Пластикалык операция жайылды. Сурма жасатуу, мурун түздөтүү, төшүн чоңойтуу 30 жыл мурун таң калтырса, азыр кадимки эле көрүнүш. КМШ өлкөлөрүнө аты таанылган пластикалык хирург Султан Тукешов жана учурдагы пластикалык операция тууралуу кызыктар төмөндө.
– Саламатсызбы? Сизге чет өлкөдөн кардарлар көп келишет. Консультацияга жазылуу 2024-жылга чейин толуп бүткөнүн сизди күтүп отуруп уктум. Мыкты хирург болуунун сыры эмнеде?
– Саламатчылык. Ооба, биздин кызматыбыз экспортко кете баштады. Бул – фабрика курган болсок, товарыбыз сыртка кетип жатат деген сөз. Кардарларыбыздын 60 пайызын чет өлкөлүктөр түзүп жаткан, пандемия болуп бир аз азайып калды. Чоң сыры деле жок, болгону кардарга жумушубузду ачык-айкын көрсөтүп беребиз. Дагы бир өзгөчөлүк, китепте жазылбаган, тажрыйбадан улам келип чыккан, өзүм кошуп иштеп чыккан ыкмаларды колдоном. Ишибизди көрүшөт, ишенишет, келишет.
– Сизге түрдүү улуттагы адамдар кайрылат. Сурма чыгарууда бул өзгөчөлүктөрдү эске аласыздарбы?
– Тубалыктарда, буряттарда, корей улутундагыларда көзүнүн формасы кыйла башкача. Ар бирине жараша турган сурма жасап беребиз.
– Мисалы, кырсыкка кабылып жүзү такыр эле бузулуп калган адамдар келсе, аларга жаңы жүз салып бересиңерби?
– Жапжаңы жүздү жасай элекмин, бирок катуу жабыркаган учурда оңдогон учурлар болгон. Жол кырсыгынан улам кардардын мурду таптакыр жок болуп кеткен. Ага кабыргасынын кемирчегинен кесип сөөк салып, мурдунун формасын нөлдөн баштап курап чыккам. Кээде беттин нервине доо кетип кыйшыйып калат. Андайда колунан тарамыш кесип алып, жүзүн жасаган учурлар болду. Эки күн мурун ошондой операция жасадым. Жүзүн сүрөттөрүнө карап калыпка келтирген учурлар болот. Бир кардар жол кырсыгына кабылып, көздү такап турган жаак сөөгү сынып кетип көзү ылдый түшүп кетиптир. Көздү көтөрүү үчүн операция жасасаң, сөөк көзгө кирип кетсе көз агып түшүп көрбөй калат. Көздү көтөрүү мүмкүн эмес деп ачык айттык, мындай учурда реалдуу нерсени айтышыбыз керек болот.
– Пластикалык хируругия кесиппи же искусствобу? Бир нерсе жаратып жатпайсыздарбы?
– Азыр искусство. Кайсы бир чекитке жөндөмүң жеткенге чейин кесип. Андан ары өркүндөтсөң искусство деп ойлойм. 17 жылдан бери пластикалык операция жасайм. 10 жыл кесип катары карасам, андан кийинки жасаганыма искусство катары баа берем.
– Төштү чоңойтуу операциясы күч алды. Жаш кыздарга өтө кабатыр болом. Операциянын зыяны, пайдасы тууралуу айтып берсеңиз?
– Ар бир операция индивидуалдуу. Кээде эмчек бези таптакыр жок кыздар келет. Эч нерсе жок, эркек балдардыкындай. Эми ошол кыздын турмушун элестетсеңиз, турмушка чыкканда күйөөсүнөн уялат, же кийим жарашпайт, же турмушка чыкпай калат. Ага төш салып берген жакшы да, туурабы? Кээде нормалдуу төшүн чоңойтом деп эрке кыздар кайрылган учур болот. Аларга түшүндүрүп артка кайтарабыз. Пластикалык хирург психолог болуп калат. Кээде айымдар стрессте жүрүп, “келбетимди өзгөртсөм эле укмуш болуп кетем” деп ойлоп келишет. Биз ага операция жасаган менен, ал стресстен чыкпайт. Мындай учурда алар бизге эмес, психологго кайрылуусу керек. Стресстен чыккандан кийин ага ал операция керек болбой калат.
– Аялзаты операцияны эркекке жагуу үчүн жасатабы?
– Ушинтип ойлошот, бул чоң жаңылыштык. Кээде эркектер айымдардын жасаткан операциясын байкабай деле калышат. Айымдар эң биринчи өзүнө жагуу үчүн жасатышат. Аялдар сулуу, мээримдүү, өзү менен өзү гармонияда болушу үчүн жасатышат. Аялдык атрибут эмне? Көкүрөк. Ал кичине болсо өзүн толук кандуу аял катары сезе албайт. Көзүм сулуу болсун деп сурма жасатышат. Эркектер деле ырайы өзүнө жакпай, мурду кыйшыйып, кулагы делдейип турса өзүн жаман сезет. Мүмкүнчүлүк болгондо жасатып алса жаманбы?
– Таң калтырган кардарлар болду беле?
– Кээде сүрөттөрдү көтөрүп алып “мени ушуга окшоштуруп жасап бер” дешет. Кээде окшоштуруп жасаганга болот, бирок беттин анатомиясы тиги сүрөткө дал келбей калса “сизге бул болбойт” деп айтабыз.
– Эң узак операцияны канча саат жасагансыз?
– Анда мен мамлекеттик поликлиникада иштеп жүргөм, 20 саат бою операция жасаганбыз. 15 саатын жылбай өзүм жасагам. 5 саат башка бир хирург жасаган. Сөөктөрдү, кан тамырларды, тарамыштарды бириктирип чыкканбыз.
– Пластикалык хирургия боюнча азыр кайсы өлкө лидер?
– Мурун Корея деп айтылчу, бирок биз алар менен тең тайлаша алабыз. Ушул өлкө деп айта албайбыз, бирок бир органды мыкты жасаган өлкө деп бөлсөк болот. Мисалы, Америкада көкүрөк менен жамбашты чоңойткон операциялар мыкты жасалат. Түркия мурунга жасаган операция боюнча лидер. Орусияда бетти тарттырган операция жакшы жасалат.
– Пластикалык хирург болом деген ой бала кезиңизде эле бар беле?
– 9-класста чечим кабыл алгам. Апам потенциалымды көргөн окшойт, ушу тармакты сунуш кылды. Дарыгер болсом катардагы дарыгер болбойм дечүмүн. Ал кезде пластикалык хирургия чанда кезикчү, бизде такыр өнүгө элек болчу. Кийин медициналык академиянын пластикалык хирургия бөлүмүнө тапшырдым. Жетекчибиз Муса Матеев дүйнөлүк деңгээлдеги пластикалык хирург экен. Мен каалаган жерге келиптирмин деп аябай сүйүнгөм.
– Пластикалык хирургиянын зыяны баары бир болот да ээ?
– Пластикалык хирургияны терең түшүнгөн адам аз. Тишиң ооруса, ичиң ооруса дарыгерге барып айыгып чыгып кетесиң. Комплексинен улам адамдын жан дүйнөсү ооруйт, ал жөн эле басылып калган оору эмес. Ага да бир даба керек. Башка ооруну кантип айыктырып жатсак, адамдардын ички толгонуусун да ошондой дарылап чыгарабыз. “Сопсоо туруп эле кестирип” дешет. Жөн эле бара бербейт адам, демек, ошол жери жакпай, уялып, корунуп эчен жыл жүргөн. Биз көңүлүндөгүдөй жасап берсек эмнеси жаман?
Коом зыян деп чечим чыгарып коюшат. Аалымдар пластикалык хирургдун бирин чакырбай туруп “болбойт” деп чечим чыгарып коюшту. Былтыр Түркияда дүйнөлүк конгрессте болдук, ошол жакта ринопластиканы алгачкылардан болуп жасаган хирург сөз сүйлөдү. 94 жашта экен. Ал пластикалык хирургияны Англиядан окуп келиптир. Өз жерине келип “пластикалык операция жасаш үчүн сөзсүз аалымдардан фатва алыш керек” деп ойлонот. Эң күчтүү деген аалымга барып айтат. Экөө отуруп бир күн кечке сүйлөшөт. Талдап чыгат. Аалым “пластикалык операцияны мындай учурларда жасаса болот” деп фатва чыгарат. Бизде бирөө да сурап койгон жок.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева