ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

СТУДЕНТ КОРОНАВИРУСТУН АЙЫНАН 11 КҮН БАКТЫН БАШЫНДА ЖАШАДЫ

Индиянын Теланган штатынын Налгонда шаарынын Шива аттуу 18 жаштагы жашоочусу 4-майда коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын билген. Туугандарына жуктурбоо максатында индиялык жигит үйдүн короосундагы дарактын өйдө жагына бамбук, жиптерди колдонуп керебет жасап, анда 11 күн жашаган.

Шива убактысынын көбүн уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө сарптаган. Ата-энеси тамак-ашты жипке байланган чакага салып беришкен, Шива аны өйдөдөн тартып алып турган.

Журналисттер келгенден кийин Шивага айылдын башка жашоочуларынын, полициянын көңүлү бурулган. Шиваны коронавирус менен ооругандарды изоляциялоочу жайга айлантылган жергиликтүү хостелге жиберишкен.

Студент Индиянын түштүгүндөгү Хайдарабад университетинде билим алат. Ал бир ай мурун Хайдарабадда COVID-19 оорусунун саны көбөйгөндө ал үйүнө кайтып келген.

МЕКСИКАЛЫК КЫЗ – “ААЛАМ СУЛУУСУ”

Жакында АКШнын Флорида шаарында өткөн “Аалам сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү болуп мексикалык Андреа Мес табылды,

Ага таажыны 2019-жылдын жеңүүчүсү, Түштүк Африканын модели Зосибини Тунзи кийгизди. Мындан тышкары сынактын беш лидеринин катарына Бразилия, Индия, Доминикан Республикасы жана Перудан келген кыздар кирди.

Мес бул наамды жеңип алган Мексиканын үчүнчү өкүлү болду. Буга чейин анын мекендештери сыйлыкты 1991-жылы жана 2010-жылы алышкан. Андреа ушунчалык өзүнө ишенгендиктен сулуулук сынактарына катышуудан тартынбайт. Ал буга чейин 2017-жылы "Дүйнөнүн вице-сулуусу" наамына ээ болгон. Кесиби боюнча программист.

ТИРҮҮ АЯЛ ӨЗҮН “АКЫРКЫ САПАРГА” УЗАТТЫ

Апрелдин аягында Доминикан Республикасынын 59 жаштагы тургуну Майра Алонзо туулган жери Сантьягодо өзүнүн сөөгүн акыркы сапарга узатуу жаатында жасалма иш-чараны уюштурган. Аял бир күнгө табытты ижарага алып, туугандары менен жакындарын чакырган. Ак халат кийип, башына гүлчамбар коюп, табытка жатып, көзүн жумуп өлгөндөй түр көрсөттү.

Туугандары, достору болсо жылмайып, баарын телефонго тартып жүрүштү. Аял өзүнүн сөөгүн узатууга 60 миңдей мексика песосун (221 миң сом) коротконун айткан.

"Кокус мен эртең өлүп калсам, кимдир бирөөлөр мени акыркы сапарга узатууну уюштурушун каалабайм, анткени мен көзүм тирүүсүндө бардыгын жасап алдым",- дейт Алонзо.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан