Адамдын аты анын тагдыры жана ден соолугу менен тыгыз байланышта экенин билебиз. Ата-энебиз азан чакырып койгон ысымды өмүр бою бийик тутуп, ал үчүн кызмат кылып, коргоп келебиз. А бирок кээ бир белгилүү адамдарыбыз лакап ат коюп, атын чангансып жүрүшөт. Сыягы, батыштан келген жорукту энчилеп алган окшойбуз.
ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ ЖАҢЫ ЫСЫМДАР
Белгилүүлөр арасында ысым алмаштыруулардын соңкуларынан баштоону туура көрүп отурам.
Буга чейин Болот Шерниязов деген ат менен таанылган белгилүү саясатчы экинчи төңкөрүштөн кийин өз аты-жөнүн Болот Шер деп өзгөртүп алды. Бул кадамын агабыз ден соолугуна байланыштуу деп түшүндүрүп жүрөт.
Ал эми жакынкы эле күндөрдө дагы бир белгилүү инсаныбыздын ысым өзгөрткөнү белгилүү болду. Ал ким дебейсиздерби? Айтылуу Алымкул Үсөнбаев атабыздын уулу, белгилүү төкмө акын – Замирбек Үсөнбаев. «Пайгамбар жашына келип калганда эмне болгон?» деп таң калбаңыз. Төкмөнүн документтеги аты Мир экен. Бирок Замирбек атыгып, дал ошол ат менен калың журтка кадыры сиңген. Ошентип, Замирбек Үсөнбаев документтеги Мир деген ысымы боюнча жаңы орунга, филармониянын директорлугуна отурду.
БАТЫШТЫ ТУУРАППЫ ЖЕ ӨЗ АТЫНАН УЯЛЫППЫ?
Ал эми батыштын жылдыздары дээрлик баары сахнага өздөрү ойлоп тапкан жаңы ысымдар менен чыгышат. Айта кетсем, дүйнөдөгү ак терилүү рэпер Эминемдин өз аты – Маршалл Брюс Мэтерс.
Дагы бирин айтсам, атактуу Леди Гаганын документтеги аты Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта экен.
Анан биздин жылдыздар куру калышмак беле?
“Сүйүү мага келе элек” деп сыздаган Айдин Шер да Эминем менен Каканын катарында. Ырчынын өз аты Алмаз экен. Ал эми Айдин деген ысым продюсери Динара Эсенгуловага байланыштуу. “А” дегени Алмаздын баш тамгасы, ал эми “дин” Динара эженин атынын башкы үч тамгасы. Кызык бекен?
Кыргыз шоу-бизнесиндеги ажарлуу Неляны ким билбейт. Нелянын өз аты – Элмира. Курбулары Эля деп эркелетип жүргөндүктөн, ошол эле сөзгө “Н” тамгасын кошуп койгон.
“Нукура кыргызмын” деп төш каккан рэперибиз Добр да лакап аты менен эл алдына чыкканы белгилүү. Анын чын аты – Адилет. Добр деген ысым Добранов деген фамилиясынын кыскартылганы.
Андан сырткары ырчыларыбыз Кумар Асановдун өз аты Руслан болсо, Карлыгач деген ырчы кызыбыздыкы – Кайыргүл. Бул кызыбыз азыр өз ысымы менен чыга баштады.
Айтылуу Ома менен Омардын азан чакырылып коюлган аттары – Өмүрбек.
«Бир эмес, эки кызым бар» деп чочуткан Назминин өз аты Назгүл экенин да көбү биле бербесе керек.
Өзүнө энчиленип коюлган атты ар ким кандай кылып өзгөртөт, ал нерсе өз эрки деңизчи. Бирок бармактайынан көөдөнүндө жүргөн ысымын чанып кеткенине жакындары, анан калса чыныгы ысымы капа болуп калбагай эле...
Залкарбек Карабалаев
star@super.kg