ТОМ ХАРДИ. ИЧКИЧ, БАҢГИДЕН ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫНА ЧЕЙИН

2003-жыл. Лондондогу Сохо аймагынан баңгизаттын ашыкча дозасына ууланган жигит кан кусуп эс-учун билбей жаткан абалда табылды. Өмүр менен өлүмдүн босогосунда турганда дарыгерлер аны ажалдан сууруп алышты. Чыгармачыл чөйрөдө тарбияланган ата-эне жалгыз уулу кайгылуу кесепеттерге дуушар болот деп күткөн эмес. Баласынын ден соолугун калыбына келтирип, нормалдуу жашоого кайтарып алуу үчүн жан үрөп жатышты. Реабилитациялык борбордон дарыланып, арыктап, бутуна араң турган Томас апасына “мындай эч качан кайталанбайт” деп убада берип, жумушка баш-оту менен кирип, жашоосун жаңы барактан баштады. Ошол эле жылы театрда жасаган дебюту үчүн сыйлык алып, сахнада турганда залда отурган апасы жылмайып, атасы ыйлап жатты.

Толук аты-жөнү:
Эдвард Томас Харди

Туулган жери: Британия, Хаммерсмит округу

Туулган жылы: 1977-жыл, 15-сентябрь

Бою: 175 сантиметр

Салмагы: 68 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы: 3 баланын атасы

Тартылган тасмалары: “Братья по оружию”, “Легенда”, “Значит, война”, “Безумный Макс: Дорога в ярости”, “Веном”, “Выживший”, “Капоне. Лицо со шрамом” жана башкалар

“МЕН ӨЛҮП, КАЙРА ТИРИЛДИМ”

Мурдагы алкаш, баңги, шок жигит азыр Голливуддун мачосу. Эгер сизге псих, маньяк, киши өлтүргүчтүн ролун майын чыгара аткарган актёр керек болсо ойлонбой туруп Том Хардиге кайрылыңыз. Эгер күмөн санап жатсаңыз, “Легенда” тасмасындагы эгиздерди, “Выживший” тасмасындагы Жон Фицжеральдды эстеңиз. Жашоосу америкалык горканы элестеткен Том Хардинин атасы жазуучу Эдуард Харди, апасы сүрөтчү Энн Харди. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон Харди мектепте кыйратып билим алган эмес. 13 жашында тентек балдар менен достошуп, түндөп көчө таптап жүрчү. Жакшы окубагандыктан мектептен чыгарууну да ойлонушкан. Азыр ошол мектептеги “Ардактуу окуучулар” деген тактада Том Хардинин сүрөтү илинип турат.

15 жашында ага “психиканын бузулушу, психопатиялык тенденциялар, шизофренияга ыктоо” диагнозу коюлган. “Мындай диагнозду угуу оор болду. Анын үстүнө бул болбогон кеп. Дарыгерге ызы-чуу салдым. Балким, мен элдин айыптоосунан корктум. Балким, бул акылсыз баланын жардам сураган кыйкырыгы чыгар. Мен өспүрүм элем, бул саздан кантип чыгышты билбей тургам”,- деп эскерет актёр.

Бул абалдан чыгуу үчүн ал Ричмонддогу театр мектебинде, Лондондогу театр борборунда билим алат. 2001-жылы 24 жашында биринчи жолу “Братья по оружию” аттуу сериалга тартылат. Бирок жаш жигит өзүн талкалаганды уланта берди. Ичимдик, кокаин, крэк өңдүү келечекке балта чапкан баңгизаттар жашоосуна сүңгүп кирип алды. “Мен ошол кезде крэктин бир дозасы үчүн апамды сатканга даяр болчумун” деп уялып айтканы бар. “Мен өлүп кайра тирилдим. Мени актёрлук кесип куткарып кетти. Баңгизат бокско алмашты. Жалгыз уул болгондуктан ата-энем мени менен сыймыктанышын кааладым",- дейт ал.

“ИЧКИҢ КЕЛСЕ ЫРДА!”

Харизмалуу, келбеттүү жигиттин жеке жашоосу да драма. 1999-жылы 3 жума гана сүйлөшкөн Сара Уордго баш кошуп, 2004-жылга чейин бирге жашашкан. Ажырашууга Сара арыз жазат. Ал Томдун баңгизатка, алкоголго берилгенине, ага көңүл бурбаганына чыдабай калган.

2005-жылы «Королева-девственница» тасмасына тартылып жатканда Харди режиссёрдун жардамчысы болуп иштеген Рейчел Спидге жолугат. Жылдызы келишкен жуптар жарандык никеде 5 жыл жашап, Луи аттуу уулдуу болушат. Мүнөзү жумшак, сулуу болсо да Харди Рейчелди кыялындагы аял катары эсептечү эмес. 2009-жылы “Грозовой перевал” тасмасы бул мамилеге чекит койду. Аталган тасмада өнөктөшү болгон Шарлотта Райлини актёр бир көрүп сүйүп калды. Шарлотта да келишимдүү жигиттен баш тарта алган жок. Харди Рейчелге жүрөгүн башка ээлеп алганын ачык айтып, эки жолго түшүштү. Аялынан кол үзүү Том үчүн оңой болгон жок. Анын алдында өзүн күнөөлүү сезип, айрыкча баласына чыккынчылык кылган жийиркеничтүү ата санап өзүн жеп жатты. Ичтеги букту басуу үчүн ичкиси келди да, кайра коркуп ичкиликти жеңген досун колдоого чакырды. Ал келип “эгерде мурдагы ичкич ичкиси келсе, анда ал катуу ырдашы керек” деп кыйкырып ырдап жатышты. Бул терапия ооруга мыкты дары болду.

Шарлотта менен Том 2014-жылы расмий түрдө баш кошушкан. Түгөйлөрдүн ортосунда 2 уулу бар. Харди 3 баласына мээримдүү ата. Биринчи никесинен туулган тун уулуна болгон бош убактысын бөлүп турат. "Балалуу болуу менин өмүрүмдү сактап калды деп айта албайм, бирок жашоомду өзгөрттү. Эми мага муктаж, менден үмүт арткан адамдар бар экенин билем. Үйгө келгенде актёр Томми эмесмин, Томми атамын”,- дейт ал.

“ДҮЙНӨДӨ БАЛАГА ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨН ООР ЖУМУШ ЖОК”

  • Жашоонун баалуу экенин андан айрылып кала жаздаганда билдим.
  • Мен мушташпайм, мушташканды туурайм.
  • Жаңылгандан коркпо. Мындай учурлардан сабак аласың.
  • Менин башымда орангутан жашайт. Туура эмес чечимдерди ошол кабыл алат.
  • Ичимде көптөгөн каармандар жана мүнөздөр жашайт. Алардын баарына мени башкарганга эркиндик берем. Алардын баары – менмин.
  • Режиссёрлор жашым өткөн сайын оор ролдорду берип аябай калышты. Тасма талаасында сууга ыргытышат, бийиктиктен секиртишет, мушташтырат. 10 жыл мурун бул ролдорду жеңил аткармакмын.
  • Ким экениң маанилүү эмес. Андан ары эмне кыларың маанилүү.
  • Дүйнөдө балага тарбия берүүдөн оор жумуш жок. Балдарыма супер ата болгум келет.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан