(Башы өткөн сандарда)
Тээ түн бир оокумда ал сыртка чыкты. Күн бүркөлүп турганга айлана капкараңгы болчу. Капюшонго бекинип алып, аркасында асынган рюкзагын жоготуп жиберчүдөй бекем кармап алып бир топко жол жүрдү. Сокулуктагы дачалардан арыраактагы дөңсөөлөргө баратты. Балким, башка учур болсо мына ушундай капкараңгы түн, бир башкача жымжырттык анын денесин муздатып коркунучка такамак болуш керек. А бирок бул жолу ал ушул аймакта жалгыз экенине, түндүн ушундай караңгы экенине тескерисинче кубанып баратты...
Бир убакта ал кичинекей колотко келип жетти. Колоттун кире беришинде эле 5-6 кара жыгач өсүп туруптур.
– Бир... Эки... Үч...- санактан жаңылчудай ошол кара жыгачтарды ар биринин тушуна туруп санады. Анан үчүнчү делген дарактын түбүн тизелей отура калып, рюкзагынан алып чыккан бычак менен чукулап жерди каза баштады.
Заматта кара терге түшүп, демигип чыкты. Деген менен 70 сантиметрдей тереңдиктеги чуңкурду бир дем албай казып салды. Кезинде айылдагы үйүн айланта кашаа кармаганда, устундарга ушундай кылып чуңкур казчу. Тизелей отура калып колу менен чуңкурдун түбүндөгү топуракты кочуштап алып чыгар эле... Айылын эстеди... Атасын эстеди. Атасы экөө жашаган эски үйдү эстеди.
ххх
Чуңкур даяр болду. Ооз жагын кууш кылып казып, ылдый жагын бир аз кененирээк кылып казган. Туура эле ошентиптир. Антпесе кууш чуңкур жалаң эле акча менен толуп калмак экен. Топ-топ болуп байланып, чымырата скотчтолгон жашыл акчаларды кенен кылып казылган жагына кыш тизгендей дыкаттык менен кынаптады. Кийин үстүнө топурак таштап, жаңы казылганы билинбегидей кылып майда таштар менен бастырып салды.
ххх
Сабина түн бир оокумда каалганын ачылган үнүнөн чочуп ойгонду. Эмнегедир эле жаман ой кетти. Өзүн коргонууга шашкалактап бир нерсе издей баштады.
– Ким?
– Мен эле... Коркпо,- Тилек жай гана жооп берди.
– Сен кайдан? Түндөп бир жакка барып келдиңби?
– Сыртка дем алганга чыккам... Уктай бер!
ххх
Эртеси Бекжан таң атпай келди. Жанында кичине уулу Айдар да бар экен.
– Менин адамдарым толду,- учурашар менен эле сөзгө өттү ал.
– Жакшы... Биз менен барчу жигит ушул да, ээ?
– Ооба.
– Адамдар толсо канчаларда чыгып кетебиз?
– Түндө... 10-11лер менен.
– Биз даярбыз.
– Мага аванс керек.
– Канча?
– 25 миң...
– Жо-ок! 25 бере албайм. 2 миң доллар бере алам. Жасалмасынан...
– Тилек!
– Мен сага баарын ачык айтып жатам да. Алдаган жокмун. Мени аман-эсен жеткиресиң, чыныгы акчаны колуңа санап берем.
Бекжан бул жигит сөзүнөн кайтпай турганын түшүндү.
– Келиштик... Стоянкада саат 7лерде кичине ээнирек болот. Ошол тапта автобустун багажын ачып машинаны жакын токтотом бат-баттан кирип кеткиле. Эч ким байкабайт. Силер отурчу жакка баарын даярдап койдум.
– Уулуң көндүбү башкысы?
– Көндү. Эжесин аябай жакшы көрөт. Сен ошол кишилер менен чогуу отуруп барсаң, көп акча алабыз. Эжеңди дарылатабыз десем эле макул болду. Бул аябай чыдамкай,- Бекжан уулунун көкүлүнөн сылап койду.
ххх
Марс уктап жаткан. “Тур энең!” деп кыйкырган башчысынын үнүнөн чочуп ойгонду.
– Шеф?
– Сен акмак азыр баарын ачык айтасың! Антпесе мен сеничи!..
– Шеф, мен сизден эч нерсе жашырбай элемин.
– Калп айтпа! Сен аны атайлап качыргансың же болбосо...
– Мени атып качты го... Мен бир өлүмдөн калбадымбы?!
– Калп айтпа! Экөөнүн жанында башка адам жүрөт орто жаштардагы, ал ким? Силер жөнөттүңөрбү?
Марс алайып эле туруп берди.
– Айт! Аларга айдоочу болуп жүргөн киши ким? Сен жөнөткөнсүң билип турам.
– Мага ок тийди го, шеф!
– Ким билет, өлбөгүдөй кылып атам дегендир да. Сүйлөшүп алган чыгарсыңар, балким. Атайлап мээлеп, “жизненно важный” органдарга тийгизбей аттыбы? Айт! Сен билесиң? Үчүнчү киши ким? Орто жаштардагы киши экен деп жатышат.
– Мен билбейм...
– Сен бул жерден чыккандан кийин мен сени түптүз СИЗОго киргизем, уктуңбу?! Киргизгенде да положенец, смотрящийлердин алдына салып берем. Сен аны атайлап качыргансың. Ал көк мээлериң акчага жутаган немелерби? Жолдо келе жатып машинасын сатышыптыр. Сатып алган киши айтып жатат. Үчөө болчу дейт. Бир кыз, бир жигит, анан орто жаштардагы киши... Сен кармаганда ал жалгыз беле?
– Жалгыз болчу...
– Кыз менен тиги киши кайдан чыкты анда?
– Билбейм. Тилек “подельниктерим” сатып кетишти деген... Акчаны ошолор алып кетишти деген.
– Ах, эшек! Мени жолдон тайдырган жатасың, ээ? Бул айтпаса сен айтасың!- Бакыт жанатан бери көздөрү алайып коңшу керебетте отурган Мирбекти тик карады.
– Кайда айт?
– Билбейм!
– Билесиң... Сени азыр алып барып камайм. Мунуң бир аз өзүнө келип алсын артыңдан барат, - Мирбекти жулкулдатып сүйрөп жөнөдү.
ххх
Терезеден Бакыт Мирбекти машинасына салып кеткенин карап турду. Мирбек эч нерсе айтпайт. Айтчу болсо шефи чындап камап салат. Билбейм дегенинен эле кайтпаса, Бакыт кайра алып келип өзү эле ушул палатага жайгаштырары бышык. Күтүү гана керек...
ххх
Кечке жуук күрп болгон тооктой жүдөп Мирбек кирип келди.
– Эмне болду?
– Энеңдурайын, көк мээ турбайбы?! Башка көзгө койгулап... Таппай айласы кетип, күчүн менден чыгарат, энеңдурайын!
– Мирбек, анын эмне болуп жатканы мага кызыгы жок... Тилек кайда экен, биле алдыңбы?
– Жок... Ошол эле. “Башка бир адам кошулуп жүрөт, ошол ким?” деп эле сурап жатты?
– Бул маалыматты тигилерге кымбатыраак сатыш керек. Чалып калса айт, 2 миң алдын-ала которгула, маалымат баалуу де, уктуңбу?! Миңи сага, миңи мага...
Бул экөө ооздорун жыйганча эле жаздык алдына бастырылган Нокиага чалуу келди. Мирбек саамга ойлоно түшүп, анан телефонду Марска карматты.
– Сиз айтыңызчы!
– Алло,- Марс дароо алды – Ооба. Тилек тууралуу жакшы маалымат бар. Бирок бул жолу акча көбүрөөк керек. Адегенде которгула! 2 миң. Жок, бул Мирбек эмес, бул Марс... Ооба өткөндөгү счётко эле которгула!
Телефонду коюп эле Мирбекке “Аялыңдан сура, түшүптүрбү?” деди. Акчаны дароо которушуптур. Аз өтпөй кайра чалышты.
– Алло... Биздин маалымат боюнча Тилек менен тиги кызга кошулуп орто жаштардагы башка киши жүрөт. Алар Көлдөн келе жатып машина сатышыптыр. Тиги үчүнчү кишинин ким экени бизге да белгисиз. Ал табылчу болсо эле баары табылат...
ххх
– Айттым эле го, алар машинаны сатышыптыр. Мен айткан эле нерсени айтышты... А сен аларга толтура төлөп бердиң,- Айка таарынгандай орус жигитке сүйлөдү.
– Ооба, сен айткан нерсени эле айтышты. Бирок акчаны мен булардан 2 мүнөттө эле кайрып алам. А сенден албайм...
– Булардан кантип аласың?
– Алардын эмне деп сүйлөгөндөрү бүт жазылып калды менде. Өздөрүнүн үнүн өздөрүнө угузуп туруп эле, “шефиңерге аудиону жөнөтөм” десем акчаны кайрып беришет. Болгондо да көбүрөөк кылып кайрып беришет. Башка күнү көрсөтөм, ээ? Азыр мен тиги чалга барышым керек.
ххх
– Орто жаштардагы киши дечи... Эгер табылган өлүк Аскар болсо, демек, тиги киши анын досу... Аскардын тааныштарын билесиңби?
– Бирөөсүн гана тааныйм. Бекжан беле, ысымы калп айтпасам. Бир ирет “Аскардан келдим” деп автобусун оңдотуп кеткен.
– Эмне болгон автобус?
– Россияга каттайт...
– Мм... Анда ордуңда тура бер. Алар Россияга чыгып кеткенче,- картаң зек карс-карс жөтөлүп баштады. Саша аны саамга түшүнбөй карап турду да, анан чуркап жөнөдү…
(Уландысы кийинки санда)