БИР ҮЙДҮН ЖАЛГЫЗ УУЛУ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛДҮ

2021-жылдын 23-майында жаш жигиттин жансыз денеси өз унаасынын багажынан табылды деген үрөй учурган маалымат тарады. Ага чейин маркум эки күн издөөдө болгон. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрүүгө аракет кылдык.

“КҮЧ КОЛДОНУП ӨЛТҮРҮШКӨН”

Ош ОИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат таратты:

– 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну Ноокат РИИБине 21 жаштагы иниси Б.у.А. 21-май күнү Дэу Ласетти үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Ноокат РИИБ-
инде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 23-май күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Ноокаттын Көк-Жар айылында жайгашкан “Ака-Ука” чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда багаждан дайынсыз жоголду делген Б.у.Анын жансыз денеси табылды. Денеге кароо жүргүзгөн учурда жигиттин күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болду.

Тергөө учурунда шектүү катары Көк-Жар айылынын тургундары 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Эмне себептен өлтүргөндүгүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, аласа-береседен улам чыр чыгып, аягы ушул окуя менен бүткөн. Тергөө иштери жүрүп жатат. Ноокат райондук соту шектүүлөрдү 2 айга камакка алды.

“БИР ҮЙДҮН ЖАЛГЫЗ УУЛУ БОЛЧУ”

Маркумдун ата-энеси кыйын абалда тургандыктан аны жоголду деп арыз жазган атасынын бир тууганы Ильяз Сыдыков окуя боюнча маалымат берди:

– Каза болгон Б.у.Анын ата-энеси мага ага-жеңе болот. Агам менен жеңем Орусияга иштеп кеткендигине байланыштуу иним Б.у.А чоң ата-чоң апасы менен жашап жаткан. Бир үйдүн жалгыз уулу, өзүнөн кийин 3 карындашы бар. Мектепти аяктагандан кийин Ош технологиялык университетине тапшырып окуп жаткан. 2018-2019-жылдары Орусияда иштеп келип, тапкан акчасына машина алган. Анда-санда таксист боло коюп, тыйын-тыпыр таап калчу.

Мен эки үй ары жашайм. 21-май күнү кечки саат 7лерде үйүнөн чыгып кеткен. Ошо боюнча келген жок. Эртеси Ноокат РИИБине арыз жаздым. 23-майда анын жансыз денеси табылды. Биз дагы издеп, таба алган эмеспиз. Милициялар кабар бергенде дароо окуя болгон жерге бардым. Машинасынын ичинен муунтушкан окшойт, колу менен айнектерин, машинанын төбөсүн тырмалап-тытмалаган издер түшүп калыптыр. Эки күн жатып калгандыктан денеси бүктөлгөн абалда катып калыптыр.

“ИЧ-АРА ЭМНЕ ТАЛАШКАНДАРЫ БЕЛГИСИЗ”

– Аны өлтүрдү деп шектелген балдар коңшу Көк-Жар айылынан болушат. Көрүп-билип, саламдашып жүргөн балдар болчу. Иним менен теңтуш болгонун деле билбейм. Бул балдардан мындайды күткөн эмесмин. Шектүүлөр камалганга чейин бирөөсү менен кезигип “акыркы жолу силер менен болгон турбайбы?” десем, “мени жолдон таштап коюп кеткен” деп жооп берди. Иним жакшы бала экендигин айылдагылардын баары билет. Ич-ара эмне талашып, эмне себептен өлтүрүүгө чейин баргандарын билбейм. Эл арасында “акча карыз экен” деген сыяктуу сөздөр жүрүп жатат. Баарын тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Милиция кызматкерлеринен тергөөнү дыкат жүргүзүп, ишти мыйзам чегинде карап беришин талап кылабыз. Инимдин сөөгүн агам менен жеңем Орусиядан келгенден кийин жерге бердик. Учурда ата-энесинин абалы оор.

“БЫЙЫЛ КҮЗДӨ ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ЖҮРГӨН”

“15 жылдан бери дос болчубуз” деген Нуртилек Чийбилов досунун жаман сапаттары жок экендигин айтат:

– Досум жакшы бала болчу. Экөөбүз 15 жылдан бери доспуз. Мектепте эле эмес, университетте да бирге окудук. Ээнбаш балдардан эмес эле. Аны өлтүрдү деп шектелген 2 бала аталаш тууган. Бирөө биз менен бирге футбол ойноп калчу. 21-майда күндүзгү 4төн кечки 6га чейин каза болгон досум менен бирге залда машыкканбыз. Андан кийин үйгө тарап кеткенбиз. Досум саат 20:00дө балдар менен сүйлөшүп, аларга “мени Кубат (өлтүрдү деп шектелгендердин бири, аты өзгөртүлүп берилди) Ноокатка машинаң менен жеткизип кой деп жатат” деген экен. Ошо бойдон жок, телефону да өчүк. Кубаттан сурасак “ага бирөө телефон чалган, ошо жакка кеткен, билбейм” деп койгон. Достор издеп жүргөнбүз. Кубат балдарга кезигип, “Ака-Ука” чайканасынын алдынан машинасын көргөндөй болдум. Ошонукубу же башканыкыбы, барып көрбөйлүбү” деген экен. Барып жансыз денесин табышат. Билбеген адам ушул жерде экен деп айтмак эмес. Каза болгон досумдун апасы 24-майда Орусиядан келмек. Экөө бири-бирин көрүүгө жетишпей калышты. Быйыл машинамды алмаштырып, күзүндө үйлөнөм деп жаткан. Сүйлөшкөн кызы бар болчу.

“ЭКИ БАЛАНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ АЙЫЛДАН КУУЛУП ЖАТАТ”

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Миңбаев менен байланыштык:

– Айыл тургундары чогулуп, аксакалдардын кеңеши менен өлтүрдү делген балдардын үй-бүлөлөрүнө барып, 5 күн аралыгында айылдан чыгып кетүүнү талап кылышкан экен. 20 жаштагысынын ата-энеси Орусияда эмгектенип жаткан. Бала чоң энесинин колунда турчу. Алар көчүп кетүүгө макул болушуптур, бирок көчүшө элек. Ал эми 17 жаштагы бала ата-энеси менен жашачу. Алар үй-бүлөсү менен көчүп кетишиптир. Бирок кайда кеткендерин билбейбиз. Байланыша албай жатабыз.

Экинчи тараптын да оюн чагылдыруу үчүн кылмышка шектүү Т.Жнын чоң апасы менен байланыштык. Бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
uran98
2021-05-31 09:35:54
Эээээээххх
Жазанарды алгыла Кандай шайыр бала эле
+5
XATSAN125
2021-06-01 22:27:22
Иттер бул экоону бекертбакпай атып олтуруш керек ИТ аткандай талаага алып барып ата эненсине айтып коюш керее тигине баланарды комуп алгыла деп
+1
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан