(Башы өткөн сандарда)
Анан кимдир бирөө Тилектин бетине катуу тээп салды. Анан дагы бирөө, дагы бирөө... Анын башы сабагынан үзүлө албай жаткан алмадай эле ары-бери чайпалып жатты. Эсин жоготуп койду. Ойгонсо Мерседестин арткы орундугунда баратыптыр. Көңүлү айланып чыкты. Башы чыңалып ооруганына кошулуп зуулдаган ылдамдык заматта көзүн караңгылатып жиберди.
– Кусам!
– Өлтүрөм энеңди! Машинаны булгап көр!
Тилек жылмайып койду да, өзун кармап отурбай эле кусуп салды. Унаа чоң жолдо чайпала түшүп, анан жол жээкке чыкты.
– Өлтүрбөдүңбү, энеңдурайын!- ичиндегилери сыртка чыга качты.
– Башка тепкилебеш керек болчу! Мээм чайкалып калыптыр... Ордумдан козголсом башым айланып жатат!
– Өлтүрүп койбогонума сүйүн!- Бакыт кекиртектен алды аны.
– Өлтүрө албайсың... Акча кайда экенин ким айтат өлүп калсам?- Тилек дагы жылмайды.
– Хе-хе, сен кандай жырткычтын колуна түшкөнүңдү аңдабай жатасың. Тырмактарыңдын алдына ийне сайганда кантип сайрап бергениңди байкабай каласың!
– Эмнеси болсо да аркаңды ойлоп иш кыл! Сен акыры менин колума түшө турган кишисиң, Бакыт! Кийин мен сени өлтүрөмбү же тирүү коёмбу, ал сенин бүгүнкү кадамдарыңдан көз каранды болот. Ойлон жакшылап...
– Хе...- Бакыт шылдың менен күлүп, арттан жете келген милиция унаасын токтотту.
– Бул машинаны мага бергиле,- деди ал жаңы токтогон унаадан чыккан милиционерге. – Менин машинама бул акмак кусуп салды. Ичин тазалап, артымдан айдап баргыла!
Бакыттын жанында турган эки эңгезердей милиционер колу таңылуу турган Тилекти таза унаага жулкулдата салды. Бакыт шаша-буша ачкыч бурап от алдырды. Жумушуна эртерээк жеткенге шашып турат. Жетсинчи... Анан могунун азабын берет! Күзгүдөн бети-башы таанылгыс болуп көгөргөн Тилекти тиктеп койду. Ал эмнегедир жакшы иш кылган кишидей кандайдыр бир белгисиз сүйүнүч менен терезе тиктеп келе жатыптыр.
xxx
Марс менен Мирбек палатада карта ойноп жатышкан. Эшик ачылып кайдан-жайдан эле орто бойлуу орус жигит кирип келди.
– Ма-Марс деген ким?
Экөө тиги жигитти таң кала карап калышты.
– Ма-Марс деген ме-мен!- деди анан Марс шылдыңдай жооп кыла.
– Анда мени уккула! Бүгүнтөн баштап силер экөөң мага иштейсиңер. Эмне болду? Каякка алып кетти? Кайда жатат? Эмне болот? Бардык суроого силерден жооп алам.
Мирбек менен Марс дагы бири-бирин тиктеше түшүштү, анан токтоно албай каткырып башташты. Орус жигиттин кекечтенип сүйлөгөнү, ал аз келгенсип буларга буйрук берип алганы аларга өтө эле күлкүлүү сезилди.
– Эй малыш, сен кимсиң?
– Мен күнүгө силерден Тилек тууралуу отчёт алып турам, уктуңарбы? Макулсуңарбы?
Тилектин ысымын укканда гана Марс тайсалдай түштү. Болбосо суу ичип жаткан чынысы менен коюп жиберейин деген.
– А сен Тилек тууралуу кайдан билесиң?
– Тилек эле эмес, силер тууралуу да билем. Мына, жакшылап уккула,- телефонуна жаздырып алган үндөрдү угузду. Мирбек кубарып чыкты. Тээ биринчи жолу маалымат саткандагысы, андан кийин Марс экөө дагы болор-болбос маалыматты оңбогондой акчага саткандары жазылып калыптыр.
– Эгер менин тапшырмаларымды аткарбасаңар бул аудио жазууларды жетекчиңер угат. Бул силер да Тилекке кошулуп 5-10 жылга соттолосуңар деген сөз. Мен эртең байланышам силерге...
Орус жигит чыкмакчы боло эшикке карай бет алды.
– Брат,- Марстын үнү токтотту аны. – Брат, эмне Тилек кармалдыбы?
– Аны мен силерден эртең сурайм,- деди орус жигит олуттуу. Экөө дендароо болуп отуруп калышты. Асмандан акча түштү деп өздөрүнчө тамашалашып жатышкан буга чейин. Көрсө, өздөрүн өздөрү тузакка түшүрүп берген тура.
– Баары өлдү! Эми кантебиз?- Мирбек көздөрүн алайтып Марска карады.
– Баары жакшы болот, кам санаба! Эгер билсең, биз абдан жакшы абалга кептелдик. Бир жактан бул кекечтен, бир жагынан өзүбүздүкүлөрдөн маалымат жыйнайбыз. Маалымат кимде болсо, ал дүйнөнү башкарат деп жатышпайбы! Көрөсүң го, жанагы акчага биринчи болуп биз жетебиз...
ххх
Сабина бир чекитти тиктеген бойдон отурат. Тизесине башын жөлөп Бекжандын уулу уктап баратат. Бул жерден сыртта күнбү, түнбү айырмалоого болбойт экен. Караңгылык... Автобустун шуулдаган үнү болбосо, башка ашыкча үн да жок. Мындайда ойлор курчайт экен. Өткөн-кеткен күндөр шурудай көз алдына тизилет...
Мурда эмнеге Тилекке жолукпады экен? Балким, алар эрте жолугушканда жашоолору таптакыр башкача болот беле? Эң башкысы жолукту. Жолугушпай өтүп кетишсе анык арман ошондо болмок. Сабина анда Тилектин ким экенин эле эмес, өзүнүн да ким экенин билбей калмак... Ал Тилек менен кошо өзүн тааптыр. Ал муну жакын арада эле түшүндү... Анда кандайдыр бир башкача, мурда сезип көрбөгөн сезимдер пайда болду... Тизесине башын коюп уктап бараткан Айдардын көкүлүн сылап, өзү бир кезде ушундай уулдуу болууну кыялданды. Уулу атасына окшош болот. Бүркүт кабак, адамды жалтанбай тиктеген сулуу жигит болот. Кудум Тилектей... Өз кыялдарына өзү ыраазы боло жылмайып койду.
“Ал келет. Сөзсүз келет. Мен ишенишим керек! Ал мени таштабайт! Экөөбүздүн тагдырыбыз бир!”- деди ал өзүнө өзү.
ххх
Тилекти коркунучтуу кылмышкердей колдорун артка кайрып, башын жер караттырып төбөсүнөн басып алып кирип кетишти.
Бир кездеги кесиптештеринин жарымы аны жалооруй караса, жарымы “келесоо, ушуну көрмөксүң” дегендей кытмыр жылмаюу менен карап жатышты. Коридордун этегиндеги адатта тергөөчүлөр сурак алуучу бөлмөгө алып киришти.
– Суу ичип албасак тамак кургап калды,- деди Тилек.
– Суу?! Ме сага суу, уктуңбу!- ортонун көрсөттү Бакыт.
– Бакыт... Менин азыр эсим оойт. Сурагың токтойт. Ооруканага жатып алам...
– Суу дечи... Жеңишбеков!- кимдир бирөөнү чакырды. Аз өтпөй арык, узун бойлуу жигит пайда болду.
– Жанагы уборщица эженин чакасына толтура суу алып келчи... Ооба, бат-баттан...
Тиги жигит лепилдеп жөнөөрү менен Бакыт тамеки тутантты.
– Эмне кыласың жаныңды кыйнап? Мен азыр сени чала өлүк болгончо сабайм. Акча кайда экенин айт. Кылмышыңды моюнуңа ал. Болду, сен бошсуң!
– Албетте... Кылмышымды моюнума алам. Бирок сен да аласыңбы? Кызмат абалыңдан ашыкча пайдаланганыңды, кармалган кылмышкерди анда өчү бар досуңдун алдына салып берип сабатканыңды моюнуңа аласыңбы? Милициянын катарынан кетесиңби?
– Хей, э-энең...
– Бакыт, экөөбүздүн ордубуз жакында алмашарын унутпа! Сен колуң таңылып, мен жаныңда тамеки түтөтүп турчу күн алыс эмес. Ошон үчүн арыдан-бери бол...
– Андай болушу да мүмкүн эмес!
– Бул жашоодо болушу мүмкүн эмес деген сөзгө ишенгендер дайыма бармагын тиштеп жүрүшөт...
– Жапчы жаагыңды! Эч нерсе баштала электе эле жаның чыга баштады да...
Аңгыча тиги арык жигит чакага мелт-калт кылып суу көтөрүп келди. Бакыт Тилекти ордунан тургузуп, чөгөлөп отурууга аргасыз кылды.
– Суу ичет белең? Мына ич!- Тилектин башын чакадагы сууга ныгырып баса баштады...
(Уландысы кийинки санда)