СТУДЕНТТЕР ТАЙМАШЫ

Студенттик бурч

Өткөн жылы белгилүүлөр арасында акыл таймаш өткөргөнбүз. Анда телеалпаруучу Нурзат Токтосунова жеңишке ээ болгон эле. Бул саам мындай акыл таймашты 17-ноябрь – Студенттер күнүнө карата Бишкектеги ЖОЖдордун студенттеринин арасында өткөрүүнү туура көрдүк.

ТАЙМАШТЫН ШАРТЫ
Бишкектеги 12 жогорку окуу жайынын мыкты студенттери таймашышат. Аларды эки топко бөлдүк. Финалга 1-топтон эң көп упай топтогон экөө чыгат да, атаандаш команданын 2 мыктысы менен ат салышат. Шарт боюнча, тарыхтан, географиядан, кыргыз адабиятынан, логикалык суроо жана макал-лакапты улантуу тапшырмасы берилет. Айтылган макал туура уланса – 1 упай, тамашалуу, заманбап макал жарата алса дагы – 1 упай, шартты толук аткарса 2 упайга ээ болот. Ойлонууга 1 мүнөт, макал-лакапка 2 мүнөт берилет. Калган суроолордун толук жообу 1 упай менен эсептелинет. Жеңүүчү гезиттин кызыктуу сыйлыгына ээ болот.


Орозбаева Асел,
Бишкек гуманитардык университетинин 2-курсунун студенти.

Кыргыз адабиятынан суроо:
Жазуучу Төлөгөн Касымбековдун туулган жылын, төрөлгөн жерин атаңыз.
А) 1931-ж., Ак-Жол айылы + (Аселдин жообу)
Б) 1937-ж., Он-Арча айылы
В) 1912-ж., Чоң-Кемин айылы
Жооп туура, 1 упай.

Тарыхтан суроо:
Бириккен Улуттар Уюмун кайсы өлкөлөр түзүшкөн?
А) СССР, Кытай, АКШ, Германия, Франция
Б) СССР, АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай +
В) АКШ, СССР, Кытай, Италия, Улуу Британия (Аселдин жообу)
Жооп туура эмес, 0 упай.

Географиядан суроо:
Суунун туздуулугу кайсы чен менен өлчөнөт?
А) Градус менен
Б) Промилль менен + (Аселдин жообу)
В) Литр менен
Жооп туура, 1 упай.

Макалды улаңыз:
Алтын баштуу аялдан...
Асел: – Бака баштуу эр артык. Учурда бака баштуу эркектен жылан баштуу аял артык го.
Макал туура уланды, тамашалуу жооп да кабыл алынды, 2 упай.

Логикалык суроо:
Эмнени бутунан өйдө каратып койсо, чоң болуп калат? (Туура жообу: Алты (6) санын)
Асел: – Эмнени? Мен эмнегедир мектептеги класстын ичиндеги бир буюмду ойлоп жатам. Шкаф, илгич.
Жооп туура эмес, 0 упай.

Жыйынтыгында Асел 4 упай топтоду.


Мыкыев Санжар,
Ататүрк-Ала-Тоо Эл аралык университетинин 4-курсунун студенти.

Кыргыз адабияты:
Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасындагы Тариэлдин сүйгөнү ким?
А) Тинатин (Санжардын жообу)
Б) Нестан +
В) Лайли
Жооп туура эмес, 0 упай.

Тарыхтан суроо:
1949-жылы НАТО блогуна мусулман дүйнөсүнөн кайсы мамлекет кирген?
А) Иран
Б) Түркия + (Санжардын жообу)
В) Ирак
Жооп туура, 1 упай.

Географиядан суроо:
Азиянын географиялык борбору кайсы жер?
А) Абакан шаары
Б) Кызыл шаары + (Санжардын жообу)
В) Минусинск шаары
Жооп туура, 1 упай.

Макалды улаңыз:
Казды туурап...
Санжар: – ...Моюну сынып калды. Жок, туура вариантын билбейт экем. Тамашасы, казды туурайм деп Минскке учуп кетиптир (күлүп). Же көлгө чөгүп өлүптүр.
Уландысы: ...карганын буту сыныптыр. Тамаша жооп кабыл алынды, 1 упай.

Логикалык суроо:
Төө куш өзүн кушмун деп айтса болобу? (Туура жообу: Жок, анткени ал сүйлөй албайт)
Санжар: – М-мм. Куш дегенге болбойт. Өзүн да, ээ? Жок, ал айта албайт, анткени сүйлөгөндү билбейт.
Жооп туура, 1 упай.

Жыйынтыгында Санжар 4 упай топтоду.


Турсуналиева Мээрим,
Э.Алиев атындагы Ички иштер академиясынын 5-курсунун курсанты.

Кыргыз адабиятынан суроо:
Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасында баңгизат маселеси көтө­рүлгөн?
А) “Кыямат” + (Мээримдин жообу)
Б) “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”
В) “Жамийла”
Жооп туура, 1 упай.

Тарыхтан суроо:
КМШ качан түзүлгөн жана бул шериктештикке Кыргызстан качан мүчө болгон?
А) Ноябрь, 1991-ж. (Мээримдин жообу)
Б) Декабрь, 1991-ж. +
В) Август, 1991-ж.
Жооп туура эмес, 0 упай.

Географиядан суроо:
Дүйнөдөгү эң узун тоо системасы кайсы?
А) Кавказ
Б) Урал
В) Анды + (Мээримдин жообу)
Жооп туура, 1 упай.

Макалды улаңыз:
Жашында берсин мээнетти...
Мээрим:(Көпкө унчукпай) билбейт экенмин. Жообум жок. Биз юмор менен да достошпогон калкпыз да, эч кандай тамашалуу вариант оюма келбей турат.
Уландысы: ...карыганда берсин дөөлөттү.
Жооп туура эмес, 0 упай.

Логикалык суроо:
Жумуртканы үч метрге ыргытканда канткенде жарылбай калат? (Туура жообу: 4 метрге ыргытуу керек, 3-метрден бүтүн өтөт)
Мээрим: – Төшөк коюп коюш керек (күлүп)... Жок, кебез төшөп коюш керек, ошондойбу? Мүмкүн, башка бирөө тосуп алсачы?
Жооп туура эмес, 0 упай.

Жыйынтыгында Мээрим 2 упай топтоду.


Сардар кызы Айпери,
Кыргыз экономикалык университетинин
3-курсунун студенти.

Кыргыз адабиятынан суроо:
Манастын энесинин аты ким болгон?
А) Канышай
Б) Шакан +
В) Канымжан (Айперинин жообу)
Жооп туура эмес, 0 упай.

Тарыхтан суроо:
Кыргызстандын түштүгүндөгү Саймалы таштагы эстеликтердин жаралган мезгилин атаңыз:
А) Мезиолит
Б) Таш доору + (Айперинин жообу)
В) Коло доору
Жооп туура, 1 упай.

Географиядан суроо:
Африка дүйнөгө кайсы кен байлыктын түрлөрү менен таанымал?
А) Темир кендери
Б) Алмаз + (Айперинин жообу)
В) Көмүр
Жооп туура, 1 упай.

Макалды улаңыз:
Адам эли менен...
Айпери: – Байлык жери менен (жок). Эл митинг менен, тамашалоого болобу?
Уландысы: ...каз-өрдөк көлү менен. Тамашалуусу кабыл алынды, 1 упай.

Логикалык суроо:
Эмне бир эле учурда пилдей оор жана жеңил болот? (Туура жообу: Пилдин көлөкөсү)
Айпери: – Кебез менен таш эмеспи? Мүмкүн, газ, суу, аба.
Жооп туура эмес, 0 упай.

Жыйынтыгында Айпери 3 упай топтоду.


Аманкулова Аделфия,
КРнын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын 4-курсунун студенти.

Кыргыз адабиятынан суроо:
“Манас” эпосун кеңири изилдеген биринчи окумуштуу (Кыргызстандан)
А) Б.Юнусалиев + (Аделфиянын жообу)
Б) Ж.Жамгырчинов
В) Т.Койчиев
Жооп туура, 1 упай.

Тарыхтан суроо:
“Мажму-ат-таварих” тарыхый эмгегинин автору:
А) Захреддин Бабур (Аделфиянын жообу)
Б) Сейф ад-Дин Аксыкенти +
В) Аль-Фараби
Жооп туура эмес, 0 упай.

Географиядан суроо:
Эң узун океандык агым кандай аталат?
А) Батыш шамалдарынын агымы +
Б) Гольфстрим
В) Лабродор (Аделфиянын жообу)
Жооп туура эмес, 0 упай.

Макалды улаңыз:
Акылдуу карыя...
Мээрим: – Билбейт экем. Тамашасын айтайынчы. Акылдуу карыя учурда саясатта жүрөт алдыда (күлүп).
Уландысы: ...агып жаткан дарыя. Тамашалуу жооп кабыл алынды, 1 упай.

Логикалык суроо:
Даярдаганга болот, жегенге болбойт? (Туура жообу: Сабакты)
Аделфия: – Тамак-аш эмес го, ээ? Көргөзмөгө коюлган нерсениби?
Жооп туура эмес, 0 упай.

Жыйынтыгында 2 упай топтоду.


Осмонкулова Айпери,
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик
техникалык университетинин
2-курсунун студенти.

Кыргыз адабиятынан суроо:
Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы эмне үчүн "Сынган кылыч" деп аталат?
А) Хандын казынасындагы кылычты уурдап, сабын сындырып коюшкандыктан. (Айперинин жообу)
Б) Каармандар сабы сынган кылыч кармап согушкандыктан.
В) Роман Кокон хандыгынын жалаңдата кармап, элди башкарып турган кылычынын сынгандыгы жөнүндөгү өтмө маанини билдирип тургандыгынан. +
Жооп туура эмес, 0 упай.

Тарыхтан суроо:
Жеңилүүнү билбеген орустун полковниги ким?
А) М.И.Кутузов
Б) П.И.Багратион
В) А.В.Суворов + (Айперинин жообу)
Жооп туура, 1 упай.

Географиядан суроо:
Ысык-Көлдүн суусунун январдагы орточо температурасы?
А) +4 градус + (Айперинин жообу)
Б) 0 градус
В) -2 градус
Жооп туура, 1 упай.

Макалды улаңыз:
Адам көркү – чүпүрөк...
Айпери: – Уландысын уккан эмес экенмин. Тамашалуусу, студент көркү – зачёттук китепче.
Уландысы: ...дарак көркү – жалбырак. Тамашалуу жооп кабыл алынды, 1 упай.

Логикалык суроо:
Канча айда 28 күн бар? (Туура жообу: Бардык айда)
Айпери: – Февраль айында.
Жооп туура эмес, 0 упай.

Жыйынтыгында Айпери 3 упай топтоду.

Таймаш жыйынтыгында Ататүрк-Ала-Тоо Эл аралык университетинин студенти менен БГУнун студенти финалга чыгышты.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Karamel
2010-10-30 23:14:04
+дагы бир спец(кайсы кесипте окуганына жараша) суроо берсе жакшы болот го дейм.
0
supernurgazy
2010-10-30 23:19:28
Эми финалда экөөн көрөт экенбиз да ээ? Алар эмне кылышат болду экен финалда?
0
Tokmok
2010-10-30 23:55:02
Jakshy eken, keebirler elementarnyi suroogo joop bere alyshbaptyr,birok jakshyle, az ubakyt bolgondukdan oilonoda albai kalasyn al ubakda,bashyna echerse kelbei. SUPER, iyigilik!!!
0
supernurgazy
2010-11-01 02:38:04
Сылканы бассаңар: ушул темага байланыштуу сурамжылоо болуп жатат!

http://www.super.kg/ipb/index.php?showtopic=29649
0
malikadina
2010-11-03 12:22:56
Санжар азаматсын!!!
0
Expert
2010-11-04 15:29:44
Ataturk-Alatoo RULIT, molodec!!!
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан