ТАКСИСТТИ ӨЛТҮРГӨНДӨР 12 ЖЫЛГА, ДОСУН БЫЧАКТАГАН ЖИГИТ 10 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

“Супер-Инфо” гезити өлкөдөгү оор кылмыштарды, төбө чачты тик тургузган окуяларды жарыялап, тергөө, сот иштерине назар салып турат. Бул санда буга чейин гезит бетине жарыяланган резонанстуу кылмыштардын аягы эмне менен бүткөнүн жарыялайбыз.

ТАКСИСТТИ ӨЛТҮРҮП, СӨӨГҮН ӨРТТӨГӨН 5 ӨСПҮРҮМДҮН ЭКӨӨСҮ 12 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ

“Супер-Инфо” гезитинин №922 санына “Таксист мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуя. Кылмышка шектелип беш жигит кармалды” деген аталышта макала жарыяланган. Макалада 2020-жылдын 19-июль күнү Өзгөн районунун Зергер айылынын 29 жаштагы тургуну Ж.у.М. такси кызматында иштеп жүргөн учурда 5 өспүрүм аны мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелип кармалганы жазылган.

Окуяны эске салсак, 19-июлдан 20-июлга караган түнү маркум такси кызматында иштеп жаткан. 5 өспүрүм андан райондогу касапканага жеткирип коюуну суранышкан. Айтылган дарекке келгенде шектүүлөр таксистке 100 сом беришкен. Бирок маркум жол узак болгондуктан 200 сом бергиле деген. Мындан улам ортодо чыр чыгып, таксистти өлтүрүп салышкан. Алар сөөктү жашыруу максатында бензин чачып өрттөп туруп Кара-Дарыяга ыргытып жиберишкен. Аталган факт боюнча кылмышка шектелип Өзгөн районунун тургундары М.у.А, И.Э., А.у.Ш., Ш.И. жана В.у.Н. аттуу өспүрүмдөр кармалып, 130-берене (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. 2021-жылдын 19-апрелинде Ош шаардык сотунун өкүмү менен айыпталуучулардын экөө 12 жылга эркинен ажыратылып, аны менен бирге бирине 70 миң сом, экинчисине 15 миң сом айып төлөтүүгө милдеттендирилген. Калган үчөө кылмышты жашыруу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бирок жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу 3 жылдык мөөнөткө эскертүү менен ата-энелеринин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди.

КЛАССТАШЫН БЫЧАКТАГАН ЖИГИТ 10 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ

“Супер-Инфо” гезитинин №933 санына “Таласта 23 жаштагы жигит классташы тарабынан бычакталды” деген аталыштагы макала жарык көргөн.

Окуяны эске салсак, 2020-жылдын 12-октябрына караган түнү маркум Нурсултан Жунусбеков достору менен тойдон чыгып, Талас шаарындагы дүкөндөрдүн бирине киришкен. Ошол учурда Нурсултан менен досу жөн эле сүйлөшүп туруп, кийин досу Нурсултанды сатыкта турган бычак менен курсакка сайып жиберген. Жанындагы достору байкамаксан болуп, Нурсултанга жардам көрсөтүшкөн. Бул окуя соода борборундагы видеокамерага түшүп калган. Достору Нурсултан Жунусбековду убагында ооруканага жеткирбей жүрө беришкендиктен, кан көп кетип ооруканага жетпей жан берген. Аталган окуя боюнча 130-берене менен кылмыш иши ачылган. 2021-жылдын 25-мартында Талас шаардык соту Нурсултан Жунусбековго бычак сайган жигитти күнөөлүү деп таап, аны 10 жылга эркинен ажыратты.

ӨГӨЙ АТАСЫ ЗОРДУКТАДЫ ДЕЛГЕН КЫЗ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРДИ

“Супер-Инфо” гезитинин №942 санына “15 жашар кызды өгөй атасы 2 жыл зордуктап жүргөнбү?” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Окуяга кайрыла турган болсок, 2020-жылдын 5-декабрында Токмок ШИИБине 2005-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм кыз 2018-жылдын август айынан тарта өгөй атасы тарабынан зордукталып келген деген маалымат келип түшкөн. Кыздын милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсү боюнча, өгөй атасы аны апасы жок кезде “бирөөгө айтсаң өлтүрүп коём” деп коркутуп зордуктап жүргөн. Өгөй атасынын жосунсуз жоруктарын байкап калган таежеси Гүлзада Сарукуева кызга арыз жазууга көмөктөшкөн. Аталган кылмыш боюнча 161-берене (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки иштер башталган. Бирок көп узабай жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров 15 жашар кыз өгөй атасына тосмо арыз жазып бергенин маалымдаган.

13 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНДАР КАМАЛДЫ

Гезиттин №941 санына “Ысык-Көлдө 13 жашар кыз 7 ай бою зордукталган” деген аталыштагы макала жарык көргөн. Макалада Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун айылдарынын биринде 13 жашар кызды үч эркек жарым жылга жакын зордуктап, бирөөсү аны видеого тартып "классташтарыңа көрсөтөбүз" деп коркутуп жүргөндүгү тууралуу маалымат жазылган. Аталган кылмышка шектелип С.у.Э., К.у.Ж. жана К.У. кармалып, 164-берене менен (16 жашка чыга элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул ишти Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков күнөөлүүлөрдү кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулушкан. Ал эми үчүнчү соттолуучу 7 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратылганы коомчулукта нааразычылык жараткан. 29-мартта Ысык-Көл облустук соту буга чейин 7 жарым жылга эркинен ажыраткан соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыратты. Ал эми райондук сотто акталган эки шектүүгө 15 жылдан берилди. Алар сот залынан камакка алынды.

"МАДИНА" КАФЕСИНИН ЭЭСИН ӨЛТҮРГӨНДӨР 16 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

“Супер-Инфо” гезитинин №886 санына Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча макала жарыяланган. Эске салсак, 1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 2019-жылдын 4-октябрынан бери дайынсыз болуп, ошол жылдын 18-октябрында анын жансыз денеси Кочкор районунан табылган. Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ишкерди уурдап кетип, өлтүрүп, көмүп коюшкан. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар да болгон деп айтылат. 2020-жылдын 10-июнунда ишкердин өлүмү боюнча тергөө иши аяктап калганы маалымдалган. 2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту К.Э., Ш.У., Б.К. жана Д.В. аттуу жарандарды күнөөлүү деп таап, ар бирин 16 жылга эркинен ажыратты.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2021-05-28 11:04:39
Окум итимдей чыгыптыр жаш курагы деп жаш болсо озуно ата энесине жаш мыйзамга адам олтурууго жаш каары деп эсептебеш керек болчу.
70 мин 15 мин сом деп адамды маскарлагансып кайсы сойрук сот окум чыгарды экен
+3
XATSAN125
2021-05-28 11:21:36
Берки жаш деген жетимдерди да детский колония тыгыш керек эске алуу эскертуу деген нерсе болбош керек адам омуру кыйылган жерде тем боле 1 жыл суйроп журуп чыгарган окуму 12 жыл артын менен куло турган окум экен УРМАТЫ ОЛГОН СУДЯ корот элем озундун баланды ушинтип олтургондо кандай болоорунду
+3
№ 963, 20-26-май, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан