Apple компаниясынын көрүнүктүү эксперттеринин бири Мин-Чи Куо Apple бүгүлмө iPhone чыгарарын ырастады. Анын айтымында, телефон 8 дюймдуу бүгүлмө QHD+OLED дисплейлүү болот. Аппарат iPad mini`нин форматына жакындап, планшеттин көлөмүнө чейин ачылгыдай болот. Бүгүлмө механизмин өркүндөтүү үчүн компания күмүш нанокристаллды колдонот.
Куонун айтымында, Apple`дин бул жаңы өндүрүмү керектөөчүлөрдүн санын арттырып, смартфон рыногун өзгөртүшү мүмкүн. Алдын ала жасалган анализге карап компания 2023-жылы 15-20 миллиондун тегерегинде iPhone`дун бүгүлмө моделин чыгарат.
Динара Акимова