ТАРЫХЫЙ ТАСМАЛАР МЕНЕН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЭКИН КӨЧ

Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалы аркылуу ондогон актёр-актрисалар дүйнө жүзүнө таанылып, жылдызын жандыра алганы талашсыз. 2015-2016-жылы дал ушул сериалдын уландысы катары “Даңазалуу доор: Көсем империясы” жарыкка чыкты. Дал ушул тасмадан Экин Көч аттуу жаш актёр тууралуу билдик. Таланттуу актёр былтыртан бери кайрадан түрк кино сүйүүчүлөрүн экранга байлап турган учуру. Кайсы тасма экенин баамдадыңызбы? Алдыда Экин Көчтүн жашоосундагы айрым урунттуу учурларга токтолобуз.

Аты-жөнү:
Исмет Экин Көч

Туулган жери: Түркия, Манавгат шаары

Туулган жылы: 1992-жыл, 21-июнь

Бою: 180 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Даңазалуу доор: Көсем империясы”, “Чемпион”, “Ойгонуу: Улуу сельжуктар” жана башка

КҮТҮҮСҮЗ КЕЛГЕН КЕСИП...

Актёр болом деген ой үч уктаса түшүнө кирбеген Экин Көч баскетбол, футбол, тенниске кичинесинен эле жакын өстү. Мектепти аяктаганда келечектеги кесиби катары финансы жана экономика жаатын тандаган. Узун бойлуу студент жигитке модель болуу сунушу түшөт. Кошумча акча кимге керек болбосун?! Моделдик менен кошо актёрдук чеберчилик боюнча ийримге барып, кошумча англис тили боюнча сабак ала баштаган. Бир күнү кино өкүлдөрүнүн колуна жылдыздуу, сүрдүү да көрүнгөн жигиттин сүрөттөрү тийип, анын актёрдук чеберчилигин сынап көрүүнү чечишет. Ошентип, 2013-жылы “Мен сага сырымды ачам” аттуу сериал менен актёрдук тушоосу кесилген.

Андан кийин ситкомго айланган “Менин атым Гүлтепе” тасмасына тартылды. Кино сынчылар “жүзүндө, кыймыл-аракетинде жасалмалуулук жок” деп баа беришкен Экин Көчкө дүйнөлүк атактуулук “Даңазалуу доор: Көсем империясы” сериалы аркылуу келди...

ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛГЕН СУЛТАН АХМЕД I

Атактуу “Боз торгой”, “Даңазалуу доор” сериалдарынын продюсери Тимур Савджи жаңы тартыла турган “Даңазалуу доор: Көсем империясы” тасмасына башкы ролго ошол кезде анча таанымал эмес актёр Экин Көчтү тандаганда таң калгандар болгон. “Рейтинг эмне болот?” деген ой бар эле баарында. Чынында эле сериалдын алгачкы серияларынын рейтинги төмөн болуп, бир катар актёр-актрисалар сынга кабылышты, арасында Экин Көч да бар эле. «Сынга даяр болчумун, анткени бардык адам оюна келген нерсени айтат. Кемчиликтерим болсо оңдоп, жакшы жактарымды өнүктүргөнгө аракет кылып жатам. Тартуу иштери ушунчалык бат, тыгыз графикте өтүп жатат. Андыктан бардыгыбыздын болгон күчүбүз, энергиябыз ушул жакта. Жеке жашоону азырынча унуттук»,- деген султан Ахмед I’дин ролундагы актёр бир жылдан кийин эле “Жылдын эң ийгиликтүү актёру” наамын утуп алган. “Көсем империясы” сериалы “Даңазалуу доор” багындырган бийиктикке жете албаса да, бир катар сыйлыктарды алып, ондогон өлкөлөрдө популярдуу болду.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ СЫР САНДЫКТА

Келишимдүү, ийгиликтүү, негизгиси бойдок актёр карьерасында түрк киносунун белгилүү сулуулары Демет Өздемир, Неслихан Атагүл, Анастасия Цилимпоу, Берен Саат жана башкалар менен өнөктөш болгон. Адаттагыдай эле тасмадагы түгөйлөр чыныгы жашоодо да кыз-жигит болсо деген көрөрмандардын ою ишке ашкан эмес. Актёрдун актриса Дила Данишман менен кыз-жигит мамиледе болгону маалым. Түгөйлөр эмне себептен эки ажырым жолго түшкөнү белгисиз. “Кандай кыздар жагат?” деген суроого Экин Көч “адамды талкалабаган, өзүмдү анын жанында эркин сезген” деп жооп бергени бар. Андан бери актёрдун жеке жашоосу сыр сандыкта.

Жакындары анын мүнөзү туруксуз экенин айтып: “Балким, бул анын жылдыз белгиси эгиздер болгонунандыр. Фантазиясы күчтүү, максатка жетиш үчүн баарына кайыл жагы бар. Бир туруп бардыгына кош көңүл караган, өзүмчүл адамга айланат”,- деп сыпатташат.

КЫРГЫЗ-КАЗАКТАН КУРАЛГАН “НОМАД” МЕНЕН ИШТЕШКЕН

Кайрадан чыгармачылыкка кайтсак, 2019-жылы Экин Көч масштабдуу “Ойгонуу: Улуу сельжуктар” тарыхый сериалынын чыгармачыл тобуна кошулган. 2020-жылдын күзүндө экранга чыккан сериал дароо жогорку рейтингдерди камсыздады. Ананчы, бул үчүн канча эмгек, аракет кетти. Сериалды тартыш үчүн орто кылымдагы кадимки шаар курулган. 7,5 чакырымга созулган шаарда мечиттер, хан сарайлар, көчмө сарайлар, чеп жана башкалар жайгашкан. Декорация үчүн миңдеген буюмдар жасалып, актёрдук курамга 5 миңден ашуун костюмдар тигилген. Экин Көч сериалда баш каармандардын бири – Ахмад Санжардын ролунда. Сүрдүү көз караш, мыкты мушташуу, курал колдонуудагы жогорку чеберчиликти талап калган ролун актёр ийине жеткире аткарып, көпчүлүктүн купулуна толо алды. Актёрдун карьерасындагы экинчи тарыхый сериал ага кайрадан дүйнөлүк популярдуулук алып келди. Баса, сериалда трюктарды коюу боюнча кыргыз-казак каскадёрлорунан куралган “Номад” тобу иш алып барышкан.

ЭКИН КӨЧ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА

  • Кумир туткан актёру – Дэниел Дэй-Льюис.
  • Келечекте өзүн сценарист, режиссёр, продюсер катары сынагысы келет.
  • Музыкага да кызыгат. Гитара черткенди үйрөнүп, актёр катары алган биринчи гонорарына кымбат гитара сатып алган.
  • Англис тилинде жакшы сүйлөйт. “Эмми” сыйлыгын алган америкалык “Мураскерлер” тасмасында эпизоддук ролго тартылган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан