5 СОТЫХ ЖЕРГЕ АЛМА ТИГИП, 8 ТОННА ТҮШҮМ АЛСА БОЛОТ

"Элибиз жемиш бак тигип, түшүмүн сатып киреше таап жашоолорун жана өлкөнүн экономикасын көтөрүшү керек. Ал үчүн жемиши өтүмдүү, эрте түшүм берүүчү бактардын сортторун өстүрүү кажет. Биздин өнүгүү стратегиябыз багбанчылыкта",- дейт "Борбор Азия багбандар биримдигинин" жетекчиси багбан, экоактивист Абдулла Капаров. Абдулла мырза 50 жашта, кичи мекени Оштун Кара-Суу районунун Учкун айылы. Каарманыбыздын айыл чарба жаатындагы кызыктуу ойлорун угуп көрдүк.

– “Борбор Азия багбандар биримдиги” коому кандай идеядан улам түзүлгөн?

– 2015-жылы бир долбоор менен Лейлек районунун Арка айылына барып, ал жакта 1,5 жыл жашадым. Аркада бак-дарак жок бопбоз, ысык коңшу өлкөлөрдүн айыл, шаарлары жапжашыл, салкын. Иштер менен коңшу өлкөлөрдүн шаарларына барып жаттык. Такыр жерге суу чыгарып, жемиш бактарды тигип салышкан. Бир жолу бирөөнүн жүзүм багына бардым. Ээси “16 гектар жүзүм багым бар, өткөн жылы үшүк жүргөндө түтөткү салып жүзүм бакты сактап калдым. Элдикин үшүк уруп кетти. Мен жүзүм сатып 560 миң доллар киреше көрдүм. Түшүм жакшы болбогон жылдары 200-250 миң доллар киреше алам” деди. Ошондо мага биз эмнеге бак отургузбайбыз деген ой келип, элди багбанчылыкка үйрөтүү керек деген идея жаралды. “Борбор Азия багбандар биримдиги” коому 6 жыл мурун түзүлгөн. Расмий катталганына 3 жыл болду. 7 облустун 40 районунда 2 иреттен, андан тышкары 8 шаарда болуп элге бак тигүү, аларды багып-кароо, зыянкечтерине каршы күрөшүү жаатында бак-даават жүргүзүп келдик. Ишибиз токтобой улана бермекчи.

– Сиздердеги долбоорлор боюнча айтсаңыз.

– Бизде 5 сотых, 10 сотых, 1 гектарга бак тигүү, 7 облуска 7 ири питомник курдуруу, жер астындагы сууларды бургулап чыгаруучу техникаларды алып келүү, балдарды чет өлкөдөн агрономдукка окутуу, сырттан эт, сүттү мол берүүчү мал породаларын алып келүү жана башка жаатта долбоорлор бар. Жемиш багы – киреше булагы. Жемиши кымбат сатылчу, бат түшүм берүүчү мыкты сортторун тигүү керек. Мисалы, жапыз жана жарым жапыз бойлуу жемиш бактары 2-жылда эле аздан түшүм бере баштайт.

1 гектар алма бак тигүүгө 10 миң доллар акча кетет. Мунун 2 миң доллары тегерегин тосконго, 3 миңи тамчылатып сугаруу системине, 7 миңи көчөттөргө кетет. Эгер мынча каражат жок болсо алгач 5 же 10 сотыхка тигип, андан түшкөн кирешени топтоп, анан бактын аянтын 1 гектарга жеткирсе болот. 5 сотыхка 200 түп жапыз бойлуу алма көчөтү батат. Жетилгенде ар бир түп 40 килограммдан түшүм бергенде эле 8 тонна алма аласың. Бизде кээ бирлер “жаңгак тиктим эле 8-9 жыл болду, али түшүм бере элек” дейт. Азыр жаңгактын 5 жылда мөмө түйүүчү сорттору бар.

Азыр бак тиккенден кеч калдым дегендер күздө тиксе болот. Сортторду аймактын климаттык шартына карап сатып алуу керек. Алманын делишес, старкримсон, голден делишес, гренни смит, жонатан сыяктуу кышкы сорттору кышка жакшы сакталат, жакшы өтүп, мол акча болуп берет. Кара өрүктүн кургатып сатууга тулпар, уркуя, стенлей сортторун эксе жаңылбайт. Тигип, атайын аппарат сатып алып жемишин кургатып, кышы менен сатса акча. Көлдө краснощекий, спитак кремовый, эффект сортундагы өрүктөрдү көбөйтүү зарыл. Жапыз бойлуу кокон гилас тиксе буталбайт, жумушу жеңил. 1 түбү 5-жылда 40 килограмм түшүм берет.

Кыргызстанда 1 миллион 300 миң гектар жер бар. Мунун 300 миңи колдонулуп, калганы бош жатат. Сугат маселеси чечилген эмес. Бош жаткан жерлерге суу чыгарып 1 миллиард 200 миң көчөт тиксе батат. Ошончо көчөт тигилсе, кийин жемиши канча пайда алып келерин өзүңүз эсептеп көрүңүз.

Бак тигесиңби, жашылчабы же буурчакпы, капуста, дарбызбы, айтор, химиялык жер семирткичтерди колдонбой, биогумусту колдонуу керек. Биздин максат – элди жашылча-жемишти органикалык жер семирткич менен өстүрүүгө үгүттөө. Химиялык жер семирткичтер көп колдонулуп өстүрүлгөн жашылчаларды чет өлкөгө киргиздирбейт. Андыктан элдин ден соолугуна зыян келбеши үчүн, чет өлкөгө сатып өткөрүү үчүн биогумусту колдонуңуздар. Биогумустун өзүн сатып миллионер болууга толук мүмкүн.

Айылдагы үй-бүлө мал багат, кык бар. Ошол кыкка калифорния сөөлжандарын коё берсе, алар биогумусту иштеп чыгара берет. Биогумусту өзгөчө Нарын облусу, Алай, Токтогул району колго алышы керек, себеби мал, кык көп. Нарындын климат шартына клюква, голубика, брусника, черника өстүрсө болот. Алар кымбат сатылат.

– Бургулап суу чыгаруу жаатында кеп салсаңыз.

– Азыр айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча инвесторлор өлкөгө 55 миллион доллар бөлүп жатат. Ошол акчаны бизге берсе биз 20 миллионуна чет элден 5000 метр тереңдиктен бургулап казып суу чыгаруучу техникаларды сатып алат элек. Суу чыгарып бош жаткан жерлерге, адырларга бак тигилмек. Бак тигүү менен өлкөнү жашылдантат элек, аба тазармак, токойлор, аны менен кошо канаттуу, жаныбарлар, суу, булактар көбөймөк. Өлкөдө 1,5 миллион гектар жайыт деградацияга кабылган. Ал жерлерди калыпка келтирүүдө да бак тигүүнүн пайдасы зор.

35 миллион долларына питомниктерди курдурат элек.

– Сыягы, сиз заманбап питомниктерди куруу боюнча айтып жатасыз.

– Ооба, жапыз жана жарым жапыз бойлуу көчөттөрдү чыгармакпыз. Бир шакка башка бактын чырпыгын кыйыштырып чыгаруу эмес, бул көчөткө лабораторияда In vitro ыкмасы колдонулуп, пробиркада чыгарылат. 1 жылда 1 лабораториядан 30-40 миллион көчөт чыгарса болот. 1 питомникке 5 миллион доллар, ал эми 7 облуска 35 миллион доллар керек. Ар питомникте 200 гектар жер, 20 гектар теплицасы, In vitro лабораториясы, административдик имараты болот. Ошондо биз чет өлкөдөн көчөт эмес, анын жалбырагын же башка бөлүгүнүн кичинекейин гана сатып келебиз. Мисалы, жалбырак дейли, аны атайын суюктукка эритип, клеткасын алып туруп клондоп көбөйтүп, анан боксторго коюлат. Кийин теплицада, анан сыртка жерге өстүрүп, сатууга чыгармакпыз.

– Малды семиртүүчү тоют чөптөрдүн уругун алып келүү тууралуу да сунуштарыңыз бар экен...

– Ооба, сорго, италия бедесин, топинамбур, амарант, кышкы рапс жана башкалардын уругун алып келип сээп, өстүрүүнү сунуштап келем. Балдарды агрардык окуу жайларда окутуу зарылчылыгы чоң. Биздин өлкөнүн Түркиянын Измир шаарындагы ошондой окуу жайы менен келишими бар, анда учурда 4 гана бала окуп жатат. Дагы миңге жакын балдарды окутуп алсак, алар келип иштеп, багбандарга жардам бермек, айыл чарба көтөрүлмөк. Каражат болсо аймактарда да агрардык окуу жайларды ачат элек.

Азыр экономикалык кризис коронавирус пандемиясынан улам ого бетер күчөөдө. Андыктан ар ким кышкыга камылгасын азыр башташы керек. Помидор, болгар калемпири, сабиз, түрп, картошка, пияздын түшүмдү мол берүүчү сортторун тигиңиз. Кышкыга татымалга деп болгар калемпирин, сабизди, көк чөптөрдү кургатып же тоңдуруп алыңыз. Ушинтсеңиз акчаңыз үнөмдөлөт.


– Маегиңизге рахмат!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
algakaray
2021-05-12 22:02:12
Молодец киши экен.
+2
kkkk3259780
2021-05-14 08:03:38
бак тиккилле туугандар
+2
Asmat84
2021-05-17 07:37:29
Ушул киши менен кантип байланышабыз
+1
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан