НОРВЕГИЯ – БАКТЫЛУУЛАРДЫН ӨЛКӨСҮ

Бул өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусунун жеке кайыгы бар. Кылмыштуулук аз болгондуктан эл дээрлик үйүн бекитпейт. Айрым көчөлөрүнөн үстүнө мөмө-жемиштер коюлган столдорду көрүүгө болот. Тургундар каалаганын алып, акчасын столдогу кутуга салып кетишет. Кутуну эч ким кайтарбайт. Катардагы өлкөдөн мунайдын арты менен өнүккөн мамлекетке айланган Норвегия менен тааныштырабыз.

Өлкөнүн аталышы
– Норвегия

Жайгашкан орду – Түндүк Европанын Скандинавия жарым аралынын батыш бөлүгүн ээлейт.

Аянты – 385 207 чарчы чакырым

Калкы – 5 391 369 миллион (2021)

Борбор шаары – Осло

Тили – норвег

Дини – лютеран

Башкаруу формасы – конституциялык-
парламенттик монархия

Мамлекет башчысы – падыша Харальд V

Валютасы – Норвегия кронасы, 1 крона 10 сомго барабар

АЙЛЫКТАРЫ АСМАН ЧАПЧЫЙТ

“Норвегия” сөзү байыркы скандинав тилинен которгондо “түндүк жолу” дегенди билдирет.

Норвегия дүйнөдөгү өнүккөн жана бай мамлекеттердин катарында. Элинин 86 пайызы норвегдер. Өлкөнүн аянтынын 30 пайыздан көбүн токой ээлейт, андан тышкары көптөгөн дарыялар, көлдөр, тоо кыркалары бар.

Европа өлкөлөрүнүн арасынан инфляция менен жумушсуздук деңгээли эң төмөн мамлекет. Негизги киреше булагы – жаратылыш газы, мунай зат, балык. Тазаланган жана чийки мунайды эң ири көлөмдө экспорттоочу мамлекет. 2020-жылга карата Норвегия калкынын орточо айлык акысы 48 750 Норвегия кронасын (болжол менен 487 500 сом) түздү. Коррупция дээрлик жок. Өлкөдө дары-дармек акысыз, эң татаал жана кымбат операцияларга кетүүчү каражат мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Өлкөдө билим берүү да акысыз.

ЖАРАТЫЛЫШЫ КООЗ

Норвегиянын башкы байлыгы – анын жаратылышы. Этегиндеги жүздөгөн булуңдар, токойлор менен шалбаалар каптаган жапыз тоолор өлкөгө өзгөчө кооздук берет. Миңдеген таза көлдөр, дарыялар, шаркыратмалар бар. Суулары таза болгондуктан аны фильтрден өткөрбөстөн пайдаланышат. Туристтер арасында эң популярдуу болгон булуңдар Жайрангер-фьорд, Лисе-фьорд, Согне-фьорд жана башка. Бийик тоолор жайкысын альпинизмге, кышында лыжа тебүүгө, ал эми токойлор кыдырып, жөө сейилдөөгө ылайыктуу. Дарыяларда кайыктар менен сүзүп эс алышат. Өлкө экологияга өзгөчө маани бергендиктен бензиндин баасы кымбат. Андыктан эл дээрлик электромобилдерди колдонот.

КОФЕНИ КӨП ИЧИШЕТ

Норвегиялык ашкананын негизин балык жана деңиз азыктары, ошондой эле эт жана сүт азыктары түзөт. Айлык да көп, ошого жараша азык-түлүктөрдүн баасы да кымбат. Кофени көп ичишет. Ден соолукка жакшы кам көрүшөт, жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, калктын 70 пайыздан ашыгы спорттун кайсы бир түрү менен алектенет.

КЫЛМЫШТУУЛУКТУН ДЕҢГЭЭЛИ ӨТӨ ТӨМӨН

Норвегияда кылмыштуулуктун деңгээли өтө төмөн. Дээрлик уурулук кылышпайт. Кылмышкерлер жазасын арзан мейманкананын бөлмөлөрүнө окшош ыңгайлуу камераларда өтөшөт. Спорт менен алектенүүгө, сейилдөөгө, иштөөгө, чыгармачылык кылууга шарттар бар.

Адамды адам катары урматтоо – түрмөлөрдөгү идеологиянын негизи. Норвегиялыктар коомдон обочолонууну эң оор жаза деп эсептешет. Камералар бир адамга ылайыкташтырылган. Ар биринде керебет, стол, стул жана башка керектүү буюмдар бар. Телевизор көрүүгө уруксат берилет. Түрмөдөгүлөр кадимкидей өзү каалаган тамактарын жасап жешет.

УЛУТТУК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Мүнөздөрүнөн кандайдыр бир жайбаракаттык, оор басырыктуулук байкалат. Норвегияда падышанын үй-бүлөсү абдан урматталат, андыктан алар жөнүндө тамаша, шакабалар айтылбайт. Адамдар жолукканда кучакташпайт, жөн гана кол алышып учурашат. Жергиликтүү тургундар бири-бири менен көйгөйлөрү жөнүндө сейрек сүйлөшүшөт жана бейтааныш адамдарга эч качан даттанышпайт. Башка адамдардын пикирин сыйлап, өтө сылык болушат. Окуучулар мектеп мугалимдерин жана директорлорун ысымынан аташат. Бул кадыресе көрүнүш.

АЛГАЧ ӨЗ ЖАРАНДАРЫН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДАШАТ

Башка өлкөлөрдөн согуштан жана жаратылыш кырсыктарынан улам “качкын” макамы менен өлкөгө киргендердин жүрүм-туруму мыйзамды сыйлаган норвегиялыктарды таң калтырат. Анткени алар мыйзамды көп бузушат. Ошондуктан кризистик борборлорду түзүп, алардын билимин жогорулатуу менен кайра тарбиялоого аракет кылышат. Качкындар уурулукка барбашы үчүн мамлекет аларга материалдык колдоо көрсөтүп, жөлөк пул берет. Кийин иш менен камсыз кылат. Ал эми иштөө үчүн баргандарды өлкө кабыл албайт. Анткени өлкө өз жарандарын жумуш менен толук камсыздоого гана кызыкдар жана бул мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алынат.

МАЙРАМДАРЫ

17-май – Норвегиянын Эгемендүүлүк күнү. Бул күнү үйлөрдүн сырты, унаалар түстүү гирляндалар менен кооздолот. Шаар тургундары улуттук кийим кийип, беттерине Норвегиянын желегинин сүрөтүн тартып, майрамдык жүрүштөрдү жана спектаклдерди уюштурушат. Шаардык аянттарда концерттер жана спектаклдер өткөрүлөт. Ал эми Ослодо падышалык сарайдын балконунан падышанын үй-бүлөсү парадды көрөт.

Фестивалдардын ичинен эң популярдуусу – “Жайкы фестиваль”. Ал Осло шаарында июнь айында өтөт. Иш-чара 2-3 күнгө созулат жана анын жүрүшүндө чоңдор жана балдар үчүн акысыз концерттер уюштурулат. Кошумчалай кетчү нерсе, жыл сайын “Нобель” сыйлыгын тапшыруу аземи 10-декабрда Осло шаарында өтөт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Afrodita1993
2021-05-31 14:21:21
Эми барсамбы иштегени деп ойлонуп жатса
+2
Mubarak
2021-06-01 09:41:06
Чынеле бактылуу адамдар екен
+1
Zarema11
2021-06-03 12:57:44
Эң бактылуу адамдар экен элдери. Биз жакта ууруларды эл уулу деп көчөдөн кирбегендер, бир аз чоң иш болсо башын салгандар, жөнөкөй элди менсинбей ырыскысын кыйгандар... Айтор адамдын пейили оңолуу керек го.
0
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан