TWITTER, FACEBOOK, YOUTUBE ЭМНЕ ҮЧҮН ИШИН ЖАЙЛАТАТ?

Орусиянын Байланыш, маалымат технологиясы жана жалпыга маалымдоо жаатын көзөмөлдөөчү федералдык кызматы 10-марттан тартып Twitter`дин иштөөсүн жайлаткан. 17-майда ал мекеме аталган социалдык түйүндүн ишине бөгөт койбоо тууралуу чечим чыгарганын орусиялык маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Анткени Twitter`дин администрациясы тыюу салынган маалыматтардын 91 пайызын, тактап айтканда, мыйзамга туура келбеген 5,9 миң маалыматты өчүрүп, биргеликте иш алып барууга макулдугун билдирген. Тыюу салынган маалыматтардын ичинде өспүрүмдөрдүн порнографиясы да болгон.

Ошондой эле Facebook социалдык түйүнү менен YouTube видеохостинги мыйзамга туура келбеген маалыматтарын өчүрүшпөсө алардын да иши жайлатыларын билдирет көзөмөлдөө кызматы.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан