Түгөлбай Абдыкадыров, мүнүшкөр: “БҮРКҮТТӨР ПАНДЕМИЯГА ЧЕЙИН БИЗДИ ДА, ӨЗДӨРҮН ДА БАКЧУ"

Кыргыз эли эзелтеден бүркүт таптап, куш салып келишкен. Мүнүшкөрлөр түлкү, карышкыр жана башка жаныбарды алдырып, бүркүттүн пайдасын көрүшкөн. Бүркүт, ителги, куш салуу өлкөдө улуттук спорт түрү катары катталып, ар кандай мелдештер уюштурулуп келет. 25 жылдан бери ителги, бүркүт таптоо менен алектенип жүргөн Түгөлбай Абдыкадыров мүнүшкөрлүктүн сырлары тууралуу айтып берди.

“БҮРКҮТТҮ АЧКА КАРМАСА АДАМГА КОЛ САЛАТ”

– Мен Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынан болом. 5 баланын атасымын. Мүнүшкөрлүк менен алектенгениме 25 жылдан ашты. Мектепти бүткөндө эле куш таптоого кызыга баштадым. Чоң аталарыбыздан таптагандар болуптур. Куш таптоонун сырын туугандардан сураштырып жаттым. Бирок бүркүт таптоо боюнча көп маалыматты китептерден таптым. Ошентип куш таптоого кириштим, бирде окшошсо, бирде окшошпой жатты. Кээде кушумду качырып жиберчүмүн. Акырындап тажрыйба топтоп, ушул даражага жеттим. Башында карчыга куш, чүйлү таптачумун. Кийин жайлоодон уясын көрүп бүркүткө кызыгып калдым. Аркасынан акмалап жүрүп балапанын алып келип таптап баштадым.

Уядан алганына өзүң ата-эне болуп каласың. Учканды, аң уулоону, баарын үйрөтүүгө туура келет. Ал эми тор менен тапка келген бүркүттү кармап алсаң, алар кандай учушту, кантип тамак таап жешти, кайсы жаныбарды кантип илип кетишти билип акыл-эси кирип калган болот. Аны жоошутуп, өзүңө көндүрүп койсоң жетиштүү. Ал эми балапан бүркүттөр тажрыйбасы жок, туш келгенине кол сала берет. Чоңойгондо кармалган бүркүттөр адамга кол салбайт, берки уя бүркүттөрдү ачка, арык кармап койсо адамга да кол салып жиберишет.

Учурда 2 ителги, 2 бүркүт таптайм. Буларды капаска камабайбыз, ачык эле турушат. Кышында эле үшүбөшү үчүн жабык сарайга киргизебиз. Бизде адамга кол салган учур болгон эмес. Кээде тап берип калышат. Тумшук-башын буту менен тазалап жатып томогосун чечип алса коркунуч жаратат. Бир жолу Канжыгалуу кара сеңсел деген бүркүтүм томогосун кагып алып, бир козуну кармап жеп коюптур. Мурун тоокторго да тийчү. Азыр ит, тооктор андан коркушат, кадимкидей айланып өтүшөт.

Экинчи бүркүтүмдү кеч күздөн тартып жазга чейин түлкүгө, чөөгө салам. Бүркүттү салганга тоодогу аба, тоскоолдуктун жоктугу жакшы, салмагы оорураак болгондуктан токойдо уча албай калышат. Быйыл чөөлөрдү алганга Бишкек жакка чакырып жатышат. Чүйдө, Ошто чөө көбөйүп кетти дешти. Биз жакта дайыма ууга чыгып турганга окшойт, айылга чейин кирип келген чөөлөр жок. Кекилик, кыргоолдордун азайып кеткени чөөлөрдүн көбөйүшү менен байланыштуу болууда.

“ИТЕЛГИ КӨК БЕТ, АЧ КӨЗ, СУГАЛАК БОЛОТ”

– Бүркүт, ителгинин тамагы жалаң эле эт. Карганын, малдын этин беребиз. Базардан сулп эт алып келип коёбуз. Бүркүттөр чыдамкай келет, 35 күнгө чейин ачка жүрө беришет. Бирок биз анчалыкка жеткирбейбиз, 1-2 күн тамак жебей калышы мүмкүн. Ооруп жаткан малдын этин бербейм. Бүркүт этти аш кылгандан кийин тамагы менен ичине кошо кирген тери, кум, таш сыяктууларды кулгуп салат. Ал эми ителги көк бет болот, жаңы кармалган ителгилер тиштегилеп жатып өзүнүн тырмагын жулуп салганга чейин барышат. Бирок тапка келгенден кийин ээсин таштабайт. Кишини ээрчип айланып учуп калат. Ителги ач көз, сугалак болот, тамакты күндө жеп турушу керек.

Багууда көп эле каражат кетет. Чыгымды эсептеп көрбөптүрмүн. Пандемияга чейин булар бизди да, өзүн да бакчу. Туристтер келгенде туристтик фирмалар аркылуу бүркүт-шоу көрсөтчүбүз, ар кандай турнирлер болчу.

Бүркүт, куш салуу улуттук спорт түрү болуп катталбадыбы. Салбуурун федерациясына мүчөмүн. Мелдештерге катышып, орундарды алып жүрөм. Акыркы жолу Нооруз-2021 турниринде Ышкырык деген ителгим 3 мүнөттүн ичинде 26 жолу далбага тийип, 1-орунду алды. 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2-орунду алган. Алматыга мелдешке барып 9 мамлекеттин ичинен Азия чемпиону болдук. Астана, Карагандыга барып байге менен кайттым. Казактар бизди өздөрү каржылап чакыртышат. Бүркүт, ителги таптоо – ата-бабадан калган өнөр. Булар менин жашоомдун бир бөлүгү. Үйдө турушу, ууга чыгуу өзгөчө сезим тартуулайт, андыктан байгеден уткан акча маанилүү эмес. Эң көп утканым – 40 миң сом болду. 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 30 миң сом алдым. Байгелер начар болуп калды. Чет жактан келгендер “мындай байге бизде аймактын деңгээлиндеги турнирлерде берилет” деп кетишкен. 1-2-Көчмөндөр оюндарынын байгеси жакшы болгон.

“БҮРКҮТТӨР ҮЙ-БҮЛӨГӨ БЕКЕМ, СҮЙҮҮГӨ ТУРУКТУУ БОЛУШАТ”

– Үй шартында булардан балапан алса болот. Бирок өтө кыйын. Ургаачысы да, эркеги да туш келген бүркүттү жактыра бербейт. Жапайы бүркүттөр бири-бирин тандап жактырышып, өмүрү өткөнчө бир болушат. Түгөйү өлүп эле калбаса башкага алмаштырышпайт. Булардын ургаачылары эркегин тандайт. Бийиктикке чырпык же тери көтөрүп чыгып жерге ташташат. Ошону илип келип кайра өзүнө берген эркегин тандашат. Мунусу кийин үй-бүлөмдү багып кетет деген мааниде. Түгөйлөр ар кайсы жакка уяларды салып коюшат, бирөөсүнө коркунуч жаралса башкасына дароо орун которуп кетишет.

Өздөрүнчө шаңшып үндөшүп турушат. Тамак сурап жатканда башкача үн чыгарышат. Колдо турганда маал-маалы менен учуруп, үндөп ууга чыгарып турса тажабайт. Ууга чыгарда кадимкидей сүйүнүшөт. Томогону чечкенде башын созуп эки жакты карап, талпынып калса “бүгүн табында экен, ала турган күнү экен” деп калабыз. Ал эми үрпөйүп калса табында эмес экен дейбиз. Маанайын келтириш үчүн табын табыш керек. Өтө семирсе да, арыктап кетсе да табы бузулат. “Ителги менен бүркүткө бир тап, кушка күндө тап” деген кеп бар. Булардын табын бир жолу таап алсаң болду, эч качан унутпайт. Мисалы, түлөп жаткан маалда 3 айдай учпай отуруп калат. Түлөп бүткөндө жакшы таптасаң бат эле өзүнө келип калат.

Бүркүттүн моюнунан түшкөн кызыл жүнү узун болуп тургандары жогдорлуу делет. Өңү, кыраандык белгилери, көзү, канат-куйругунун жайгашканы, мүрүсүнүн (ийин) калыңдыгы жана бутундагы жем басарындагы шакекчелери (4, 3, 2 шакекче болот), ушулардын баары каралып бүркүткө сын берилет.

Ууга чыккан бүркүтүмдүн аты Керчагыр, 4 жашта. Бирөөсүнүн аты Канжыгалуу кара сеңсел, 2 жашта. Ал куйругу ашыкча болгону менен башка бүркүттөрдөн айырмаланып турат. Баарынын куйругунда 12 тал болсо, мында 14 тал. Баккандардан сурасам 13 куйруктуулар бар экен, бирок 14 куйруктуу бүркүт кезиктире элекмин. Этин тартып таптаганда Керчагыр 5, берки бүркүт 3 жарым килограмм болот. Таптаганда сууга чыланып, чыкталган кубаты жок эт беребиз. Ал эми Ышкырык 6, Сүрөөн 3 жашта. Булардын салмагы 900 граммды түзөт. Эркек ителгилердин салмагы ушундай аз болот. Ургаачыларынын салмагы 1 килограммдан ашып кетет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erlan_95
2021-05-25 17:15:50
Вааау
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-05-26 21:21:06
Билбеген нерсебиз өтө көп ээ
0
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан