ПИКНИК СЕБЕТИ

Күнүмдүк тиричиликтен, иштен жадаганда эл табигат коюнуна ашыгат. Таза абада убакытты көңүлдүү өткөрүү менен катар жаңы энергияга ээ болуп кайтууну ким каалабасын! Пикникке чыгууда чөнтөккө күч келбеши үчүн үйдөн төмөнкү тамак-ашты жасап алсаңыз болот.

КОРН-ДОГ

Керектелүүчү азыктар:

Сосиска – 12 даана

Жүгөрү уну – 150 грамм

Буудай уну – 150 грамм

Сүт – 180 миллилитр

Жумуртка – 1 даана

Кумшекер – 1 аш кашык

Көбүрткүч – 0,5 чай кашык

Туз – 1 чымчым

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Жыгач шпажка – 12 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Чуңкур идишке жүгөрү жана буудай унун салып, үстүнө кумшекер, туз, көбүрткүч, жумуртканы кошуп, жылуу сүттөн аз-аздан куюп аралаштырыңыз. Боткодой камыр болушу шарт (куймактын камырынан коюу). Сүт ашса алып коёсуз.

2. Камырды 10-15 мүнөткө тыныктырыңыз. Сосискаларды малып алууга ыңгайлуу болуусу үчүн боткону чоң стаканга куюп алсаңыз жакшы.

3. Сосискалардын учуна шпажкаларды сайып чыгыңыз.

4. Сосискаларды алгач унга оонатып, анан камыр боткого салып бир-эки айлантып аласыз. Анан өйдө көтөрүп, кайра ылдый кылыңыз. Ашыкча камыр агып кетиши керек. Ысып турган майга салып бышырасыз.

Бышкандарды кагаз салфетканын бетине чыгарыңыз, ашыкча май сиңип кетиши керек. Корн-дог даяр!

ТООК ЭТИНЕН РУЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун эти – 1,3 килограмм

Желатин – 25 грамм

Таттуу паприка – 2 чай кашык

Тоок этинен жасалчу даамдар үчүн татымал – 1 чай кашык

Туз – 1 аш кашык

Сарымсак – 3 тишче

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун терисин сыйрып, ашыкча майларын алып салабыз. Этин сөөгүнөн ажыратып, майда кылып туурайбыз. Этти идишке салып, үстүнө даяр татымалды, паприканы, жанчылып майдаланган сарымсакты, тузду, желатинди кошуп аралаштырабыз.

2. Ашкана плёнкасына фаршты салып, рулет түрүндө нык кылып ороп, четтерин бекитебиз же жип менен байлайбыз. Плёнкадагы рулетти бир нече кат фольгага оройбуз.

3. 180-190 градуста ысып турган электр мешине салып 1 сааттай бышырабыз. Бышкан соң муздатып, анан пикникке алып кетүү үчүн муздаткычка салыңыз.

БУЛОЧКА-БУТЕРБРОД

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 560 грамм

Каймак май – 30 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Суу – 180 миллилитр

Сүт – 120 миллилитр

Туз – 1 чай кашык

Кумшекер – 1 чай кашык

Ачыткы – 1 чай кашык

Күнжүт – 2 аш кашык

Жумуртка – 1 даана (сарысы)

Даярдоо ыкмасы:

1. Жылуу сүткө ачыткы, туз, кумшекер жана 2 аш кашык ун салып, ачыткы көтөрүлүшү үчүн 10 мүнөт коёбуз.

2. Эми унду элеп, эритилген каймак майды, сууну, ачыткы кошулган сүттү кошуп жумшак камыр жууруйбуз. Жылуу ороп 1 сааттай коёбуз.

3. Ачыган камырды 12-14 бөлүккө бөлүп, ар бирин диаметри 15 сантиметрдей кылып жаябыз. Бетин өсүмдүк майы менен майлап, камырды 2ге бүктөйбүз. Дагы бетин майлап, экиге бүктөйбүз. Ушинткенде чөнтөкчөлүү булочка болот. Бөлүккө бөлүнгөн камырлардын баарын ушундай жол менен жайып чыгабыз. 1 жумуртканын сарысына бир аз сүт кошуп, аны менен камырдын бетин сүйкөп, күнжүттөн себелейбиз. 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт коюп, бышканда чыгарабыз.

4. Чөнтөктөрдүн ичине салчуларды өзүнчө көтөрө барып, пикникте салсаңыз болот. Мисалы, ылдыйкы чөнтөккө салат жалбырагы менен 1 кесим сыр, ортоңкусуна 2 кесим помидор, акыркы чөнтөккө 2-3 кесим колбаса же эт кесимдерин салсаңыз болот.

ЛИМОНДОН ЛИМОНАД

Керектелүүчү азыктар:

Лимон – 4 даана

Кумшекер – 200-300 грамм

Суу – 2 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Лимонду жууп, кабыгы менен жука кесип идишке салуу керек. Үстүнө кумшекерди себелеп, 1-2 саатка коюңуз.

2. Сууну кайнатып, аны лимондун үстүнө куюңуз. Муздаганда сүзүп алыңыз. Лимонад даяр.

БАНАН, КИВИ, КУЛПУНАЙ СМУЗИСИ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 10 чакты даана

Банан – 1 даана

Киви – 3 даана

Бал – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабыгы аарчылган бананды жана кивини бөлүктөргө бөлүп кесебиз. Буларга клубниканы кошуп, блендерге салып майдалайбыз.

2. Идишке куюп, пикникке алып кетүүгө муздаткычка салыңыз. Каалоочулар смузиге ананастын 100 миллилитр ширесин кошсо болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан