(Башы өткөн сандарда)
Бекжан автобустун уулу жана Тилек менен Сабина жашынып кетчү бөлүгү тарапты карап жаткан. Жок, байкалчудай эмес. Билген киши эле барып ачып жибербесе же ит гана адам жытынан таап албаса, башка эч ким таппайт. Жука фанеранын ары жагында адам отурганы эч билинбейт. Эмнегедир көңүлү жайлана түштү. Ушул ишти бүтүрсө, кызын дарыланууга алып барса... Баары жакшы болот, буюрса. Терең дем тартты.
Автобусун ачып коюусу керек, жүргүнчүлөр чогула берсин. Ушуну ойлонуп ордунан тура бергенде эле көк-ак түскө боёлгон Цивик жайма-жай вокзалдын жанынан өтүп кетти. Ичиндеги адам кимдир бирөөнү издегендей. Бул унааны жазбай тааныды. Аскардын тааныштары аркылуу автобусун оңдотмокчу болуп барганда жаш орус слесарь айдап келген. Ысымы Саша беле? Айтор, Аскардын тааныштары... Заматта башына түркүн ойлор келип-кетти. Эсин жыйганча кайра эле ошол унаа пайда болду. Автобуска катар токтогон жол тандабаска далдоолоно жашынды. Цивиктин айдоочусу бул ирет атайын токтоп, Бекжандын автобусун бир топко карады... Бекжан чыгыш керек экенин түшүндү. Бул жөн жай өтүп баратканын же аңдып келгенин түшүнүүсү керек...
Капыстан чыга калганга айдоочу алдастай кетти. Анын үстүнө Бекжан аны таанып, “кандай, Саша?” деп кол жаңсап жиберди.
– Чёрт!- деди ооз учунан орус жигит. Кээде ушинтип шашып сүйлөгөндө кекечтиги кала түшөт.
– Кандай, Саша? Эй, тааныдыңбы, мен Бекжан...
– О! С-салам...
– Жөн жай элеби?
– Мм... Ро-россияга би-би...
– Билеттер ар кандай, 1500дөн өйдө.
– Аа...
– Ошону сурайын дедиң беле?
– А-аскар байкени көрдүңөрбү?! Жолугуп жатасыңарбы?
– Жок!- Бекжан болушунча шек туудурбагыдай жооп бергенге аракет кылды.
– Мен да көрө элекмин... Мейли анда, мен кетейин! Жакшы туруңуз...
– Мейли, жакшы бар.
– А сиз Россияга качан кетесиз?
– Билбейм. Бүгүн кетип калышым ыктымал... Же эртең. Клиентке карайбыз.
– Аа...- орус жигит унаасы менен жылып кетти.
“Бул бир нерсени билет” деди Бекжан аны карап, ушу тапта тиги орус жигит да дал ушул эле ойду ойлоп жаткан.
ххх
Дарбазанын тыкылдаганын адегенде Сабина укту. Буга чейин бул үйдү бирөө да тыкылдаткан эмес. Бекжан өз ачкычы менен кирип келчү. Деги ким келди? Парданын артынан шыкаалап карады. Бир убакта каалганын астындагы боштуктан баш салып караган жаш баланын жүзүн көрдү.
– Тилек... Дарбазаны бир жаш бала кагып жатат...
Сыртка чыгып кеткен жигит түз эле барып дарбазаны ачты. Сабинанын ичин муздак шамал аралап өттү. Милиция болсо эмне кылмак? Тилек коркпой гана ачып салды.
– Таак...- үйгө кирип келе жаткан жаш бала менен Тилек эски тааныштардай сүйлөшүп жатты. Сабина ичкериге киргенде гана тааныды. Бекжандын уулу тура.
– Ошол, атам сиздерди сак болсун деди. Рейсти, балким, эртеңкиге жылдырышым мүмкүн дейт. Аскар деген кишинин орус таанышы бүгүн автобусту аңдыптыр.
– Эмне болгон Саша?
– Билбейм. Атам айтты... Телефондон эле айтып койбойсузбу десем болбой мени жөнөттү.
– Рахмат! Сен баатыр турбайсыңбы! Сабина, а эмне бизде дагы бир Саша бар беле?
– Демек...
– Эмне демек?
– Демек, Саша экен да. Ал биздин Саша байкенин уулу... Демек, ал акча тууралуу уккан.
– Анткорлонбой баарын ачык айтчы! Жаңы эле мени менен кошула калып уккан кишидейсиң го...
– Жо-ок... Ал тууралуу уккам. Тааныйм керек болсо. Бирок ал жөн гана автослесарь болчу. Кекеч... Эч нерсе менен иши жок кадимки адам. Саша байке аны мындай иштерге аралаштырчу эмес. Экөөнүн көрүшө элегине да бир топ жыл болгон... Мен аны билбейт го деп ойлогом. Көрсө, Саша байке уулун көзөмөлгө койгон окшойт да.
– Демек, Саша байке сага да, мага да, Аскарга да ишенген эмес! Анын өзүнчө пландары болгон окшойт. Мейли, шашпай сүйлөшөбүз ал боюнча. Азыр башка маселе... Бүгүнкү рейсти токтотууга болбойт! Сен атаңа барып айт, баары ошол боюнча эле калат. Бизге келбесин... Такси барат. Ичиндеги сумканы жүктөп алсын. Ага чейин сен автобустагы биз жашынып барчу жерде отур. Сумканы салар менен аны ачып койгунуң, макулбу?!
– Макул!
– Сен анда бара бер!
ххх
– Жок, мен түшпөйм!- кыз артка кетенчиктеди.
– Анан эмне кыласың?
– Сен кет! Мен алаксытам деп сүйлөштүк эле го.
– Ошондо эмне, сен экөөбүз ажырашат белек, ээ?- Тилек жылмая сурады.
– Мен сенин жашооңду талкалап салдым. Сен качышың керек. А мен болсо акыры ушул күнгө келмекмин. Сени жакшы көрөм... Бирок мен жаныңда болсом сенин жашооңдун ого бетер бырын-чырыны чыкмак. Ошондуктан сенин жалгыз кетип жатканыңа каршы эмес болчумун... Анын үстүнө сен мага ишенбей калдың,- кыз дагы сөзүн уламак, бирок Тилек анын эрининен өөп токтотту. “Болду” деди ал: – Сен азыр буга түшөсүң. Акча жаныңда болот. Барган соң ал акчадан Бекжанга бересиң. Жарымын бер. Жарымын Бекжан Кыргызстанга келгенде менден алат. Келиштик, ээ?!
– Жок!
– Коркпо! Мен артыңдан барам... Азыр аларга сенден мурун мен керекмин!
ххх
Бул жолу Тилек өзүн аябай эркин сезип жатты. Көрсө, эч кимден жашырынбай, каалагандай басып жүрүүнүн өзү да сонун нерсе турбайбы?! Кандайдыр бир көңүл көтөргөн шайдооттук менен көчөлөрдө кадам таштап баратты. Акыры бир такси тосту да, Чоң-Арыкты көздөй жөнөдү...
БМВнын үстүн чаң басыптыр. Дымып жаткан экен. Ачкыч бураганда эле уктап жаткан жырткыч ойгонгондой “дүрр” эте үн чыгарды.
– Кеттик эмесе! Уят кылба мени!- деди рулдагы Тилек БМВнын рулун мыжыгып. Байлоосунан бошонгон жырткыч сымал шуу эте гараждан чыккан капкара унаа шаарды көздөй алда ненин ичинен чыкчудай жөнөп берди.
ххх
Жайма-жай гана өтүп бараткан унаанын айдоочусу Айкага аябай тааныш учурап кетти. Шашкалактаган бойдон терезеге чуркап, нес болуп калды. Ооба, Тилек болчу. Эч нерсе болбогондой, жай баракат гана милициянын имараты тарапты көздөй өтүп баратыптыр... Бет алдын тик карап алган. Кылчайган жок. Демек, ал эзели Айка тууралуу ойлогон эмес. Бир кылчайып карап өтмөк да. Айка эсине келе түшкөндөй телефонун ала калды да, “Тилек... Тилек бул жакта жүрөт” деп кимдир бирөөгө азыркы көргөнүн айтып баштады.
ххх
– Деги сен мени издеп жатасыңбы?- бул үндү укканда Бакыт өзүн жоготуп коё жаздады. Канчадан бери издеп жаткан адамы өзү чалып жатат го. Жини кайнап чыкты.
– Табам жакында. Тирүүлөй териңди сыйрыйм.
– Терезеден сыртты карасаң...
Терезеге келгенине өзү өкүнүп кетти. Маркум досунун жол тандабасында, аны жылмая карап Тилек отуруптур.
– Энеңди... Өлтүрөм!- Бакыт кабинетинен атып чыкты. “Даярдангыла!” деп бакырды ал коридор менен шуулдап баратып.
ххх
Заматта шаардын ичи ызы-чуу болуп кеткендей болду. Милиция унаалары чуулдап эле биринин артынан бири жөнөп жатышты. Айканын чалуусунан кийин милиция имаратына жетип келген орус жигит түшүнбөй эле туруп калды. Ал мындай болот деп күтпөгөн...
ххх
Дал ушул тапта Бекжан чоң кара сумканы автобустагы баласы отурган жашыруун жерге жүктөдү. Ал жүктөлөр менен Бекжандын уулу тырмалап аны ачып баштады... Эртерээк ач деп тапшырышкан ага... Шашкалактап ачып жиберип бала делдейип туруп калды... Сумкада кара көздөрү бажырайган сулуу кыз бүрүшүп алып, бир нерсеге таарынгандай ыйлап жатыптыр...
(Уландысы кийинки санда)