SAMSUNG`дун МУРАСКЕРИН ТҮРМӨДӨН ЧЫГАРУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА

Түштүк Кореянын көптөгөн тургундары өлкөнүн президенти Мун Чжэ Инден Samsung компаниясынын мураскери, башчысы Ли Чжэ Ёнду түрмөдөн бошотууну талап кылышууда. Бул тууралуу айрым эксперттер “ал түрмөдөн чыкса учурдагы кырдаалга байланыштуу мамлекеттин туруксуз экономикасын калыбына келтирүүгө салым кошмок” дешсе, кээ бири анын компанияга олуттуу таасири жоктугун айтышууда. Акыркы үч айда Samsung компаниясынын киреше булагы рекорддук чекке жетип, 1,5 эсе өскөнүн далил катары келтиришүүдө. Ал эми компаниянын өкүлдөрү жетекчи сырттан болсо да стратегиялык багыт көрсөтүп, олуттуу чечимдерди чыгарып жатканын билдиришти. Ошондой эле анын дүйнө жүзүндөгү бизнес-лидерлер менен байланышы жакшы болгондуктан мындан аркы өсүш ага көз каранды экенин белгилеп жатышат.

Ли Чжэ Ёнго карата 2017-жылы козголгон кылмыш иши кайрадан каралган. Мураскерге мамлекеттен колдоо алуу үчүн Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хеге бир нече жолу пара берген деген айып тагылган. Ушул жылдын январь айында ал 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан