ВАНЕССА МЭЙ

Ванесса Мэй – дүйнөдөгү эң популярдуу скрипкачы айымдардын бири. Дал ушундай атактуу музыканттардан улам жаш муундун айрым өкүлдөрү Бетховен тасмадагы иттин аты эмес, улуу музыкант экенин билип жатышат. Анын өзгөчөлүгү – акустикалык жана электрондук скрипканы айкалыштырып, заманбап ритмге сала билгендиги.

ВАНЕССА МЭЙ
Толук аты-жөнү – Ванесса Мэй Ванакорн Николсон
Туулган жылы – 1978-жыл, 27-октябрь
Туулган жери – Сингапур
Кесиби – Музыкант, скрипкачы
Аткаруу стили – Эстрадалык скрипкада ойноо
Жактырган актёру – Хамфри Богарт
Жактырган ырчылары – Элвис Пресли, Майкл Жексон
Жактырган композитору – Густав Малер
Жактырган скрипкачысы – Никколо Паганини

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • "People" журналы аны "Дүйнөнүн 50 сулуу адамы" тизмесине киргизген. Ал эми популярдуу "FHM" журналы боюнча, ал "Дүйнөнүн 100 сулуу айымынын" тизмесинде.
  • "Музыка – менин тилим. Жашоомдо англис, кытай жана француз тилдерин гана билсем, музыка аркылуу дүйнөнүн ар тилдүү элине ичимдеги сезимимди билдире алам",- дейт.
  • 2006-жылы "Sunday Times" гезити Ванессаны шоу-бизнес жылдыздарынын ичиндеги эң байы деп атаган. Анын жылдык кирешеси 32 миллион фунт стерлингди түзгөн. Ал эми учурда канча экени маалым эмес.
  • Англиянын ханышасынын үй-бүлөсүнө атайын өтүнүч менен улуу музыкант Бахтын чыгармаларын аткарып берет.
  • Улуу скрипкачы Никколо Паганини менен бир күндө туулган. Бирок экөөнүн жаш айырмасы 196 жыл.
  • 10313 катар санындагы астероид Ванесса Мэйдин урматына аталган.
  • Шоколадды жактырат, апельсин ширесин сүйүп ичет.
  • 2014-жылы Сочиде боло турган Кышкы Олимпиадага тоодо лыжа тебүү боюнча Таиланддын атынан катышуу тилегин билдирген.

УЛУТУ КИМ?
Жакында эле курбу кызым "скрипкада ойногон Ванесса Мэйдин улуту японбу же корейби?" деп сурады. Бул сулууну көргөн адам чын эле "улуту ким болду экен?" деген суроо узатат. Чынында, япон да, корей да эмес. Атасынын теги тай, апасыныкы кытай. Сингапур шаарында туулган. Ата-энеси 4 жашында ажырашып, кичинекей Ванессаны апасы Памела Тан Улуу Британияга алып кетип, ошол жакта жашап калышат. Апасы аз убакыт өтпөй англис улутундагы Грэм Николсон аттуу юристке турмушка чыгат.

АТАСЫНАН КӨҢҮЛҮ КАЛГАН
Николсон Ванессага өгөй ата эмес, өз атасындай мамиле жасаган. Бирок Мэй "өгөй атаң өз атаңа жетпесе керек" деп атасы менен кезигүүнү күн санап күтүп жүрчү. Бир күнү эшигин каккылап атасы келет. Ал кызынын ал-акыбалын, бул күнгө чейин кантип жашаганын сурабастан: "Кызым, банкрот болуп калдым, мага акча керек болуп жатат. Колуңдан келген жардамыңды бере көр",- дейт. Кыз атасынын суранычын орундатат, бирок көңүлү катуу кирдеп калат.
Апасынын Грэм менен ажырашканына көп эле болду. Бирок ушул күнгө чейин Ванесса ага "ата" деп эркелеп, кеңешине кулак салып келет.

ИЙГИЛИК ҮЧҮН БАЛАЛЫК ДООР СҮРБӨГӨН
Бүгүнкүдөй бийиктикти багындырганы үчүн апасына терең ыраазычылык билдирип, таазим этет. Апасы периштесинин музыкага шыгы бар экенин байкап, бардык шартын түзүп берүүгө жан үрөгөн. Болочок скрипкачы түшкө чейин музыкалык мектепте болсо, түштөн кийин үйдө машыкчу. Үч жашында фортепианодо ойной алчу.
"Куурчак ойногонго курбу кызым жок эле. Башкалардай сабактан качып, жигиттер менен киного барбадым. Жигит менен жолугушуу эмне экенин 20 жашымда билгем. Дайыма жан сакчылардын коштоосунда жүргөндүктөн, каалаганымды аткара алчу эмесмин. Бирок мындай курмандыктар бүгүнкү ийгилигиме жетиш үчүн жасалган. Мен ага өкүнбөймүн",- дейт.
Ванесса 9 жашында жеке концертин берип, миңдеген көрүүчүлөргө талантын тартуулаган болсо, 12 жашында дүйнө кыдырып, гастролго чыга баштаган. Учурда ал көптөгөн сыйлыктардын ээси. Мисалы, 1996-жылы "BRIT Awards" сыйлыгынын "Мыкты аткаруучу" наамына татыган. Бул чоң сыйлыкка ал скрипкада ойногондордун алгачкысы болуп ээ болгон.

"ЖАНЫБАРЛАР БИР ТУУГАНДАРЫМ" ДЕЙТ
"Жаныбарлар мага бир туугандай",- дейт Ванесса. Айткандай эле аларды абдан жакшы көрөт. "Эгер музыкант болбосом, анда мал доктур болмокмун" деп келет. Үйүндө эки тоту куш менен үч тибеттик терьер итин (аңчы иттердин тукуму) багат. Жашоосундагы чоң жоготуу деп Гаспар аттуу итинин өлгөнүн айтат.
"Анын өлгөнүнө бир нече жыл болсо да, жан дүйнөсү мени менен калгандай" деп көп айтат.

"МЕН ҮЧҮН НИКЕ МААНИГЕ ЭЭ ЭМЕС"
Бош убактысында лыжа тээп көңүл ачат. Бул кызыгуусу аны сүйгөн мырзасы Лионель Каталан менен кезиктирген. Экөө 1999-жылы Франциядагы лыжа тебүүчү курорттук зоналардын биринен таанышып калышкан. Мэрдин баласы Лионель Ванессаны бир көрүп сүйүп калган. Муну ал эс алып жүргөндө эле билдирген. Кызыгы, Ванессанын дүйнөнү багындырган атактуу скрипкачы экенин билбептир.
Учурда экөө Лондондо жашашат. Шарап бизнеси менен алектенген жолдошу бел­ги­лүү ишкерлердин катарында. Баш кошуу тууралуу азырынча чечим кабыл алыша элек. Бул жөнүндө Мэй "апам эки жолу турмуш куруп, экөөндө тең ажырашып кеткен. Андыктан нике мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Анткени ал көзгө чөп салуудан сактабайт деле" деген пикирде. Андыктан бул сулууну жакынкы күндөрдө үлпөт көйнөкчөн бакыт өргөөсүнөн көрүүнү ойлобой деле койсок болчудай.

КОЛДОНГОН ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ
Ванесса бала кезинен ырым-жы­рым­дарга аябай ишенчү. Сахнага чыгар алдында өзүнө ийгилик каалап, аябай сыйынуу адаты эле. Анан да сахнага чыгар жолуна суу сээп койчу. Бул ырым-жырымын көпкө чейин калтырган эмес. Себеби дайыма ийгилик алып келчү. Бир күнү чоң сынактын алдында бул ырымын унутуп чыгып кетет. Бирок бул ирет деле ийгиликке жетет. Ошондо "бул болбогон кеп тура" деп ырымды экинчи колдонбой калган. Учурда чоң сахнага чыгууга бир күн калганда сөзсүз теннис оюнун көрөт.
"Теннисчилердин даярдыгы жана токтоолугу мага чоң дем-күч берет",- дейт. Анан да концерт алдында сөзсүз каза болгон ити менен сүйлөшүп коёт.

ЖАН КУРБУСУ – СКРИПКА
Ванессанын биринчи "Guadagnini" деп аталган скрипкасы 1761-жылы жасалган. Аны ата-энеси кичине кезинде аукциондон 150 000 фунт стерлингге сатып беришкен. Бүгүнкү күндө ал жарым миллион долларга бааланууда. Аны бир жолу уурдатып, полициянын жардамы менен кайра тапкан. Ар бир концертинде тумар катары ала жүргөн скрипкасын бир жолу сахнага чыгар алдында чалынып кулап түшүп, сындырып алган. Скрипкасынын "жүрөгү" сокку жеген эмеспи, чеберлерге көрсөткөндө оңдоп-түзөөгө болорун айтышкан. Мындан тышкары электрондук "Zeta" аттуу скрипкасы бар. Баалаган скрипкалары жогоруда саналгандар. Кээде скрипка сатып алып, бир аз колдонгондон кийин аукционго коюп сатып жиберет. Акчасын муктаж болгондорго таратып берет. "Жакын курбуң ким?" деп сураганда алгачкы скрипкасын атайт. "Ал бала кезимден мени менен бирге жүрөт. Жашоомдогу маанилүү окуялардын күбөсү, ансыз мен эч ким эмесмин" деп жооп берет.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aelina
2010-10-30 22:14:51
Vanessa Mae abdan talanttu skripachka, en birinchi jolu muzikasin ukkanda ushunday tan kalip ukkam, al kezde skrupkaga dele konul burchu emesmin, ushunday talattarga adban chon baa berem.
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан