ТАТТУУЛАР ПАРАДЫ

Таттууларды сөзсүз эле сатып алуунун кажети жок. Жакындарыңыздын, меймандардын купулуна толгон таттууну үйдөн өз колуңуз менен жасасаңыз болот. Аларды жасоо жолун билип алыңыз.

“БУЛУТ” ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 200 грамм

Каймак май – 100 грамм

Таттууларды сөзсүз– 140 грамм

Жумуртка – 3 даана

Быштак – 150 грамм

Банан – 2 даана

Каймак – 150 грамм

Лимон ширеси – 1 аш кашык

Ванилин – 2 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Бир жумуртканы чагып, үстүнө бир аш кашык кумшекерди, каймак майды кошуп аралаштырабыз. Ага унду кошуп камыр жууруп алабыз. Аны 3-4 миллиметр калыңдыкта жайып, электр мешинин калыбына четине чыгарып салабыз.

2. Калган эки жумурткага кумшекер, ванилин, тууралган бананды, каймакты жана быштакты кошуп миксер менен аралаштырабыз.

3. Даяр болгон массаны калыптагы камырдын үстүнө куюп, ысып турган электр мешине салабыз. 30 мүнөттөн соң чыгарып, үстүн түрдүү кремдер, банандын кесиндиси же грек жаңгагы менен кооздоп дасторконго берсек болот.

“КУЛПУНАЙ БАКЫТЫ”

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 150 грамм

Кам каймак (сливки) – 250 миллилитр

Каймак май – 2 аш кашык

Печенье – 5 даана

Кант упасы – 2 аш кашык

Ванилин – 1,5 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Десертти даярдоо үчүн алгач печеньени өзүбүз каалагандай формада бөлүп алабыз.

2. Каймак майды эритип, үстүнө 1 аш кашык кант упасын жана майдаланган печеньени салып аралаштырабыз.

3. Кам каймакка ванилинди жана 1 аш кашык кант упасын салып коюуланганча блендер менен чалабыз.

4. Идишке алгач каймак майга аралашылган печеньенин жарымын, кулпунайдан салып, үстүнө кам каймак аралашмасынын жарымын куябыз. Бул катмарды дагы бир ирет кайталайбыз да, муздаткычка 1 саатка салып коёбуз. Дасторконго берерде кулпунай же печенье менен кооздоп койсоңуз болот.

ЖЕҢИЛ ТРЮФЕЛЬ

Керектелүүчү азыктар:

Коюулатылган сүт (сгущёнка) – 240 грамм

Какао – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Трюфелди оонатуу үчүн какаодон эки аш кашык алып коёбуз. Коюулатылган сүттү ысытып, ага калган какаону аз-аздан салып аралаштырабыз. Жакшы аралашкан массаны калыпка салып, плёнка менен жаап тоңдургучка 2 саатка салып коёбуз.

2. Тактайдын бетине какаодон себелеп, тоңдурулган шоколад массасын калыптан ажыратып тактайга коёбуз. Үстүнө да какаодон сээп, бычак менен бөлүктөргө бөлүп, аларды тоголок же төрт бурчтук кылып өзүбүз каалаган калыпка келтиребиз. Шоколадыбыз даяр.

“КЕРЕМЕТ” МАРМЕЛАДЫ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 300 грамм

Кумшекер – 200 грамм

Желатин – 20 грамм

Лимон ширеси – 30 миллилитр

Кокос кырындысы – 20 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кулпунайдын үстүнө кумшекерди салып эзип алабыз, үстүнө лимондун ширесин сыгып, желатинди кошуп жай отко коюп 3-5 мүнөт аралаштырып турабыз. Кайнай баштаганда отту өчүрүп, идишке куюп, 30-35 градуска чейин муздатып алабыз.

3. Аралашманы миксер менен орточо ылдамдыкта 10 мүнөттөй аралаштырабыз.

4. Калыпка пергамент кагазын төшөп, бетин майлап, кокос кырындысынан сээп, аралашманы куябыз. Массаны тоңдургучка 3-4 саатка салабыз.

5. Десертти калыптан чыгарып, курч бычакты ысык сууга салып каалаган өлчөмдө бөлүп алыңыз. Каалооңузга жараша формасын өзгөртсөңүз болот.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Asel-91
2021-05-11 10:45:31
Жеңил жасалат турбайбы, жасап көрбөсөм ай)
+2
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан