ШАУРМАНЫН АЙЫНАН 15 ЖАШАР БАЛА ОПЕРАЦИЯ БОЛДУ

Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун ашказан жана 12 эли ичегинин оорулары бөлүмүндө бир жылда 1000 жана андан ашыгыраак адам дарыланат, алардын 550дөйүнө операция жасалат. Аталган бөлүмдү медицина илимдеринин кандидаты, доцент Болот Иманов жетектейт. Врач-хирург менен ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы тууралуу маектештик.

"ЭНЕРГЕТИКАЛЫК СУУСУНДУКТАР АШКАЗАНДЫН ДУШМАНЫ"

– Болот мырза, жаш балдар да ашказанынан көп операция болууда. Бул эмнеден улам болуп жатат?

– Ашказан жана 12 эли ичегинин жара оорусу ушунчалык жашарып баратат, окуучу балдар да түшүп жатат. Минтип жүрүп отурса жаш балдардын көбү оорукчан болуп калуу коркунучу бар. Мисалы, жакында эле 15 жаштагы бала ичинен кан кетип ооруканага түштү. Операция жасап аман алып калдык. “Эмне жеп, иччү элең?” деп сурасак “шаурмасыз тура албай калгам” дейт.

Шаурмада, гамбургерде, айтор, фаст-фуддарда колдонулуучу эттер кайдан келген, эмне эт экендиги белгисиз. Санэпидемстанция арыз түшсө гана фаст-фуд түйүндөрүн текшере алат. Мурункудай айттырбай барып текшерүү дегенди кайра киргизүү керек. Башка ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы менен түшкөн 15-30 жаштагы бейтаптардан сурасак алар да фаст-фуддарды көп жеп, энергетикалык суусундуктарды иче тургандыгын айтышууда.

– Сапатсыз тамактардан башка дагы эмнелер аталган оорунун келип чыгышына жеткирет?

– Келип чыгуусун шарттоочу факторлор:

  • Хеликобактер пилори
  • Дары-дармектер, өзгөчө аспирин, бутадион, кетопрофен, диклофенак, индометацин, ибупрофен
  • Куурулган, туздалган, ышталган тамактарды көп жегендик
  • Ичкилик ичүү, тамеки тартуу
  • Кир азыктар, антисанитардык жашоо шарт
  • Тукум куучулук, стресс
  • Өтө ысык тамакты, чайды ичүү, ачуу татымалдарды көп колдонуу

Ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы барлар ысык тамак, ысык чай ичпеши керек. Анткени ысык чай зарнаны жаратып, ашказандын чел кабыгын дүүлүктүрөт. Жылуу, күчтүү демделбеген чай сунушталат.

Сөз болуп жаткан дарт иммунитет начарлаган кезде, башкача айтканда, жаз, күздө курчуйт.

Адам көп жинденгенде, кайгырып-капаланганда ашказан туз кычкылын көп бөлүп чыгарат. Бул ооруга жол ачат. Стресске ачка кезде кабылуу өтө жаман. Тамак жок кезде ашказандын чел кабыгы ачык болот да, көп бөлүнүп чыгып жаткан туз кычкылы чел кабыкты дүүлүктүрөт, акырындап оору жаралат.

– Дарттын түрлөрү боюнча айтсаңыз.

– Кабылдап кеткен дарт организмге келтирген коркунучу боюнча 4 түргө бөлүнөт.

1. Жара ашказандын калың катмарына өтүп, андагы кан тамырлар жарылып, акырындап же күргүштөп кан ага баштайт. Адам кан кусуп, эс-учун жоготот. Дароо операция жасалбаса адам көз жумат.

2. Жара жарылып, ашказандын бардык катмарлары ачылып, ашказан жана 12 эли ичегидеги суюктуктар ич көңдөйүнө куюлуп, андагы органдарды уулантып, иритет. Операция жасап, жараны алып, ордун бүтөө керек. Болбосо адам өлүп калат.

3. Ашказан же 12 эли ичегидеги жара акырындап берчке айланып, тамак өтчү жерди бүтөп калат. Тамак сиңбей, адам куса баштайт, арыктайт. Операция жасап, жараны алып, анын ордун бүтөө керек.

4. Жара ашказандан өтүп, коңшу органдарды – уйку безин, өт баштыкчасын, боорду да жабыркатат. Операция жасалбаса адам өмүрүнөн айрылат.


Геморрагиялык гастрит

– Геморрагиялык гастрит менен ооруган адамдын ашказаны тердеп, ичтен канайт. Кээде андай адамдын ашказанын толук же бир бөлүгүн алып салууга туура келет. Толук алганда кызыл өңгөч менен ичке ичегини туташтырып тигебиз. Ичеги ашказандын да милдетин аткарып баштайт. Адам башында диета кармап жүрүп, анан тамактарга акырындап аралашып кетет. Бирок баары бир аша чаап кетпөө керек. Кээде бир жолу операция болгондор экинчи жолу да түшөт, себеби – диетаны сактабоо, ичкилик ичүү.

Бизге бир эркек түшкөн, ашказаны буралып, чирип баштаптыр. Ашказанын алып, кызыл өңгөчү менен ичегисин туташтырып койгонбуз, кийин жакшы болуп иштеп кетти.

Геморрагиялык гастритте ашказандын чел кабыгында өзгөрүүлөр болот. Бети канай турган чоңдугу 3 сантиметрге чейинки жаралар пайда болот. Оору курч кармайт.

Тамак ичсе оорусу күчөйт, ич салмактанат, шилекей көп бөлүнүп чыгат, көңүл айланат. Кусканда кан чыгышы мүмкүн. Заңы кара түскө өтөт. Ичтен кан кеткенде кан басым төмөндөп, өң кубарат. Дарттын башталышында дары-дармек менен дарылоого болот. Өтүшүп кетсе операциядан башка жол жок. Дарылоодо диета кармалат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2021-05-11 22:14:03
Өтө пайдалуу маалымат чыгарыпсыңар рахмаат, ушундай маалыматтарды көп чыгарып тургулачы. Мен өзүм көчө тамактарды такыр жебейм эмнегедир жиркене берем кандай кылып даярдаган кандай ийдиштерде жасалган ошону ойлосом ачка болсом да жегим келбейт аа суусундуктарды такыр ичпейм өзүбүз эле жайында ар мөмө жемиштерден кампот кылып алабыз.
0
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан