МАРАКУЙЯ

Маракуйянын (пассфлора, гранадилла, страстоцвет съедобный) мекени Түштүк Американын Бразилия, Аргентина, Парагвай өлкөлөрү. Маданий өсүмдүк катары Жаңы Зеландия, Израиль, Шри-Ланка, Таиланд, Вьетнам, Австралия, Түштүк Африка өлкөлөрүндө өстүрүлөт.

Түбөлүк жашыл, узундугу 10 метрге чейин жетүүчү лиана. Жалбырактары чоң, гүлдөрүнүн диаметри 3 сантиметрге чейин жетет. Көптөгөн түрү бар.

Түрүнө жараша мөмөсү тоголок же бир аз сүйрүрөөк болот. Өңүнө келсек, араларында сары, кызыл, жашыл, көгүш-кызгылтымдары бар. Даамы кычкыл – таттуу мөмөсү 70-80 күндө бышат. Мөмөсүн ортосунан 2 бөлүккө кесип, ичин чай кашык менен жеш керек. Массасынын ичинде майда уруктары болот. Эгер уруктарын жегиң келбесе, анда ширесин сыгып ичсең болот. Адатта ширесине апельсиндин ширесин кошуп ичишет.

Мөмөсү лимонад, кыям, сироп, коктейль, джем, мусс, кекс, чизкейк, балмуздак, йогурт жасоодо колдонулат. Мөмөсү косметикада жана фармацевтикада да пайдаланылат. Бышкан мөмөсүнүн салмагы оорураак болуп, кабыгы бир аз чүрүшкөнсүп калышы керек. Эгер кабыгы жылмакай бойдон турса анда жакшы быша элек. Маракуйяны үйдө өстүрүп, жемишин алса болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан