Залкар уста, бир нече улуттук музыкалык аспаптардын автору, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, варган (темир комуз) жасоодо “Эл аралык чебер” наамынын ээси Орозобай Кенчинбаев маек төрүбүздө. Менмин деген комузчулардын көпчүлүгү дал ушул кишинин колунан жаралган комузда кол ойнотушат. Маекте музыкант, сүрөтчү, зергерчи, чий чырмакчы, боз үйдүн жыгач бөлүгүн жасоодогу чыныгы архитектор тууралуу кенен маалымат камтылды.
– Агай, саламатсызбы? Устачылыкка качан кызыга баштагансыз?
– Саламатчылык. Балачагымда оюнчук музыкалык аспаптарды жасачумун. Кийин чоң аспаптарды жасай баштадым. Балдардын сынактарында алдыңкы орундарды ээлегем. Бул Кудай берген жышаана болсо керек. Кээде музыкалык аспаптар түшүмө кирчү. Изилдеп, китептерден окудум. Манаста “согушка киргенде сурнайын чертип, добулбасын каккылап” деп айтылат. Керней, сурнай, добулбас, аса-муса өңдүү аспаптар согушка киргенде ойнолчу окшойт. Алардан музыкалык аспап жасап чыкканга аракет кылдым. Иштеп чыксам жакшы болду. Комузду жасаш аябай оор. Эптеп жыгачты оюп, жакшы кургатпай, көрүнүшүн окшоштуруп жасап койгондор бар. Андай комуздан башында үн чыгышы мүмкүн. Бир айдан кийин үнүн жоготот. Мен комуз жасаган улуу адамдардан үйрөндүм. Чалагыз Иманкулов сыяктуу усталардан комуздун кантип жасаларын көрдүм. Алар болбой калды дегенде жыгачты 5 жыл кургатып, андан кийин бир оттун жанына коюп, кайра муздакка чыгарып, сууга салып, ысык-сууктан өткөрүп, таш кылып катырып, анан жасашчу.
Комузчу музыкант болушу керек. Канча аспап жасасам баарында ойной алам. Кээ бирин жаңы чыгардым, кээ бирин жаңы системалаштырдым. Кыргызстанда азыркы тапта комузчулар 50-60 пайызы мен жасаган комузду чертишет.
– Өзгөчө чыккан комуздарыңыз болдубу?
– Эң мыкты комуз арчадан жасалат. Аска-зоонун боорунда өскөн, көп жыл мурун куурап калган арчалар комуз жасаганга жакшы. Миң жылдан бери куурап турган арчадан 2-3 комуз жасап көрдүм. Укмуш болот экен. Жанынан өтүп эле кетсең добуш берет. Бул жомок эмес. Андай арча табыш кыйын экен.
– Ал комуздар кайда?
– Жабышып жатып жолдошторум алып кетишти. Өзүмө да калган жок. Ал комуздардын баасы жок.
– Баа демекчи, баалары жасаган эмгегиңизди актайбы?
– Жакшы музыкалык аспаптын баасы болбойт. Алсак, Антонио Страдиваринин скрипкасы 40, 50, 100 миллион сомго чейин сатылат. Ошол скрипканы Италиядан көрүп, капкагы кайдан келгенин сурасам айта алышкан жок. Кийин сураштырсам, Страдивари Алматыга келип Мари карагайынан алып кетчү экен. Жүз миллиондогон акча турган скрипка биздин тоолордун карагайынан жасалыптыр.
– Бул баасы жок аспаптарга бизде мамиле кандай?
– Турдакун Усубалиевдин учурунда бизге “кыргыз эл аспаптарын өнүктүргүлө” деп фабрика ачып берген. Ал жакта комуз цехи боюнча инженер болуп иштедим. Комуз өнөрү ошол фабрика ачылгандан кийин өнүгө баштады. Массалык түрдө чыгарып, элге тартуулай баштадык. Азыр жакшы мамиле жасалат.
– Гүлбү Ороскул кызына өзгөчө формадагы комуз белек кылган экенсиз...
– Гүлбү менден түрдүү комуздарды алды. Бир жолу ал “казактын домбрасына окшогон коңур үндүү комуз жасап бербейсизби” деди. Анан эксперимент кылып домбра-комуз жасасам жакшы чыкты. Гүлбү “жакында “Сармерден” тартылат, ошол жерден белек кылып берип койсоңуз” деп калды. Мени калыстар тобунун мүчөсү катары чакырышкан. Ошол жерден белек кылдым.
– 12ден ашуун улуттук аспаптын автору экенсиз...
– Фабрика иштеп турганда Филармониянын алдында “Камбаркан” ансамбли түзүлүп, бизге улуттук аспаптарга буюртма беришкен. Кеминде 40-50 аспап жасадык. Ансамблдин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев арасынан тандап алды. Мен жасаган 12 аспап өттү. Алар керней, сурнай, добулбас, чоор, чопо чоор, сыбызгы, темир комуз, кыл кыяк, комуздун түрлөрү эле. Автор катары мага 12 аспапка акча төлөп беришти. Бирок документ берилген жок. Патент берилиши керек болчу. Ошол кезде автордук укук боюнча түшүнүгүм жок эле, чуркаган эмесмин. Акча алганга кубанып кете берген окшойм.
– Эмгектериңизди мамлекет кандай баалады?
– Баалады. Эч кандай нааразы эмесмин. “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын берди. "Элдик чебер" даражасына ээ болдум. Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу болдум.
1984-жылы Парижде дүйнөлүк фестиваль болуп, улуттук аспаптардын көргөзмөсүнөн биринчи орун алдып, дүйнөлүк фестивалдын лауреаты деген наамга ээ болгом.
Темир комуздун дүйнөлүк аты – варган. 1991-жылы Якутияда варган боюнча дүйнөлүк фестивалга катыштык. Барган өлкөлөрдүн баары бир үн менен гана ойношту. Тон эмне экенин билишпейт экен. Биз 12 тон менен оркестр түзүп барганбыз. Калыстар тобундагылар угуп көрүп “бул жетишкендик, бул жаңылык” деп таң калышты. Мага “зор чебер экенсиз” дешти. Суроо-сопкуту жок эле “мындан кийин конгресстин калыстар тобунун мүчөсү болосуз” дешти. “Дүйнөлүк чебер” деген наам беришти. Бул кыргыз эли үчүн даңк, сый болду. Конгресстер болгон жерлерге чакырса, биздикилер жол киресин төлөгөндөн качып, мага айтпай коюшчу экен. Аны кийин билдим. Конгресстердин биринде мага алтын орден ыйгарылыптыр. Барбай, албай калыптырмын.
2000-жылы "Мээрим" фонду менен Италияга барып, дүйнөлүк реабилитациялык борборго жардам деп боз үй тигип келгенбиз. Борбордун президенти Гельмут Кутин "Чебер уста" деген күмүш орден менен сыйлаган.
Мындан башка да медаль, орден, дипломдорум бар.
– Сонун. Чопо чоор тууралуу айтсаңыз...
– Чопо чоорду алгачкылардан болуп мен жасадым. “Орозобай картөшкө бышырып үн чыгарып жатат” деп күлүп да жүрүштү. Көрүнүшү картошкага окшошуп кетет эмеспи. Азыр чопо чоор оркестрге илинип, сөзгө алынып калды. Чеберлер профессионалдуу түрдө жасап жатышат.
– Устачылыкты үйрөнөм деп кайрылгандар болдубу?
– Динара Чочунбаева деген актриса кызыбыз өнөрлүү адамдарды колдоп жүрбөйбү. Чочунбаева уюштуруп, Швейцария фонду каржылап, 2004-жылы Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарындан 4 баланы окуткам. Алардын бирөө гана азыр комуз жасап иштеп жатат.
– Чет жерден буюртма бергендер да болсо керек?
– Ал сөзсүз да. Япония, Кытай, Америка, Европадан келишет. Мен тууралуу жазып, тартып да кетишет. Япониялыктардын кыргыз аспаптарына жүрөгү жакын. Темир комуз, чопо чоор, комузду көп сатып алышат. Мага кезекке туруп жасатышат. Кайсы жакка сатып жатканыма карабай баасын баарына бирдей коём. 10 миң сомдун тегерегинде сатылат. Чет жерден келгендер “эмнеге арзан?” дешет. Анткени элдин абалын түшүнөм. Өзүм деле карапайым кишимин да. Акчасы жетпей жатса аяп арзан берем. Ушинтип кезекке туруп аспап жасатып эмгегимди баалашканы үчүн сыймыктанам.
– Сүрөтчүлүгүңүз тууралуу айтсаңыз...
– Кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Акаевдин учурунда “банкрот болуп жаткан турбайсыңарбы” деп фабрикабызды жоюп салышкан. Банкрот болгон эмеспиз. Бирөөгө керек болгон окшойт. Анан жумушсуз калдык. Ошондо Чолпон-Атага барып, Сүрөт фондунда иштедим. 1990-жылы “Манастын миң жылдык” мааракесине карата Манастын боз үйүн жасап көрөйүн дедим. 12 канат боз үйдү 5 жыл ичинде бүтүрүп, 1995-жылы “Манастын миң жылдыгында" Таласка алып барып тиктим. Ошондо Аскар Акаев “ушул кишиге “Эл сүрөтчүсү” наамын бериш керек. Карагылачы, кандай боз үй!” деп мактаган. Башка өлкөнүн президенттери боз үйүмдү талашканда Акаев “эч жакка чыкпайт. Муну биздин мастер жасады. Боз үй резиденцияда турат” деп, резиденцияга алып барып тигишти. Ошол жакта тигилип турат. Ал боз үйгө өзүм да кире албай калдым, абалы кандай, билбейм. Наам боюнча той бүткөндөн кийин унутулуп калды. 2 жылдан кийин келсем, протоколу да жок экен. Президенттин айткан сөзү талаада калыптыр. Документин алган жокмун. “Эл сүрөтчүсү” наамын Акаев өзү айтып бердирген” деген сөз эл арасында айтылып калды.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– 7 балам бар. Мурдагы жубайым кайтыш болуп калган. Андан 5 балам бар. Ошол балдарымдын биринин уулдары Назбек, Дастандар азыр таанымал болуп калышпадыбы. Назбек эл аралык фестивадарга катышып жүрөт. Кыздарым, балдарым да комуз ойношот. Азыркы жубайымдан 2 кызым бар, алар да музыканттар. Өзүм учурда ардактуу эс алуудамын.
– Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!
Перизат Музуратбекова