ДЕМОДЕКОЗ - КЕНЕ ПАЙДА КЫЛГАН БЕЗЕТКИ

“Бизге жаштар да, улуулар да «бетиме безетки чыкты эле. Эмне кылсам да кетпей, кайра тескерисинче денеме тарап жатат» деп келгендер бар. Текшерсек алар демодекоз оорусуна кабылган болуп чыгат”,- дейт дерматолог Темирлан Усубалиев.

ДЕМОДЕКОЗ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Демодекоз – бул тери оорусу, демодекс деген кене пайда кылат.

Адамдын денесин демодекс кенесинин 2 түрү байырлайт. Алар тери алдындагы май бездеринде жана чачтын фолликуласында (пияз сымал түбү) жашап, мителик кылат. Азыгы – май бездери бөлүп чыгарган майлар, түлөгөн тери, гормондор. Андыктан кенелер теринин майлуу жерлери болгон ооз, мурундун айланасында, далы, төштө көбүрөөк, ал эми көздүн сурмасы менен кирпикте азыраак кездешет. Оору адамды күн жылуу кездерде, башкача айтканда, жаздан баштап күзгө чейин көбүрөөк жабыркатат.

Кенелердин чоңдугу 0,1-0,4 миллиметрге жетет. Ургаачы жана эркеги болуп бөлүнөт. Түнкүсүн теринин бетине чыгат, ошол кезде кычышуу жаралат. Байырлаган жериндеги азыгы азайганда башка жакка өтөт. Жупташкан соң ургаачысы жумурткасын теринин бетиндеги түктөрдүн түбүнө (фолликула) же май безинин ичине таштайт. Жумурткадан 8 буттуу личинкалар 3-4 күндө чыгат жана 1 аптада жыныстык жактан жетилет. Кенелер бир нече апта жашайт, өлгөндө өлүгү фолликуланын же май безинин ичинде калат.

Бардык адамдардын терисинде аталган кенелер жашайт. Алар аз санда гана болот жана зыянын тийгизбейт. Бирок айрым бир себептерден улам көбөйүп, денеге тарап баштайт. Демодекоз оорусу бар адамды башка бирөө кучактаганда, өпкөндө, сылаганда, анын буюмун, айтсак, кийимин, сүлгүсүн колдонгондо жугузуп алат.

ЖАЗДЫКТАР – КЕНЕЛЕРДИН УЮТКУСУ

Демодекстер үй жаныбарларында, ит, мышыкта жана жапайы жаныбарларда да болот. Канаттуунун жүнүнөн жасалган жаздыктарда кездешет. Анткени канаттуулардын канат жүнү жакшы жуулбай калса канат жүндүн түбүндөгү калып калган майлар кенелерди чакырат, анткени алар азыгы. Андай жаздык канчалык узак колдонулса кенелер да ошончолук көбөйүп, жаздык алардын уюткусу болуп калат. Башка жазданганда адамдын терисин тешип кирип, көбөйүүгө өтөт. Ит, мышыктарды кармалаганда да кенелер жугат.

ТЕРИДЕГИ КЕНЕЛЕРДИН КӨБӨЙҮП КЕТИШИНЕ ЭМНЕ СЕБЕП БОЛОТ?

  • Иммунитеттин төмөндөшү. Муну стресс, ичтеги мите курттар да шарттайт.
  • Вирустук жана микробдук узакка созулган оору. Мисалы, кургак учук, гепатит жана башка. Ошондой эле рак, ашказан-ичеги дарттары
  • Ички бездердин жана теринин дерматит оорусу
  • Организмдеги гормондордун бөлүнүп чыгышынын бузулушу
  • Гормоналдык дары май жана кремдерди өз алдынча узакка колдонуу. Гормондор кенелердин тамагы болгондуктан андай дары май, кремдер кенелерди өзүнө чакыруусу мүмкүн.
  • Кофени, ачуу тамактарды, алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонуу

БЕЛГИСИ

  • Кызыл тактар жаралат. Бүдүрчөлөр чыгып, анан жарага айланат.
  • Кычыштырат
  • Безетки чыккан жер мурдагыдан да майланышат
  • Теринин сезгенген клеткалары калыңдайт
  • Кенелер түк, чачтардын түбүн байырласа, чач, түк түшөт.
  • Кирпиктер бири-бирине жабышат
  • Акырындап безеткинин көлөмү чоңоёт, одур-бодур көрүнүшкө ээ болот.

ДИАГНОЗ

  • Безеткиден кырып алып, микроскоптон текшерүү
  • Эгер кирпикти жабыркатса бир нече кирпикти жулуп алып, текшерүүдөн өткөрүү
  • Эгер адамдын кошумча башка оорулары болсо дерматолог аларды кошо текшерүүдөн өткөртүшү мүмкүн. Бул дарылоо үчүн керек.

ДАРЫЛОО

Бетте безетки билинер замат дерматологго текшерилүү зарыл. Айрымдар безеткини өз алдынча сыгып, дары майларды шыбап кетирүүгө аракеттенет. Бирок атайын дарылоо курсунан өтпөсө кенелер жок болбойт.

Дарылоо безеткинин санына, кайсы жактарга чейин таралып кеткенине жараша жүргүзүлөт. Башкача айтканда, орточо эсеп менен 3 айга чейин. Көп жакка, мисалы, беттен башталып далыга, төшкө чейин тарап кетсе 6 айга же андан узакка жүргүзүлүшү ыктымал. Врач сырттан сыйпоочу атайын майларды, иче турган дарыларды, буларга кошуп иммунитетти жогорулатуучу дары-дармекти же витаминдерди жазып берет. Диета кармалат. Дермодекоздон тышкары организминде инфекция болсо антибиотик сунушталат. Өнөкөт оорулары болсо ага жараша да дарылоо ыкмасы тандалат.

Дарыланып жаткан адам кийимдерин кайнатып жууп, анан кийүүсү керек. Анткени кийимде кене болсо алар кайра териге жугуп, оорунун айыгышы кыйындайт.

АЛДЫН АЛУУ

  • Гигиенаны сактоо
  • Башка бирөөнүн буюмун, анын ичинде сүлгүсүн, кийимин колдонбоо
  • Иммунитеттин түшүп кетпешине аракет кылуу
  • Канаттуулардын жүнүнөн жасалган жаздыктарды узакка колдонбоо. Мүмкүн болсо аны синтетика жаздыкка алмаштыруу

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 962, 13-19-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан