ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

“ЕВРОВИДЕНИЕ-2021”. ЖЕҢҮҮЧҮ ТОП БАҢГИЗАТЫН КОЛДОНДУ ДЕП АЙЫПТАЛДЫ

Нидерландынын Роттердам шаарында 23-майда "Евровидение-2021" музыкалык сынагынын финалы болуп өттү. Сынакта Италиянын Maneskin рок-тобу жеңүүчү аталды. “Евровидениенин” тарыхында бул Италиянын үчүнчү жеңиши. Акыркы жолу 1990-жылы жеңүүчү болгон.

Италиялык топтун аткаруусундагы Zitti E Buoni ыры калыстардын жана телекөрүүчүлөрдүн берген добушунун негизинде 524 балл алган.

Телекөрүүчүлөр жеңүүчү аталган Maneskin`дин солисти Домиано Давидди “эфирде элдин көзүнчө баңгизат колдонду” деп айыптап чыгышты. Алар муну четке кагып, тесттен өтүүгө даяр экенин билдиришти.

КАРЫЯ АЯЛЫНЫН СӨӨГҮН 12 ЖЫЛ ҮЙДӨ САКТАП, АГА БЕЛЕК ЧОГУЛТУП ЖҮРГӨН

Шотландиянын түштүк-чыгышындагы Абердин шаарында пенсионер Даниэл Маллой аялы Кристинанын сөөгүн 12 жыл үйүндө сактап, ал үчүн белектерди чогултуп жүргөн. Полиция кызматкерлери аялдын денесин текшерүү учурунда табышкан, ал аял COVID-19 илдетине каршы эмдөөгө келбегенинен улам текшерүү уюштурулган.

Маалыматка ылайык, Даниэл Маллойдун туугандары Кристинанын өлүмү жөнүндө билишкен эмес. Алар 77 жаштагы карыя бардык үй-бүлөлүк майрамдарда жалгыз келгендиктен, жубайлар ажырашты деп божомолдошкон. Пенсионер туугандарына жана кошуналарына аялы өзүнүн жакындары менен бирге балалыгы өткөн айылга кеткенин айтып жүргөн. 87 жаштагы Кристинанын каза болгондугу жөнүндө жаңылыктар чыккан учурда пенсионердин тааныштары таң калышкан. Учурда мурунку темир жол кызматкери Даниэл карылар үйүндө жашайт жана үй-бүлөсү менен байланышты үзбөйт. Полиция ага аялынын өлүмү боюнча айып койгон жок, анткени экспертиза аял табигый себептерден улам каза болгонун көрсөттү.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан