Акматбек Султан уулу, төкмө: “ӨЗҮНӨН ДА КИЙИМИ КЫМБАТ АДАМДАР ЖҮРӨК ООРУТАТ”

Бул төкмөгө айтыштарда ыйлааксың деп тийише беришет. Анын Изат Айдаркулова менен айтышын эл жакшы кабыл алып, ал айтыш көпчүлүктүн эсинде калган. Кытайдан келген төкмө акын, ырчы, обончу кенен маек куруп Кытайдагы кыргыздар, балалыгы, чыгармачылыгы, Кыргызстандын тоолоруна болгон сүйүүсү, ата-энесине болгон сагынычы тууралуу айтып берди.

КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 20-октябрь, 1990-жыл

Туулган жери – Кытай, Кызыл-Суу автономдук облусу

Билими – Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн аяктаган.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы

– Акматбек, кандайсыз? Алгач сиз менен кенен таанышып алсак.

– Жакшы, рахмат. Мен Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусундагы Терек деген айылда туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Агам жана карындашым бар. Мектепти аяктагандан кийин акындардын 2 жылдык студиясында окудум. Кийин Кыргызстанга келип, Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн аяктадым. Ата-энем Кытайда, мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенишет.

– Үй-бүлөдө сизден башка өнөрлүү адамдар барбы?

– Агамды, карындашымды достору жакшы ырдайт деп айтышат. Мен бар жерде алар тартынып ырдашпайт. Ошол себептүү ырдагандарын уга элекмин. Ата-энем жамактатып ырдашат. Кичине кезибизде отуруштарда бизди башка бөлмөгө уктатып коюшчу. Ошондо тыңшап жатып угуп калчумун. Таенем Сайракан күчтүү акындардын бири болгон экен. Азыркыга чейин “Дөөлөттүн кызы Сайракан, дөбөгө чыгып сайраган” деген сөздөр айтылып келет.

– Изат Айдаркулова менен "сүйүшүп" айтышканыңыздар коомчулукка көп тараган. Бул айтыштагы гана сүйүү да?

– Айтыштын ак жылдызы болгон Изатты жакын жүрүп, өнөрүн баалаган мен эле эмес, экрандан көрүп турган ар бир кыргыздын жигити, ар бир күйөрманы сүйөт деп ишенем. Изат сүйгөнгө татыктуу кыз. Биз, чыгармачыл адамдар, көбүнчө сүйүүбүздү чыгармачылыкка айлантып жашайбыз.

– Сизге айтыштарда “ыйлай бересиң” деп тийише беришет. Терикпейсизби?

– Терикпейм. Чындык болуп жатпайбы. Айтышка чыкканда ыйлаганымды элдин баары көрөт. Мен өзүмдү түшүнбөгөн адаммын. Кээде ыйлагым келбей калат, кээде ыйымды тыя албай калам. Мени кээ бирлердин алсыздыгы, жан дүйнөңдү жийирткенткен жоруктары, улутубуздун тагдыры, эгемендүү мамлекеттин кадырына жетпегендер, эгемендүү мамлекетке кызмат кыла албагандар көп ыйлатат. Анан өзүнөн кийими кымбат адамдарды ойлоп жүрөгүм ооруганынан да ыйлайм.

– Өнөр аркалайм деп эмне таптыңыз?

– Биринчи Ала-Тоо, Ата Мекенимди таптым. Ала-Тоодой залкар устатым Элмирбек Иманалиевди таптым. Өнөрдөгү досторумду, күйөрмандарымды таптым. Азыр жашоомдо эмне болсо, баары өнөрүмдүн белеги.

Залкарыбыз Эстебес Турсуналиевдин “акындык өнөр өйдө эмес, адамгерчилик болмоюн” деген жакшы сөзү бар. Элмирбек Иманалиев устатым адамгерчиликтин эң таза, керемет үлгүсүн алып жүргөн адам эле. Ал жүрүш-турушу, кеңештери менен үлгү болду. Өнөргө мамиле жасоону, улутту сүйүүнү, адамдарды сыйлоону үйрөттү. Устатым “акындык өнөрдү талант же кесип катары эмес, силерге берилген баш тарткыс ыйык милдет катары кабыл алсаңар, ошондо өлкөдө да, өзүңөрдө да чоң ийгилик жаратасыңар” дечү.

– Кээде акындар 2 топко бөлүнүп кеткендей сезилет...

– Бизге андай сезилбейт. Ар ким өз турмушу менен алек болуп кеткендиктен болушу мүмкүн. Андан тышкары ар бир акын өзүн бир аалам сезет да.

– Ошол үчүн бириге албай жатышабы?

– Ошондой го. Ар ким өзүнчө жылдыз болуп...

– “Устатым барда “Айтыш” фондуна күндө келчүбүз” дедиңиз...

– Азыр деле күндө келебиз. Бирок устатымдай болуп чоң максаттарды коюп иштей элекпиз. Элмирбек агайдын жылдыгын жаңы бердик. Устатыбыз көздөгөн бийиктиктерди багынтып кыргызга кызмат кылабыз деген ойдобуз.

– Жакында “Кышкы махабат” ырыңыз клиби менен чыкты. Ырды устатыңыз Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арнаптырсыз...

– Бул кытайлык кыргыздардын ыры. Сөзү Жунус Асан уулуна, обону Мамбетжума Мамбетакун уулуна таандык. Мен бул ырды тестиер кезимде укчумун. Үйлөнүү үлпөтүн бизде “ойнотор” деп коёт. Ойноторлордо ушул ыр ырдалчу. Искусство университетинде окуп жүргөндө ырдасам, бардык мугалимдерге жакты. Кийин “Төкмө келсе, төр бошотто” Элмирбек агай ушул ырды ырдаткан. Ошондон бери ырдап келатам. 2015-жылы “Ысык-Көл – манасчылардын алтын бешиги” деген айтыш өтүп, ошол айтышта 3-орунду ээлеп, 30 миң сом байге алгам. Анын 15 миң сомуна аранжировка жасаттым. Клипти 2018-жылы тартып баштаганбыз. Ортодо башка иштер менен алек болуп кетип, быйыл кышында бүтүрдүк. Устатым клиптин башталышын көрүп колдоо көрсөткөн. Даяр болгондо клипти көрбөй калды деп, устатымдын жаркын элесине арнадым. Эл жакшы кабыл алды. “Көптөр сендей созо албайт” деп жатышат. Мындан тышкары обон жазам. “Арыба, кыргыз” деген ырдын сөзүн да, обонун да жаздым. Буюрса, жакында Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда уга аласыздар.

– Кыргызстанга биринчи жолу келгениңизди эстеп көрсөңүз.

– Автобус менен келгем. Кыргызстанга баратам деп өзүмө батпай кубанып, уктай албай келгем. Автобус “Мадина” базарына токтогон. Түшүп караганда эски дубалдар көрүндү. “Чын эле Бишкекке келдимби?” деп таң калгам. Башында бардык адамдарга салам бере берчүмүн. Айрымдар таң калып карашчу.

Кыргызстандын тоолоруна аябай суктанам. Кытайда да тоолор бар. Бирок бул жактагы тоолор мага башкача көрүнөт. Сабактан кийин тоого барып, таштарын сылап жүрө берчүмүн. Кыргызстанга жетүүнү бала чактан бери кыялданып күткөм. Кытайда жашаган ар бир кыргыз Кыргызстанды көргүсү келет. Кыргызстан деген мамлекет бар экенине сыймыктанышат.

– Балалыгыңыз кандай өттү?

– Балалыгым тоолордун арасында эч жалганчылыгы, алдым-жуттуму жок коомдо, таза жерде өттү. Тентек болчумун. Кудай өзү кечирсин, чымчыктын балапандарын союп көмө берчүмүн. Бакалардын балдарын өлтүрчүмүн. Бизде бакалардын балыкка окшогон балдарын кумурчак дешет. Ошолорду чыпка менен сүзүп алып, кургак жерге жайып чаңкатып өлтүрө берчүмүн. Азыр эстесем жүрөгүм ооруйт. Чоң атам менен чоң апам “убал болот, өлтүрбө” деп урушчу. Чоң энем, “Кудай күнөөңдү кечирет, жолдун боюндагы таштарды тер. Таштар күн көрсүн, бир жамбашынан экинчи жамбашына оодарып кой” дечү. Күнөөлөрүмдү жууюн деп таш оодарып, таш терип эле жүрчүмүн.

– Ата-энемди көптөн бери көрө элекмин деп калдыңыз.

– Ооба, көрө элегиме 4 жылдай болду. Бул жагы саясатка байланыштуу. Аларды аябай сагындым. Бала кезде кадыр-баркын сезбейт экенбиз. 6 жашымдан бери окуп эле келатам. Окуумдун баарын ата-энем каржылады. Эми өсүп, урмат-сый көрсөтөйүн десең, алардын алыста болуп калганы жүрөктү оорутат. Аман болушсун. Кудай буюрса, жолугушчу жолдор бар.

– Азыр өзүңүз күйөө, ата болдуңуз...

– Ооба, 2 жыл мурун үйлөнгөм. Кыздуу болгонума 4 ай болду. Келинчегим Жийде комузчу. Чыгармачылык аркылуу таанышып, баш кошуп калдык.

– Бактылуу жашаңыздар!

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Акматбек Султан уулу: "Чыныгы сүйүү мезгил сыяктуу болсо керек"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан