“АБДЫШ-АТА” КОМПАНИЯСЫНЫН “СОЧИДЕГИ СЫРА ДЕҢИЗИ” ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШУУСУ

Кыргыз рыногундагы алкоголу аз жана алкоголсуз суусундуктардын ата мекендик өндүрүүчүсү “Абдыш-Ата” улуттук компаниясы Россиянын ири курорттук шаары болгон Сочиде 2021-жылдын 18-21-май күндөрү өткөн “Пиво” эл аралык форумунун 30 жылдык юбилейине катышты.

“Сочидеги сыра деңизи” эл аралык көргөзмөсү – Россиядагы сыра индустриясынын эң ири адистештирилген көргөзмө иш-чарасы жана Россиянын, КМШнын, Европанын, Азиянын жана Американын сыра өндүрүүчү өнөр жайларынын 170ке жакын алдыңкы өкүлдөрүнүн жолугушчу орду. Форумдун алкагында көбүктүү жана алкоголсуз суусундуктар, сырьё жана жабдуулар боюнча эл аралык профессионалдуу конкурс уюштурулду, сыйлыкка болсо Россиядагы эң объективдүү жана кадыр-барктуу деп бааланган сыйлыктар коюлду жана тапшырылды.

Бул жылы конкурска 50дөн ашык ири завод жана 200дөн ашуун белгилүү көбүктүү суусундуктардын соода маркасы катышты.

Эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу продукцияны өндүргөндүгү үчүн, ошондой эле тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң салым кошкондугу үчүн “Абдыш-Ата” улуттук компаниясы төмөнкү бренддер үчүн 4 алтын медаль менен сыйланды:

“Живое” соода маркасы

“Urban 312” соода маркасы

“Orion Ultra” соода маркасы

“Nitro” соода маркасы

Биздин мамлекетте “Абдыш-Ата” сыяктуу өз керектөөчүлөрүнө кам көргөн жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берген өндүрүштүн табигый жана сапаттуу болушуна басым жасаган компаниянын бар экендигине сыймыктанабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан