КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэл жөнөп кеткен унааны карап бир топко делдейип туруп калды. Бул окуяга таң калып бүтпөй жатты.

– Булар мынча маалыматты кайдан алышкан, керек болсо, Аделя тууралуу да билишет экен го. Мени эмне кылышат? Ушунча мушташка чыккан балдардын ичинен өзүн тандашканына бир чети ишене албай турду.

– Балким, алардын арасынан да өздөрүнө керек болгонун эбак колго алып коюшкандыр,- деп өзү менен өзү сүйлөнүп батирине кирди. Дайыма үйгө келери менен сумкасындагы тер кийимдерин иретке келтирчү. Азыр кире беришке таштай салып, керебетти көздөй жөнөдү.

– Алмаз агайга айтсамбы, же эмне кылсам? Бир байкап көрсөмбү? Булар менин ийне-жибиме чейин иликтешиптир. Баш тартып койсом булар мени жайыма койбойт го.

Байэлдин машыгуудан кийинки чарчаганы унутулуп далайга уйкусуз жатты. Бири сыпайы, бири кекете сүйлөгөн эки киши аны катуу ойго салып кетти.

ххх

– Маржан, тиги Баатыр менен Камчыны аялдары менен тамакка чакырып койбойлубу,- эртең мененки дасторкондо отурганда Болот кеп баштады.

– Эмнеге? Үйгөбү?- Маржанга бул сунуш жаккан жок. Баатыр менен жакындашуудан качкан сайын жолукканга өзүнөн-өзү бир себеп табылып жатканына жини келди.

– Жөн эле, Алматыдан келген сайын мени коноктоп кетирип жатышты. Үйдө жүргөнүмдөн пайдаланып бир коноктоп койсокпу дегем. Ресторан-кафеден күндө эле тамактанып жатпайбызбы. Үйгө чакырганыбыз жакшы болот.

– Качан дейсиң?

– Айырмасы жок, сен кайсы учурга туура көрсөң.

– Мейли, сен күнүн тактап мага айт. Мен тиги Айдайларга эрте айтып коёюн. Башка жакка буюртма алып албасын. Анын тамактары конокко жакшы эмеспи,- деди Маржан аргасыз. Көнбөскө чарасы барбы? Ансыз деле үйгө качантан бери конок чакыра элек. Болоттун жоктугуна шылтоолоп конок чакыруу дегенди унутуп бараткан.

Болот келип-кетип жүргөнгө мурда элес албай жүргөнбү, айтор, Алматыдан бери жубайынын кыйла өзгөрүп кеткенин байкап жатат. Мурун конок тособуз дегенде бапыраңдай түшкөн ал бул сапар өтө көңүлү суз кабыл алып, конок чакыргысы келбей жатканына таң калды. “Жумуш-жумуш деп жүрө берип, өзүм кылдым көрүнөт. Таштап коюп Алматыда жүргөнүмө таарынып жүргөн жокпу? Же чарчап жүрөбү? Эс алууга чет жакка барып келсекпи?” Болот жалгыз жатып ушуларды ойлонду. Түп тамыры менен өзгөрүп, ачуулуу болуп калган Маржанды түшүнө албай турду.

ххх

Аделя бөлмөсүндө китеп окуп отурган. Эмнегедир курбусунун Байэлди атасына окшоштурганын эстеп кетти. Туруп ата-энесинин бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Бөлмөдө текчеде турган кара чоң сүрөт альбомду бөлмөсүнө алып келди. Бирден барактап телефонундагы Байэлдин сүрөттөрү менен окшоштура баштады. Атасынын студент кезиндеги сүрөттөрүн карап отуруп даана эле Байэлди көргөндөй болду. Эч жаман ою жок “кыздар атасына окшош балдарды жакшы көрүшөт” деген чын экен деп кудуңдап сүйүнүп альбомду жаап койду.

– Кандайсың, Аделя?- ал аңгыча бөлмөсүнө Арс баш бакты. Ал Казакстандан келери менен Аделяга жөнөгөн. Ата-энелери катышып жүргөндүктөн, Баатырдын үйүнө келип көнүп калганга түз эле Аделянын бөлмөсүнө кирип келди.

– Жакшы,- үйгө жетип келгенине жини келди кыздын.

– Сага ала келдим,- алаканга баткан бүктөлмө күзгүнү сунду.

– Кереги жок болчу,- кыз китепке үңүлө.

– Сен эмне таарынып жатасыңбы? Жүрү сыртка чыгып келебиз.

– Бош эмесмин, экзаменге даярданып жатам,- эптеп Арсты үйдөн кетиргиси келип калп айтты. Байэл болсо экзамен болуп жаткан күнү да кете бермек. “Жооп бербей койсом өзү эле түшүнүп жазбай калат, сүйдүм-күйдүмдү токтотот” деп ойлогон Аделя. Бирок Арстын жөн эле токтоп калчу түрү жок.

– Макул, анда мен барайын, экзамениң бүткөндө жолугалы. Баатыр атага салам айт,- Арс бөлмөдөн чыгып, ылдыйкы кабатка түшүп кетти.

– Ой, Арс, кандайсың? Качан келдиң эле? Эмне, Аделя жок бекен?- үйдүн кожойкеси кирип келди.

– Жакшы, өзүңүздөр жакшы турасыздарбы? Бар экен, сабакка даярданып жатыптыр.

– Жакшы. Кызым ай, үйгө байкеси келсе чай бербей сабак окуганы эмнеси? Кел, отур, чай ич. Сени апаң Казакстанда деп жатпады беле?

– Ооба, кечээ эле келдим.

– Ии, кандай жаңылык менен келдиң?

– Жеңдим,- Арс күлүп койду.

– Ой, азамат! Ден соолугуңду карап, абайлап оюнуңду көрсөтүп жүрө бер.

– Рахмат,- шашпай чайга отурду. Аделяны да чайга чакырып калса деп отурду.

– Аделя, кел, кызым, чай ич,- Арстын оюн окугандай апасы Аделяны чайга чакырды.

– Мен бошобой жатам. Анан,- кыз Арстын кетпегенин билип атайын эле чайга келбей койду. Болбосо тургандан бери наар ала элек болчу. Эринип бөлмөсүнөн чыкпай апасын күтүп жаткан.

ххх

– Байэл, баары жакшыбы? Эмне шалдырап калгансың? Кечээ уктабай бир жакка бардың беле?- машыгуу аяктап калганда Алмаз Байэлдин жанына келди. Ой басып турганга бүгүн машыгууда илең-салаң болуп жүрдү ал.

– Жок, агай, уктагам.

– Бүгүн анча эмессиң.

– Жакшы эле баары.

Агай бир нерсени өткөрүп жибербейт го. Тигилерге кошулуп алсам бат эле билип койбойбу деп ойлонуп калды.

ххх

Байэлге кайырмак илгендер кеч курун Алмаздын залына келишти. Анын чыгышын күтүшөт.

– Муну кайсы топко кошобуз?

– Азырынча кошула элек го бизге.

– Кошулат, кошулбай кайда бармак эле? Жок деп көрсүнчү, шаарда жүргөндөн тумчуккудай кылып салайын.

– Кечээ Байэлге Алмаз менен акылдашпай өзүң чечим кабыл ал деп эскертип койбоптурбуз.

– Алмаз билсе эмне болуптур? Ал бизге тоскоолдук жарата албайт го.

– Эч нерсе кыла албайт дечи. Бирок сөздү көбөйткөндүн кереги жок го дейм.

Экөө аркы-беркини сүйлөшүп отурганча Байэл залдан чыгып калды. Жанында 4-5 бала бар экен. Алар ээрчише аялдаманы көздөй жөнөштү.

– Чакырайынбы тигини?

– Шашпа, үлгүрөбүз жолукканга. Бир жакка барат окшойт балдар менен. Байкап көрөлүчү, башка иштер менен алек эмеспи.

Экөө балдар түшкөн маршрутканын артынан жүрүп отурушту. Бекерге эле күмөн санаптыр. Алар ээрчишип тез татым даярдаган жерге бара жатышкан экен. Көчөдөн эле тамактанып алышып, коштошуп ар кайсы жакка тарап кетишти. Жолду жээктей бара жаткан Байэл аркасындагы машина ага келе жатканын билип жайлап басып калды.

– Кандай, жигит, кел отур.

– Салам алейкум.

– Алейкум салам.

– Ойлонгонуңду күтүп сага өзгөчө мамиле кылып жатабыз. Мени жайыма койсо,- деп сүйлөнүп жатканынын сөзүн кести жанындагы сыпайы сүйлөгөнү.

– И-и, Байэл, сени угуп жатам. Эмне деген чечимге келдиң? Биздин командага кошуласыңбы?

– Менде бир аз коркуу бар.

– Эмнеден коркосуң? Биз өзүбүздүн жигиттерди коргой алабыз.

– Макул, иштеп көрөйүн,- деди Байэл. Ал кечээтен бери ойлонуп иштеп көрүүнү эп көрдү. Үй алып алсам, анан спорт менен кете берермин. Азыр мүмкүнчүлүк келип турганда макул болуп, акча иштеп алайын деген ал. Ошон үчүн бул тууралуу эч кимге ооз ачкан жок.

– Оо, биз сенден ушундай жооп күткөнбүз.

– Бул жөнүндө Алмаз агай билбей эле койсун.

– Ананчы. Андан көрө сен эч кимге айтпа. Ашыкча кеп-сөздүн кереги эмне? Менин атым Капар, бул Баха,- жанындагы кекене сүйлөгөн немени көрсөтүп.

– Ошондо мен эмне иш кылам?..

– Ме, бул телефонду ал! Сага чалам, айтылган дарекке кел...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bulathan
2021-05-17 17:37:10
9
0
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан