Volkswagen өткөн жылы сентябрь айында тааныштырылган ID.4 GTX электр унаасынын сатыкка чыкканын жарыялады.
Компания бул моделинин электр кыймылдаткычынын ылдамдыгын 160 чакырым/саатка чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди.
Ал эми кадимки арткы октогу кыймылдаткычтан тышкары алдыңкы окко кубаттуулугу 75 киловатт болгон экинчи кыймылдаткыч кошулган, натыйжада жалпы кубаттуулук 220 киловатты түзгөн. Жаңы моделдин сырткы жана ички жасалгаларында спорттук мүнөзгө ээ бир катар элементтер камтылган. 3D LED жарык берүү технологиясы менен жабдылган. Германияда бул унаанын баасы 50 415 еврону түзөт.
Динара Акимова