Ырчылыктан саясатка кетип, вице-премьер-министрлик кызматка чейин жетип, учурда Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов маек төрүбүздө. Бир муун бул адамдын ырлары менен тарбияланды. 60 жашка чыкканын утурлай кыргыздын таланттуу уулун маекке чакырдык. Ал ырчылыктан кантип саясатка кеткенин, “ата” деген сөздү ушул күнгө чейин эмнеге айта албаганын, апасына болгон сүйүүсүн, атактуу Рыспай Абдыкадыровго кантип “уул” болгонун, жубайынын “оппозиция” экенин, “Эламан” ырынын тарыхын жана башка кызыктырды айтып берди.
– Ибрагим агай, 60 жашыңыз кут болсун! Кандай сезимдер болуп жатат?
– Рахмат, өзүмдү такыр 60 жашта деп сезе албайм, чачым эле агарып жатканы болбосо (күлүп). Чач деле саясатка барганы агарды, ага чейин кара чачым бар эле.
– Ырчы, министр, элчи, негизи эле элдин адамы болдуңуз. Ийгилик балалыктан башталат дешет. Балалык дегенде эмнелер көз алдыңызга келет?
– Балалык анан эне. Экөө бир бүтүндүк. Балалык дегенде дайыма апам көз алдыма келет. 2 жашымдан атам менен апам ажырашып кетишкен экен. Төрт баланы апам өстүрдү. Апам атымдан көп айтпай, “анальгиним” деп койчу. Анткени “Ибрагим менен сүйлөшсөм дарысыз эле башым оорубай калат” деп калчу. Эң биринчи обонумду “Алтын апа” деп апама арнап чыгаргам. Каза болгондо “эми ким үчүн бир нерсе кылам?” деген ой келди. Болбосо ал учурда бала-чакалуу болуп калган элем. Көрсө, жеткен ийгиликтерим, жеңиштерим апам үчүн болгон экен. Апамды кубандырам деп эле тырышып көп нерсеге жетиптирмин. Апам төрт баланы жалгыз баккандыктан көп кыйынчылыктарды көрдүк. Көчө шыпырып, корей улутундагылардын пиязын отоп, кылбаган ишибиз калган жок.
“Балалыкка кетеличи, апаке”, “Апам, апам, жан апам”, “Алтын апа”, “Улгайбачы, апаке”, айтор, апа тууралуу көп ырым бар. Сүйүү тууралуу жазып келе жатсам деле апаны кошуп кетем. Мисалы, “Апакеңдин болбой калдым келини” деген саптарым жана “Жубайыма” деген ырымда “апама окшошсуң” деп кошуп кеткем. Апамдын кесиби мугалим болчу, ооз комуз чертчү, жакшы ырдачу, жомокторду айтып берчү. Мендеги чыгармачылыктын үрөнүн апам сепкен.
– Жазуучу Султан Раевдин сиздин бала кезиңиз тууралуу эскергени бар. Ошол окуяны өз оозуңуздан уксак...
– Мен 6-класста окусам керек, агам менен Султан Раев 8-класс болчу, бир айылданбыз. Ошол кезде “Битлз” тобу укмуш популярдуу болуп турган. Ошого окшотуп музыкалык ансамбль түзүшөт. Кичинемде өтө шок элем, ошон үчүнбү алар мени катарына кошушчу эмес. Алар топтолуп алып ырдап машыгышат, мени киргизбейт. Мен түндө велосипед менен келип алып терезенин түбүнө туруп аларды укчумун. “Мени эмнеге кошпойсуңар?” десем, “Битлз” репетиция учурунда эч кимди кошпойт” деп кыйын болуп коюшчу. Өздөрүнчө “Битлз” болуп алышкан (күлүп). Ошондо “шашпай тургула, мен силерге музыканын кандай экенин көрсөтөм” дегем. Айтканымдай эле алар музыканын сыртында калышты, мен ичине сүңгүп кирип кеттим (күлүп).
– Ырдын пири Рыспай Абдыкадыров менен ата-бала катары байланышыңарга да кызыктым...
– Рыспай Абдыкадыров устатым эле эмес, атам ордуна көргөн адамым эле. 27 жыл музыкалык окуу жайда мугалим, кийин проректор болуп иштедим. Мен ар бир студентти жүзүнөн тааный алчу эмесмин, ал киши ар бирин таанычу. Биз биринчи жолу кантип жолуктук? Эсимде, музыкалык окуу жайдын 1-курсунун студентимин. Мугалимдер ырдатып, сүйлөтүп, аспап черттирип тандап алып кетип жатышкан. Бир маалда Рыспай агай кирип келди. Укмуш атагы чыгып турган учуру эле. Ырдаткан да, бир нерсе сураган да жок. Тиктеди, тиктеди, көзү мага урунду. “Атың ким?” деди эле, “Ибрагим” деп жооп бердим. Мени, дагы бир сулуу кыз бар эле ошону тандады да, ээрчитип кетти. Ал кезде “Рыспайдын классына” кирүү ийгиликтин ийгилиги эле. Кийин өтө жакын болуп кеттик. Үч кызы бар эле, эркек баласы жок болчу. “Ибрагим, эркек балам жок, сенин атаң жок, ата-бала болуп албайлыбы?” дечү. Агай менен жүргөндүн өзү турмуштук мектеп болду. “Мен өлгөндө концертим бар эле деп кетип калба. Жалаң кыздарым ыйлап калбасын. Башымда эркек баланын үнү чыгып турсун” дечү. Айткандай эле каза болгон күнү Жалал-Абаддын стадионунда чоң концертим бар эле. Жаман кабарды укканда эле моргго жөнөдүм. Ал мурун “мени ата де, эмне антпей жатасың?” деп кыйнаса да “ата” деп айта алчу эмесмин. Атам кетип калганы үчүн эч кимди ата дей албадым. Бул таарынычпы, же өксүкпү, билбейм. Азыр деле айта албайм. Бирок тирүүсүндө айта албай, каза болгондо “атакем, ой” деп өкүрүп турдум. Бул сөз өзүнөн-өзү чыкты. Мени көрүп ыйлабаган адам калган жок.
– Устатыңыздын эң эсиңизде калганы эмне болду?
– 1994-жылы өлкөбүздүн эгемендигине арналган концерт болуп жаткан. “Эламан” деген ырым өтө популярдуу болуп турган учуру болчу. Ырдап бүтсөм эл кайра суранышат. Башка ырды ырдайын десем эле эл “Эламан” деп кыйкырышат. Сахнанын аркасында Рыспай агай жана бир топ ырчылар менен туруп калдык. Ошондо “сен болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жеттиң. Адам өтө популярдуу кезде өлүш керек” деди. Баары күлүп жиберишти, агай экөөбүз эле күлбөдүк. “Эмнеге?” десем, “мен өтө популярдуу болуп турган кезим 80-жылдардын башы эле. Ошол кезде өлгөнүмдө “залкар обончу кетти” деп элге сөз калмак. Азыр өлсөм эмне деп айтасыңар, билбейм” деди. 33 жашта элем, маанисин жакшы түшүнбөптүрмүн. Мааниси кыргыздар кыйын адамды тирүүсүндө эч баалабайт экен. Өлсө эле популярдуу болуп кетет тура. Азыр деле тирүү легенда адамдарыбыз бар. Баалабайбыз, сөзсүз алардын өлгөнүн көрүп анан баалап калабыз. Рыспай агай каза болгондо эл укмуш көп келди, ыйлашты, кайгырышты. Тирүүсүндө мындай урмат көрсө болбойт беле? Агайдын тирүүсүндө концертине 10 эле адам келип калган учур болгон. Азыр эскерүү кечесине билет сатылып кетип таппай калышат. Көзүнүн тирүүсүндө ошондой болсо көбүрөөк жашайт беле? Ушул эсиме көп түшөт.
– Атактуулукту кантип көтөрдүңүз?
– 18 жашымда “Алтын апа”, “Чынара” деген ырларым менен популярдуу болуп атактуу болуп алыптырмын. Ал кезде жаш обончу деген жок эле, менден улуусу эле Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, эң чокусу Рыспай Абдыкадыров болчу. Оюмда булардын баарын басып кеттим деген да убагым болду. 18 жаштарда “Рыспай агай жана мен бир жерде конокто болдук” деп сүйлөчү элем, андан да популярдуу болгонумда агайдан өзүмдү чоңойтуп “мен, Рыспай Абдыкадыров конокто болуп” деп калдым. “Көпөлөк”, “Сен мени алдадың”, “Эламан” катуу чыгып турганда Рыспай агайды унутуп калып, “мен Түркияда жүргөндө, мен Кытайда болгондо, мен антип же минтип” деп сүйлөп калдым. Азыр “мен” жок болуп, “Рыспай Абдыкадыров” деген ысым калды. Анткени мен жок экенимди билдим. Атактуулукту кантип көтөргөнүмдү ушул сөздөн эле билсеңер болот.
– Кыргыз музыкасына өзгөчө кайрыктар менен кирдиңиз? Бул өзгөчөлүктү кантип таптыңыз?
– Мурдагы обончуларда куплет жанры эле бар болчу. Мен кыргыз музыкасына кайырма жанрын киргиздим. Болгондо да европанын же орусиянын эмес, кыргыздын улуттук кайырмаларын таба алдым. Рыспай агай “обондордо өзүңдүн почеркиң бар” дечү. Менин обонум экенин үнүм чыкпай башка ырчы ырдап жатканда да билиши керек. Кыйындыгымдан, же изилдеп жатып таптым деп айта албайм. Аны Жараткан өзү берди. Музыка – жогору жак менен байланыштуу нерсе. Техникага таянып күнүнө 10 обон деле чыгарсаң болот. Бирок жүрөктөн чыкпаса элге жетпейт. Мисалы, чайканага бара жатканда “Алтын апанын” кайрыктары келди, ошондо чай ичип отуруп алсам кайрык кетип калмак. Шарт бурулуп чуркаган боюнча окуу жайга жетип, дароо нотага түшүргөм. Үч эле ырым сөзү-обону менен чогуу келди. Жүрөктөн чыкты жана элге тез сиңип кетти. Алар “Ата Журт”, “Алтын апам”, “Эламан”.
– Алгачкы клиптериңизди кандай тарттыңыз?
– Кыргыз ырчыларына “клип” деген түшүнүктү Мыктыбек Арстанбек киргизген. Кыргыз ырчыларынын арасынан “Эламан” биринчи клип. Ал кезде киноплёнка менен тартып чыкканбыз. Мыктыбек “Эламанга клип тарталы” дегенде, алгач “ал эмне?” дегем. Түшүнүк жок эле, музыка жаатында бул жаңылыкты Мыктыбек жасаган.
– “Эламан” катуу популярдуу болуп, ошол жылдары төрөлгөн балдарга ушул ысым берилди. Ыр кантип жаралганын айтып берсеңиз?
– Катар кыздуу болдум. 3 кызым бар эле, бири чарчап калган. Эламан көптөн күткөн уулум. Мен да Рыспай агайдай эркек балалуу болбойт окшойм деп калган элем. 1990-жылы уулум төрөлгөндө катуу сүйүндүм. Кыш мезгилинде эле “өзбектер менен кыргыздардын ортосунда катуу согуш болот экен” деген кеп тарап кеткен. Кооптонуп “элим аман болсун” деп ысымын өзүм койдум. Уулум мартта төрөлсө, согуш июнда башталды. Шаар өрттөнүп, ок атылып жатат. Биз шаарга кире албай айылга кайттык. Жолдо баратып “элим аман болсун деп, атыңды койдум Эламан” деген саптар келди. Уулум машинада бакырып ыйлап жатат, мен ушул ырды жаратып баратам. Барып эле нотага түшүрдүм. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алып жатканда Статистикалык комитеттен “4-5 жыл ичинде 17 миң балага Эламан деген ысым берилди” деп сыйлыкты тапшырышкан. Андан кийин да көп коюлса керек.
– Ырчылыктан саясатка аттанып калганыңызды айтып бериңизчи?
– Ырчы болуп жүргөндө болочок депутаттарга көп жардам бердим. Саясатчылар шайлоодо ырчыларды чакырып ырдаткан мурда жок эле, эгемендикти алган жылдары башталды. Ал кезде ырчылар кимди колдосо ошол депутаттыкка өтүп кетчү. Акырындап саясаттын чөйрөсүн түшүнө баштадым, депутаттыкка талапкерлигимди коюп көрдүм. Өтпөй калгандан кийин такыр кызыкпай калдым. Бирок мени чакырып алышып, “партия менен депутаттыкка барасың” дешти. Кыскасы, мен саясат менен алек болбосом, саясат менин жашоом менен алек болчудай болуп калды. Бардым. Ошол боюнча чыга албай жүрөм (күлүп). Эл мен тууралуу көп нерсе айта беришет. Чындык бирөө эле, мен көчө шыпыргычтан вице-премьерликке чейин өз эмгегим менен жеттим. Байдын же атактуунун баласы эмес болчумун. Карапайым, жалгыз бой аялдын баласы элем. Эмгек, апамдын батасы, Жараткандын буйругу менен Ибрагим болдум.
– Келинчегиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
– Келинчегимдин апама окшошуп кеткен жерлери бар. Калыс, болгонун болгондой айтат. Кеңеши мен үчүн баалуу. Эркектер аялдардын кеңешин укпайм дей беришет. Эч бир аял күйөөсүнө жамандык каалабайт. Куру намыс дей бербей аялдардын акылын угуш керек. Келинчегим – эң күчтүү оппозиционерим. Саясаттагы оппозициядан айырмаланып бетке айтат, жамандык каалабайт. Аялдын ичинде көп нерсе бар, периште, мышык, арстан бар, кимисин ойготуп алсаң ошонусу менен жашайсың. Мен периштесин ойготуп алсам керек (күлүп).
– Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Улуусу канчага чыгып калды?
– 2 кызым, 1 уулум, 5 неберем, бир аялым бар (күлүп). Келинчегим Чынара экөөбүз Ташкентте турабыз, балдарыбыздын баары Бишкекте. Эламан 31 жашка чыкты. Бир кыздуу болгон, дагы небере күтүп жатабыз. Улуу кызыбыз 38 жашта, доцент, үй-бүлөлүү. Экинчи кызым да үй-бүлөлүү, балдары менен үйдө. 7 жылдан бери аларга конокко эле келебиз. Неберелерим керемет. Эң улуу неберем Асеманын мүнөзү апама окшош, скрипкада жакшы ойнойт. Аябай жакшы көрөм ушул неберемди. “Баладан ширин эмне болот болду экен десе, ошол балаңдын баласы” деп түрк даанышманы жооп бериптир. Ошол чын экен. Дагы көп неберелүү болууну каалайбыз.
– Сизге эркин микрофон...
– Элибиз аман болсун, жакында Баткен окуясы болуп кабырганы кайыштырып кетти. Мындай окуя болбосун, жакшы күндөрдө, жакшы маанайда кездешип жүрөлү.
– Тилегиңиз кабыл болсун, маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева