АГЛАОНЕМА ГҮЛҮ

Мекени – Вьетнам, Таиланд, Мьянма сыяктуу Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү. Маалыматтарга таянсак, 50дөн ашык түрү бар. Алар бири-биринен жалбырактарынын түрдүүлүгү, боюнун кыска, узундугу менен айырмаланат. Үйдөгү эмеректерден, оңдоп-түзөөдөн кийин чыккан зыяндуу заттарды өзүнө сиңирип алуучу мыкты касиетке ээ. Көп кам көрүүнү да талап кылбаган бөлмө гүлү. Күн тийген терезеде, көлөкө, жарым көлөкөдө деле өсө берет.

Топурагы.
Топурагы борпоң болсо жакшы өсөт. Негизги бөлүгүн гүлдөргө арналган универсалдуу топурак, кара топурак түзүшү керек. Үчтөн бир бөлүгүнө шалынын топону, перлит (тоо породасы) кошулса борпоң топурак даяр болот. Аглаонема тик өскөндүктөн тик гүл челек керек, анын туурасы гүлдүн сабагынан 4 эли чоң болгону оң.

Көбөйтүү жолу. Калемчеден, түбүн бөлүү жолу менен, уругунан көбөйтүүгө болот. Бир бутактуу аглаонеманын башын 3-4 жалбырактан кийин кесип койсо топурактын алдынан дагы бутактары чыгат. Алар өсүп чыкканда тамырынан бөлүп отургузуп көбөйтүүгө болот. Ал эми кесип алган калемчени сууга салып, же топуракка отургузуп 20 күндүн ичинде тамыр байлатууга мүмкүн.

Сугаруу. Топурагынын үстүнкү катмары 1-2 сантиметр кургаганда сугарылат. Жалбырагы нымдуулукту сүйөт, бирок сууну чачып тазалабай нымдуу чүпүрөк менен 1 аптада 1-2 жолу сүрүп туруу кажет. Болбосо жалбырактарынын түбүнө, өзөгүнө суу туруп калса ал жер карарып оору жаратат. Айына бир жолу курамына азот,фосфор кошулган жер семирткичтер менен азыктандырса өсүп жетилүүсүн жакшыртат.

Гүлдөө убагы. Гүлү агыш түстө калла сымал чыгат, гүлдөө узактыгы 1-2 аптага чейин созулат. Ошентсе да жаш аглаонема бутон байлаган учурда аны алып салуу туура. Биринчиден, гүлү күчтүүлүк кылып болгон азыкты өзүнө тартат. Экинчиден, гүлүнө караганда жалбырактары кооз.

Зыянкечтери – желе тартуучу кене, ак канат көпөлүгү, өсүмдүк митеси болуп саналат. Ай сайын бир жолу зыянкечтерди жок кылуучу химиялык каражаттардан сууга кошуп, ага чүпүрөктү малып жалбырактарынын ичи-тышын сүртүп туруу зарыл.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан