ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

ОКУУЧУ БЕТ КАП ҮЧҮН МЕКТЕПТИ СОТКО БЕРДИ

Улуу Британиянын Шеффилд шаарындагы 12 жаштагы кыз мектепте коронавирустун алдын алууда медициналык масканы кийүүгө мажбур болгондугу үчүн мектепти сотко берди. Ал эми мектептин жетекчилиги бет капты мажбурлоо жолу менен эмес, сунуштоо менен кийгизишерин белгиледи. Жетекчиликтин айтымында, 2020-жылдын август айынан бери мектептеги 120 мугалим коронавирус жуктуруп алган.

2 ЖАШТАГЫ УУЛУН САТКАН АДАМ КАРМАЛДЫ

Кытайдын Се аттуу тургуну аялы менен ажырашып, баласын өзүнө алып калган. Анын жаңы жубайы өгөй уулун жактырбай, чыр-чатак көп чыга баштаган. Буга байланыштуу Се 2 жашар уулун баласы жок үй-бүлөгө 158 миң юанга (2 миллион сомдон ашык) сатып, жубайы менен саякаттоого кеткен. Баланын жоголгонун байкаган Сенин туугандары полицияга кайрылышкан. Баласын саткан ата күч органдары тарабынан Чжэцзян провинциясынан кармалып, камакка алынган.

АЯЛЫН САКТАЙМ ДЕП КЫЗЫНАН АЙРЫЛДЫ

Бразилиянын Туруру муниципалитетинин тургуну 25-апрелде үй-бүлөсү, достору менен Инасио дарыясына сууга түшүүгө барган. Бир учурда ал аялынын чөгүп баратканын көрөт. Ошол учурда эки жашар кызы Эмилия Виктория жанында болгон. Күйөөсү аялына жардам берүүгө чуркап, сууга түшкөн. Бирок кокустан колундагы кызын коё берип, аны агым алып кеткен.

Жоголгон кызды издөө 2 күнгө созулуп, акыры анын жансыз денеси суудан табылган.

МАЛИЛИК АЯЛ 9 БАЛА ТӨРӨДҮ

Африкадагы Мали Республикасында бир аял тогуз бала төрөдү: беш кыз жана төрт эркек. Бул тууралуу 5-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Халима Сиссе Малинин борбору Бамако ооруканасында эки апта жатып, андан кийин президент Ба Ндавдын жарлыгы менен Мароккодогу клиникага которулган. Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, Малиде жана Мароккодо да УЗИ адистери аялдын курсагында болгону жети баланы аныкташкан. Аял операция жолу менен төрөгөн. Балдардын абалы жакшы.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 961, 6-12-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан