бүчүрлөр. Жалпысынан 98 түрдүү өсүмдүктүн тигил же бул бөлүгүн жейт
Жашоосунун узактыгы – 23-25 жыл
Душманы – адам жана карчыга кушу
Кызыл китепке кирген жаныбар, болжол менен 35 000 баш калды
Аты франциялык натуралист Шарль Кокерелянын атынан коюлган. Даракта жашашат, жерге түшкөндө тикесинен тик туруп, секирип басышат. 5-10дон болуп топтошуп жашашат. Ар топ 4-9 гектар жерге ээлик кылат. Жыныстык жактан 2,5-3 жылда жетилет. Ургаачылары баласын боюнда 5 ай көтөрүп жарыкка алып келип, 6 ай эмизет. Токойлор дыйканчылык үчүн кыркылып, адамдар этин жеш үчүн аңчылык кылып, сифакалардын саны кескин азайган. Аларды көбөйтүү максатында зоопарктарда, улуттук сейил бактарда багып жатышат.
Канымжан Усупбекова