Таранчылар түркүмүнө кирүүчү токуучу байя чымчыгы Бангладеш, Бутан, Индия, Непал, Мальдивы, Пакистан, Шри-Ланка, Индияда жашайт. Саванна, суюк токойлорду көбүрөөк, ал эми токойдун четтерин, жарым чөлдүү жерлерди азыраак байырлайт. Дан өсүмдүктөрүнүн данын, чөптөрдүн уруктарын жешет.
Байя – топтошуп жашаган жана топтошуп учкан чымчыктар. Алар уя токуунун нагыз чебери. Аны жамгыр сезону башталарда нөшөрлөгөн жамгырдан коргонуу максатында салышат.
Куркулдайдыкына окшоп кеткен үйүн токууда күрүчтүн, пальманын жана башка өсүмдүктөрдүн ичке жалбырактарын колдонушат. Катуу шамалга туруштук берсин деп ылайды, жаныбарлардын кыгын да кошушат.
Уяны адатта эркектери салышат. 6-8 күн дегенде жарым-жартылай даяр кылат. Анан алар үн салып ургаачыларын чакыра башташат. Ургаачысы бир уяга токтолгуча башка 10-20 чакты уяны карап чыккан болот. Жаман "үй" салгандарга колукту табуу кыйын.
Ургаачысы экөө уянын курулушун чогуу бүтүрүшөт. Жупташкан соң эркеги башка уя салып, жаңы жан шерик издей баштайт.
Канымжан Усупбекова