ТҮРК КИНОСУНУН КИЧИНЕКЕЙ ЖЫЛДЫЗЫ БЕРЕН ГӨКЙЫЛДЫЗ

Берен Гөкйылдызды сиз дагы таанысаңыз керек. Анткени ал тартылган “Апа” сериалын көрбөгөндөр аз. 2016-2017-жылы чыккан сериал азыр да актуалдуулугун жоготпой, ар кайсы телеканалдардан көрсөтүлүп келет. Сериалда түрктөрдүн Жансу Дере баштаган алп актёр-актрисалары тартылса да, чыныгы жылдыз кичинекей Берен болгону талашсыз. Азыр Берен чоңойду, чоңойду дегенде кандай, быйыл болгону 12 жашка толот. Ошентсе да ал тасма талаасында жараткан ар бир образ адамдын көз алдында, элесинде сакталып калат. Мына ушундай кичинекей жана кыйын кыз тууралуу баян бүгүнкү макалада.

Туулган жери:
Түркия, Стамбул шаары

Туулган жылы: 2009-жыл, 29-сентябрь

Тартылган тасма-сериалдары: “Күйөөмдүн үй-бүлөсү”, “Апа”, “Бош жерде”, “Бал жана каймак”, “Кызым”, “Жетимдер”, "Маанилүү күн" жана башка

МИЛЛИОНДОГОН КАРЕКТЕРДИ ЫЙЛАТКАН МЕЛЕК...

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө тааныткан “Апа” сериалына тартылганда Берен 7 жашта гана болчу. Драма жанрындагы сериалда ал Мелектин жашоосун өз башынан кечирди. Бул тасманы көргөн адам Мелекке боору ооруп, ар бир серияда кыз менен кошо ыйлап, ал кубанса кубанып, тамак жесе сүйүнүп, оор учурда башынан сылагысы келгендир.

Өгөй атасынын эле эмес, өз апасынын да ур-соккусуна калып, таштандыга ыргытылып, көчөдө ачка-ток, ысык-суукта күн кечирген кичинекей кыздын жашоосу... Дал ушундай оор сюжетти кичинекей кыз көпчүлүккө жеткирди, ишендирди, миллиондогон каректерди ыйлатты. Бул ролу үчүн 10го жакын “Эң мыкты жаш актриса” сыйлыктары Беренге татыктуу ыйгарылган.

Беренге журналисттерден эң көп берилген суроо: "Тартуу учурунда кантип ыйлайсың? Кичинекей балдарды жасалма ыйлатыш оор болсо керек?"- дешет. “Чоңдор мага ыйлаш керек болсо кайгылуу нерсе жөнүндө ойлон дешкен. Анан да ыйлагымды келтирген ырлар бар, ошолорду угам. Бирок көпчүлүк учурда каарманымдын апасын сагынганын же кыйналганын ойлонгондо көзүмдөн жаш токтобой, ыйлабай турган сценаларда да ыйлап элди жүдөтөм”,- дейт жаш актриса. Берендин ата-энеси кызынын психикалык абалына кылдат көз салып, ар дайым психологдор менен иштешип, өздөрү да ага көп көңүл буруп, мээрим төгүп турарын айтышат.

АТА-ЭНЕСИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН АЛЫС

Стамбул шаарында жарыкка келген Берен Гөкйылдыздын ата-энеси чыгармачылыктан алыс адамдар. Атасы инженер, апасы кеңсе кызматкери. Кичинекей кыздын жашоосуна кино талаасы мектептен биринчи кирген. 2014-жылы “Күйөөмдүн үй-бүлөсү” сериалында дебюттук ролу менен чыккан Берен мекендештеринин колдоосуна ээ болот. Комедиялык шоуго тартылса да, драмалык роль ойносо да кичинекей актриса көрөрманды ыйлатып, ошол эле учурда балалык аруулугу менен жылмайта да алат. Кызындагы тубаса талантты байкаган ата-энеси бул нерсеге олуттуу карап, апасы жумушун таштап, кызынын карьерасын түптөөнү чечкен. Андыктан 12 жашка чыккан кыздын актрисалык ийгилигинде апасынын салымы чоң.

“БАЛКИМ, СУУДА СҮЗҮҮЧҮ БОЛОМ”

Учурда анын ар бир мүнөт убактысы ченелүү. Тасмага, жарнамалык роликтерге тартылат, шоулорго катышат, журналисттерге маек берет, фотосессия... Бирок актрисалык кесипке тиешелүү түйшүктөр менен чогуу анын көшөгө артында да кызыктуу жашоосу бар:

– Мектепте 1-классты жалаң “5” менен окугам. Кийин бир аз кыйын боло баштады, мен жактырбаган математика, англис тили сабактары кошулду. Бирок тырышып жакшы окуганга аракет кылам. Мугалимдер менен сүйлөшүп алганбыз. Тартуу иштери көп болсо, дүйшөмбү күндөрү сабактан бошотушат. Калган күндөрү сабактан калбайм. Ишемби, жекшемби кайра актриса болуп калам. Сууда сүзгөн жагат, кийин, балким, профессионал сууда сүзүүчү болуп каламбы, ким билет... Азыр ат мингенди үйрөнүп жатам, андан сырткары бий ийримине да барам. Каалоо болсо, баарына убакыт табыла берет,- дейт Берен.

“АКТРИСАЛЫК КЕСИПТИН ООРЧУЛУГУ БИЛИНБЕЙТ”

Берендин талантын дагы бир сонун сериалдан көрсөңүз болот. 2018-жылы чыккан “Кызым” сериалы кайрадан көрөрманды ыйлатты, жылмайтты да. Анда ата-энеси ажырашып, атасы менен калган кичинекей кыздын ролунда Берен Гөкйылдыз. Атасы экөөнүн бакубат жашоосун айттырбай келген дарт бузуп, кыз Альцгеймер оорусу менен жабыркап калат. Атасынын кыйналганын көрүп, өзү болсо күндөн күнгө бардык элестерди унутуп баратканын билген кыз өгөй апа издей баштайт... Кызык бекен? Актрисалык кесиби жөнүндө:

– Мени эч ким “сөзсүз тартыласың!” деп кыйнабайт. Өзүмө азырынча жагып жатат, кызык сезилет. Оорчулугу билинбейт. Актёрдук чеберчилик боюнча атайын билим алып окуган жокмун, улуу эже-агалар “мындай ойносоң жеңил болот” деп жардам беришет. “Апа” сериалына тартылганымда классташтарым “кечке ыйлата берет экенсиң” деп көрбөй коюшкан. Мугалимдерим болсо макташты, алар көрүптүр. Сериалдагы “апам” Жансу Дере мен “Кызым” сериалына тартылганда атайын келип, мактап кетпедиби. “Апамды” жакшы көрөм,- дейт Гөкйылдыз.

“Гөкйылдыз” түрк тилинен которгондо “асман жылдызы” деген маанини билдирет. Атына заты жарашкан кыз учурда жерде да жылдыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
AykaMer
2021-05-18 14:02:05
Мен да кызым деген сериалын көрүп аябай эле ыйлагам.... Уверенный, чечкиндүү ойноп настоящий ыйлаган жерлерин көрүп ыйлагам
+1
AykaMer
2021-05-18 14:03:08
Кинодо ойнобой эле кинодо кадимкидей эле жашайт да бул кыз)))) аябай таланттуу кыз....
+1
jamalka-2
2021-05-19 10:10:48
Апа сериалында оз атасынан кордук корбойт, туура эмес жазып коюпсуздар, оз адасы ал лялечка маалында каза болот огой атасынын кордугун гана корот и озунун апасынан кордук корот.
-1
Adelchik
2021-05-19 19:18:33
Мелек эмес Турна болотко аты Апа сериалында.
-1
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан