“Супердин” тандоосу-2010
Жамы журтка белгилүү болгондой, “Супер-Инфо” ар жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгарып келет. Ушул жылда алгылыктуу иш жасай алган, эл оозунан түшпөгөн ар тармактагы инсандарды сыйлоо аземи шаңдуу концерт менен коштолуп, 29-30-ноябрь күндөрү борборубуздагы Спорт Ордосунда өтөт. Эмесе, 2010-жылдын мыктыларына талапкерлердин тизмесин жарыялайбыз.
Жылдагыдан айырмаланып, шоу-бизнес, саясат, спорт тармагынан сырткары кино жаатында да үзүрлүү эмгектенгендерди унутта калтырбай, мыктылардын арасына кошуп отурабыз. Баса, бул аземде “Супер сулуу-2010” сынагынын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүгө январь айында куштун уясындай жылуу, табияты кооз Таиландга барып эс алып келүүгө жолдомо белек кылабыз.
Жылдын суперлерине добуш берүүнүн биринчи туру биздин расмий сайтыбызда жүргүзүлөт. Бул тандоодон суурулуп чыккан алдыңкы үчтүктөр “Жылдын мыктысы” деген наам үчүн концерт кезинде ат салышат. Калыстар тобунун курамы да өзгөчө. Муну азырынча сыр тута туралы. Чамдаңыздар, жылдын мыктыларын бирге тандайбыз!
ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЫ
Мирлан Баеков, “Кызыл өрүк”
Дайыр Исмадияров, “Кара көзүм”
Нурлан Насип, “Унуталбайм”
Ынак Осмоналиев, “Мумиё дарың жок беле?”
Султан Садыралиев, “Сүйүү тамчысы”
ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ
Дайыр Исмадияров, “Кара көзүм”
Каныкей, “Кара чаң”
Алихан, “Сагынуу”
Гүлнур Сатылганова, “Жолукпай калсаң эгер...”
Фархат Кеңешбек уулу, “Кайдагы сүйүү?”
СУПЕР КИНО
“Талак”
“Уурунун махабаты”
“Байланыш”
“Жараланган турна”
“Аят”
Бурул Исмаилова
koom@super.kg
"Супердин" сурак бурчу
БЫЙЫЛ “ЖЫЛДЫН АДАМЫ” ДЕГЕН НААМГА КИМДИ КӨРСӨТӨТ ЭЛЕҢИЗ?
Жолдош Жупкаев,
48 жашта, инженер-механик:
– Апрель окуясына чейин эч ким деле иштеген жок. Аңгыча төңкөрүш болуп кетти. Кыскасы, эл үчүн эмгектенген бир да адамды көрө алган жокмун. Ой, коё тур, Роза Отунбаеваны көрсөтө алам. Кыйын кырдаалда эркек жасабаган жумуштарды жасап, кыргыз эли үчүн туруп берди.
Майрамбек Бөлөкбаев,
23 жашта, айдоочу:
– Бир гана Өмүрбек Текебаев “Жылдын адамы” наамына татыктуу. Текебаев кыргыз элинин жашоосун жакшыртуу камы менен Конституцияны өзгөрттү. Бир үй-бүлөнүн бийлиги өкүм сүрбөсүн деп парламенттик мамлекет кылууга кам көрдү.
Динара Акулова,
46 жашта, ырчы:
– Элибиздин канына “аял киши эл башкара албайт” деген түшүнүк сиңип калган. Бирок президент айымыбыз Роза Отунбаева бул түшүнүктүн натуура экенин далилдеди. Ошол себептен “Жылдын адамына” президентибиз гана татыктуу деп ойлойм.
Токен Алагушова,
54 жашта, эсепчи:
– Бул же тигил деп аташ кыйын болуп жатат. Чыңгыз Айтматов, кечээ эле көзү өтүп кеткен залкарыбыз Жалил Садыков сыяктуу көч башы болгон адамдар азыр арабызда жок. Жогоруда аты аталган инсандарыбыздай баш-көз болчу адам жок калганына ичим ачышат. Ошондуктан эч кимди көргөзө албайм.
Нурила Шадыбекова,
38 жашта, китепканачы:
– Учурдагы президент айымыбыз Роза Отунбаева менен сыймыктанам. Эмнеге? Жөпжөнөкөй мисал, Америкага барган сапарында катардагы жүргүнчүлөрдүн учагы менен барды да, Барак Обама менен котормочусуз сүйлөштү. Эгер өзүнчө учак жалдаса, котормочу алып жүрсө, ага канча акча кетмек?..
Бекен Алымбеков,
21 жашта, магистрант:
– Жакында эле мекендешибиз Каныбек Сагынбаев бильярддын эркин пирамида түрү боюнча Дүйнөнүн чемпиону аталды. Ошондуктан “Жылдын адамы” наамын мен Каныбек Сагынбаевге ыйгармакмын.
Нуржан Матыева,
18 жашта, студент:
– Мен кайсы тармак болбосун, баарынан кабардар болуп турам. Жаштар министри Алиясбек Алымкуловду “Жылдын адамы” наамына татыктуу деп эсептейм. 7-апрелде октон коркпой алдыда жүрдү. Алиясбек мырза эл үчүн иштей алат.
Сүйүн Кулматова