«БАЛА БОЛО ЭЛЕК ДЕБЕГИЛЕ. 3 АЙЛЫК ТҮЙҮЛДҮК КҮЛӨТ, ЫЙЛАЙТ, СЕЗЕТ...»

Гинекологиялык оорулар жаатында Ош облустук Адам репродукциясы борборунун гинеколог-эндокринологу, кольпоскопист Айканыш Кадырбек кызы менен маектештик. Ал бизге гормондорго катылган сырлар, ичинен тырмак, чач чыккан эн барсылдагы жана башкалар боюнча айтып берди.

– Жаш кыздарды көп түйшөлткөн маселенин бири – айыздын бузулушу. Буга эмне себеп болот?

– Кээ бир кыздардын айыздык цикли бузулуп, бетине бүдүрлөр (угри, акне) чыгат. Аялзатында да бөйрөктүн үстүндөгү жана эн безде тестостерон, андростендион деген эркек гормондор аз cанда иштелип чыгат. Эгерде алар ашыкча болуп кетсе бетке бүдүрчөлөр чыгып, айыз цикли бузулат. Тактап айтканда, стресстен, оор жумуштарды жасоодон, туура эмес тамактануудан, семирип же өтө арыктап кетүүдөн бузулат. Беттеги бүдүрчөлөрдү косметологиялык каражаттар менен кетирүүгө мүмкүн эмес. Анализдерди тапшырып, ошого жараша дарыланса гана бүдүрчөлөр кетет, айыз цикли калыптанат.

– Айызы абдан оорутуп келген кыздар, аялдар жолугат. Алар оорутууну басуучу дарыны ичип жүрө беришет. Ушул туурабы?

– Туура эмес. Кээ бир ата-энелер “эл көрсө эмне дейт?” деп өспүрүм кыздарын гинекологго көрсөтүүдөн тартынышат. Көрсөтүп, текшертүү менен келечекте жаралчу көптөгөн оорулардын алдын алып калууга болот. Мисалы, төрөбөстүктүн. Айыздын оорутуп келишине гормоналдык бузулуулар, организмге магний элементинин, А жана Е витаминдеринин жетишпестиги, сууктан улам сезгенүү жана башкалар жеткирет. Эгер оору жок эле тукум куучулуктун айынан айыз оорутуп келсе анда таблетканын ордуна дары чөп ичсе болот. Чай чөп (зверобой) менен кургатылган малинанын жалбырагынан 1 чай кашыктан алып, аны 300 миллилитр кайнаган сууга салып, 15 мүнөт демдеп, 3 маал ичүү сунушталат.

– 40 жаш чамасында төрөөгө эмнеге мүмкүнчүлүк аз?

– Кыз бала эн безиндеги 2-3 миллион жумуртка клеткасы менен төрөлөт. Жыл өткөн сайын алардын саны азайып отуруп, биринчи айызы келген 12-15 жашында 350-400 миң жумуртка клеткасы калат. Ар бир айда айызы келген сайын 15-20дан жумуртка клеткасы азайып турат. 40 жаштагы аялда андай клетка өтө аз калган же түгөнүп калган болот. Ушундан улам төрөбөстүк маселеси чыгат. Кээ бирлер “илгери аялдар 40-45 жашында деле төрөчү эле” деп айтышат. Мурунку аялдар көп төрөгөн, демек, кош бойлуу болгон сайын айызы келбей, жумуртка клеткалары да сакталып турчу. Заманбап аялдар карьера жасап, кеч турмуш куруп, аз төрөгөндүктөн жумуртка клеткалары эрте түгөнүп калууда. Тилекке каршы, аларды көбөйтө турган дары жок, андыктан убагында үй-бүлө күтүп, төрөө керек.

– Аял төрөй турган күнүн өз алдынча эсептеп үйрөнүп алса болобу?

– Болот, бул үчүн акыркы этек кири келген датадан артты көздөй 3 ай эсептеп, ал датага 7 күндү кошобуз. Мисалы, акыркы этек кирдин келген күнү 3-апрель дейли. Артты көздөй 3 ай санаганда жыйынтык 3-январь болду. 3+7=10. Демек, аялдын төрөө убактысы 10-январда. Бирок ал кайсы бир себептер менен эртерээк же кечирээк төрөшү мүмкүн.

– Кош бойлуу аялдардын канча килограммга чейин салмак кошушу норма болуп саналат?

– 7-10 килограммга чейин. Айтсак, ичтеги ымыркай 2,5-4 килограмм, баланын тонунун салмагы 700-1000 грамм, ымыркайды курчап турган чарайна суусу 1 литр болот, кан 2 эсе көбөйөт, анткени эне да, бала да кан менен камсыз болушу кажет.

– Аялдардагы прогестерон жана эстроген гормонунун ролу тууралуу билгиси келгендер көп.

– Аялдын маанайы, сырткы келбети, салмагы, назиктиги, кош бойлуу болуу жана төрөө мүмкүнчүлүгү гормоналдык фондон көз каранды. Башкы гормон болуп прогестерон менен эстроген эсептелет жана алардын көпчүлүк бөлүгүн эн бези иштеп чыгарат. Эстроген жатындын жана эмчек безинин өсүшүнө, этек кирдин келишине, денедеги түктөрдүн деңгээлине, организмде суунун кармалып турушуна, чачтын бекемдигине, өсүшүнө жооп берет. Төрөгөндөн кийин аталган гормон калыбына келгиче 3-6 ай өтөт. Ошондуктан 3-6 айга чейин аялдын чачынын түшүшү табигый көрүнүш. Кыргыздарда бала талпынганда чач түшөт дешет, талпынуу баланын 4-6 айлыгына туура келет. Эгер чач көп түшсө трихологго кайрылуу зарыл.

Прогестерон жатынды уруктанган жумуртка клеткасын кабыл алууга даярдайт.

Климакс мезгилинде эстроген гормону аз өлчөмдө иштелип чыгат. Андыктан аялдын териси кургап, бетине, колуна бырыштар түшөт, сөөктүн тыгыздыгы азайып, остеопороз дарты жарала баштайт.

Климакста аялдар гинеколог-эндокринологго текшерилсе, ал курамында эстроген гормону бар каражатты жазып берет, аны ичсе жогорку көйгөйлөр чечилет.

– Учурда үй-бүлөлөрдө, кыз-келиндер арасында кандай көйгөйлөр көбөйүүдө?

– Жаш үй-бүлөлөрдө тукумсуздук, кош бойлууларда түйүлдүктүн ичтен өлүп калышы, жаңы туулган ымыркай кыздар арасында жатын моюнчасынын кемтиги менен төрөлүү көп кездешүүдө. Ал эми 35-40 жаштагы аялдарда, жогоруда айткандай, жумуртка клеткаларынын эрте түгөнүшү, анын негизинде эрте климакска кабылуу көп. Аталгандарга алып келчү себептер жыныстык жактан жугуучу оорулар менен ооруу, туура эмес тамактануу, экологиянын начарлашы, дары менен бышкан жашылча-жемиштерди жегендик, гормоналдык бузулуулар жана башка. Аял себебин тактатып, дарылануусу шарт.

Дагы бир көйгөй – аборттун санынын өсүшү. Ичтеги баласына 3 ай болгондо деле алдырышат. Аялдар өздөрүн “бул али бала боло элек” деп жооткотушат. Андай эмес. 12-аптада түйүлдүк дем алат, жылуу менен муздакты, ооруну сезет. Муштумун түйөт. Нерв жана кан айлануу системи өнүгүп калгандыктан үнсүз ыйлай жана күлө алат. Оозун манжалары менен кармалайт. Демек, 3 айлык түйүлдүктү бала боло элек дегендер терең жаңылышат. Аборт жасатып баланы убал кылгыча, өзүнүн ден соолугуна зарп кетиргиче кыз-келиндер сактануу жолдорун билиши шарт.

– Эн безинин барсылдагынын ичинен чач, тырмак чыккан учурлар болот экен. Бул кандайча?

– Андай барсылдак (киста) дермоиддүү деп аталат жана бул кыздардагы тубаса залалсыз шишик. Эн бези пайда болуп жаткан учурда анын ичине башка дагы жаралып жаткан нерселер: кемирчек, чач, тырмак, тиш, булчуң май же нерв тканы кирип кетиши мүмкүн. Барсылдак акырындап өсөт. Өспүрүм кезде көлөмү чоңоюп калганда УЗИден билиниши мүмкүн. Өлчөмү көбүнчө 6-7 сантиметр болот, бирок кээде 15 сантиметрге жеткендери да кездешет. Операция жолу менен алынат.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгиликтерди каалайм!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Razzak.kg
2021-05-29 17:00:34
Эң бези дегени эмне
+1
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан